World News in Kyrgyz

Франциянын мурдагы президенти Саркози экинчи күн сурак берүүдө

Француз медиасынын кабарларына караганда, мурдагы президентти антикоррупциялык полициянын офицерлери суракка алып жатышат. Ал түндө үйүндө түнөп, бүгүн кайра Париждеги полиция бекетине келди.


Маалыматтарга караганда Никола Саркозини суракка алуу "ал 2007-жылдагы шайлоо өнөктүгүндө Ливиянын мурдагы диктатору, маркум Муаммар Каддафиден акча алган" деген ырастоолор менен байланыштуу.


"Саркози Каддафиден шайлоо өнөктүгү үчүн акча алган" деген маалыматтар француз медиасында адегенде 2013-жылы жарыяланган жана тергөө ошондон кийин башталган.


Анда теги боюнча француз-ливандык ишкер Зиад Таккиедайн Каддафинин чалгын кызматынын башчысы Абдулла Сенуссиден беш миллион еврону Саркозинин шайлоо штабынын башчысына которуп бергенин айтып чыккан эле.


Франция президентинин кызматында 2007-2012-жылдары турган, 63 жаштагы Саркози мыйзам бузбаганын айтып келет. (UE)

Читайте на сайте