Ош облусунда 47 жаранга жөлөкпул мыйзамсыз чегерилгендиги аныкталып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, бул иш Кара-Суу районунун эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжасында аныкталган. Аталган башкармалыктын кызмат адамдары 2023-жылдын июнь айынан 2024-жылы майга чейин муктаж эмес адамдарга жөлөк пул берген деп шектелүүдө. Натыйжада мамлекетке жалпы 1 млн 323 миң 400 сомдук зыян келтирилген. Читать дальше...