Ички иштер министрлиги 30-ноябрь – Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүү мезгилинде коомдук тартипти одоно бузуу фактылары катталбаганын, өлкөнүн бардык аймактарында абал туруктуу экенин билдирди. Мындай маалыматты ИИМ 1-декабрда таратты.
Шайлоодо коопсуздук сактоого жалпы 10 миңден ашык милиция кызматкери тартылды. Алар шайлоо тилкелеринин ичинде жана анын сыртында да камсыздап, мыйзам талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөп, шайлоо процессин бузууга багытталган аракеттерге бөгөт коюшту. Читать дальше...