Венесуэла Москва, Бээжин жана Тегерандан аскердик жардам сураганы кабарланды
Венесуэланын бийлиги аскер радарларын жана истребител учактарды оңдоого жардам сурап, Орусия, Кытай жана Иранга кайрылды. Каракас Орусиядан ракета сурашы да мүмкүн экенин The Washington Post басылмасы АКШ өкмөтүнүн документтерине шилтеме кылып жазды. АКШ чалгын кызматынын маалыматына караганда, Венесуэланын транспорт министри Рамон Селестино Веласкес октябрь айында Москвага барып, орус президенти Владимир Путинге өзүнүн өлкө башсысы Николас Мадуронун катын берүүгө милдеттендирилген. Маалымдалгандай... Читать дальше...