World News in Kyrgyz
Март
2018

Новости за 21.03.2018

Azattyk.org 

Кабулда Нооруздагы жардыруу үчүн ИМ тобу жоопкерчилик алды

Ооган борборундагы бүгүнкү жардыруу үчүн  “Ислам мамлекети” тобу жоопкер экенин бул экстремисттик уюмга байланышы бар “Amaq” жаңылыктар агенттиги кабарлады.  Анын маалыматында жанкечти жардырууну Ооганстандагы диний азчылык болгон шииттер Ноорузду майрамдап жаткан учурда жасаганы айтылат. Ооганстандын Ички иштер министрлиги билдиргендей, андан кеминде 26 кишинин өмүрү кыйылып, 18си жаракат алды. Курмандыктардын көбү жайкын тургундар болгон. Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, алардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кабулда Нооруздагы жардыруу үчүн ИМ тобу жоопкерчилик алды (видео)

Ооган борборундагы бүгүнкү жардыруу үчүн  “Ислам мамлекети” тобу жоопкер экенин бул экстремисттик уюмга байланышы бар “Amaq” жаңылыктар агенттиги кабарлады.  Анын маалыматында жанкечти жардырууну Ооганстандагы диний азчылык болгон шииттер Ноорузду майрамдап жаткан учурда жасаганы айтылат. Ооганстандын Ички иштер министрлиги билдиргендей, андан кеминде 26 кишинин өмүрү кыйылып, 18си жаракат алды. Курмандыктардын көбү жайкын тургундар болгон. Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, алардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн. Читать дальше...

Azattyk.org 

Франциянын мурдагы президенти Саркози экинчи күн сурак берүүдө

Француз медиасынын кабарларына караганда, мурдагы президентти антикоррупциялык полициянын офицерлери суракка алып жатышат. Ал түндө үйүндө түнөп, бүгүн кайра Париждеги полиция бекетине келди. Маалыматтарга караганда Никола Саркозини суракка алуу "ал 2007-жылдагы шайлоо өнөктүгүндө Ливиянын мурдагы диктатору, маркум Муаммар Каддафиден акча алган" деген ырастоолор менен байланыштуу. "Саркози Каддафиден шайлоо өнөктүгү үчүн акча алган" деген маалыматтар француз медиасында адегенде 2013-жылы жарыяланган жана тергөө ошондон кийин башталган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кабулдагы жардыруудан жыйырмадан ашуун киши курман болду

Ооганстандын Ички иштер министрлиги билдиргендей, жардырууну мечит сыртында жанкечти жасаган. Андан кеминде 26 киши мүрт кетип, 18 адам жарадар болду.  Курмандыктардын көбү жайкын тургундар, ал эми бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, алардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн. Жардыруу Ооганстандын борборунун тургундары бүгүн Нооруз майрамын белгилеп жаткан учурда болду. Жанкечти өзүндөгү бомбаны мечитке кирип бара жатып жардырган. (UE)

Azattyk.org 

Көкбөрү: "Достук" менен "Ынтымак" таймашууда

Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданында Нооруз майрамына арналган көкбөрү боюнча республикалык мелдештин финалдык таймашы өтүп жатат. Финалда Оштүн "Достук" жана Таластын "Ынтымак" командалары беттешүүдө. Биринчи айлампадан кийин 1:0 эсебинде "Достук" командасынын оюнчулары алдыга чыкты. Экинчи айлампада "Ынтымактын" оюнчусу улакты тайказанга таштап, эсепти теңдеди.  Алдыда дагы бир айлампа бар. Аталган командалар Нооруз майрамына арналган былтыркы республикалык мелдеште дагы финалда беттешкен. Ал... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жон Хайтен: Орусия канаттуу ракеталарды жасап жайгаштырууну күчөттү

Орусия канаттуу ракеталарын жайгаштырууну күчөткөнү тууралуу АКШнын өзөктүк күчтөрүнүн же стратегиялык командачылыгынын башчысы, генерал Жон Хайтен Сенат комитетиндеги жыйында, 20-мартта билдирди. Бул билдирүү Орусиянын президенти Владимир Путиндин өткөн айдагы жарыясынан кийинки учурга туш келди. Путин анда Федералдык кеңешке кайрылуусунда Орусия өзөктүк куралдын жаңы системаларын, анын ичинде коргонуу системаларынын “бирине да кармалбай турган” баллистикалык жана канаттуу ракеталарды иштеп чыкканын ачыктаган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Израил Сириянын өзөктүк реакторун талкалаганын моюнга алды

Израилдин армиясы Сириянын өзөктүк реакторун 2007-жылы талкалаганын биринчи ирет расмий түрдө моюнга алды. Ал ошондогу абадан урулган сокку Израилге багытталган олуттуу коркунучту жок кылганын жана башкалар үчүн белги болгонун да кошумчалады. Он жыл мурда болгон операция тууралуу Израилдин жаңы билдирүүсү көп жагынан азыр Сирияда аскердик кубатын чыңдап жаткан Иранды эскертүү катары бааланууда. Ирандын Сириядагы туруктуу аскер базаларынын курулушуна каршы чыгып жүргөн Израил өткөн айда ирандык дронду атып түшүрүп... Читать дальше...

Azattyk.org 

Аксаган "Акылдуу шаар"

"Акылдуу шаар" долбоору деген эмне? Анын кандай артыкчылыгы бар? Дүйнөдө бул долбоорду ийгиликтүү ишке ашырган өлкөлөр кайсылар?

Azattyk.org 

Бишкекте жарым тонна боорсок даярдалууда

Бишкекте Нооруз майрамына карата бүгүн боорсок жасоо боюнча рекорд коюу максатын көздөгөн акция өтүп жатат. “Кыргыз айылы” улуттук-этнографиялык комплексинин аймагында уюштурулган иш-чарада он топко бөлүнгөн кыз-келиндер боорсок жасап жарышууда. Ар бир командада он чакты мүчө бар. Жалпысынан 500 килограмм ундан камыр ачытылып берилген. Андан 700 килограмм боорсок чыгат деп болжолдонууда. Уюштуруучулар – "Кыргызстан обондору" радиосу жана “Кыргыз айылы” комплекси. Максат – кыргыздын улуттук тамак-ашын, маданиятын даңазалоо. Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусияда кулчулук киши ылгабайт

Орусияда кыргызстандык мигранттар кантип кулчулукка кабылат? Чет жерде жумушка орношууда эмнелерди эске алыш керек? Орусияда кулчулукка кабылган адамдарга жардам көрсөткөн «Альтернатива» кыймылынын негиздөөчүсү Олег Мельниковдун «Азаттык» менен маеги.

Azattyk.org 

Баткендеги майрамга Тажикстан жана Өзбекстандан коноктор катышты

Нооруз майрамы жер-жерлерде белгиленип жатат. Баткен шаарынын борбордук стадионунда да тамак-аш, кол өнөрчүлүктүн көргөзмөсү уюштурулду. Майрамдык иш-чарага кошуна Тажикстан жана Өзбекстандан расмий өкүлдөр келип катышып, кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттукташты. “Азаттык” радиосунун кабарчысы жеринен маалымдаганына караганда, Өзбекстандын Сох районунун акиминин орун басары Ярматов Хабибулла, Тажикстандын Исфара шаарынын аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары Косими Содир келди.  (JsA)

Azattyk.org 

Түндүк Корея менен үч тараптуу сүйлөшүү өтүшү ыктымал

Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин Түндүк Корея менен үч тараптуу саммит өткөрүү мүмкүн экенин бүгүн билдирди. Ал мындай саммитке бул эки өлкөдөн тышкары АКШ да катышып, Корей жарым аралындагы өзөктүк курал коркунучун жоюу көңүл борборунда болушу керек деп эсептейт.  Мун Чжэ Ин келерки айда Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жолугууну пландоодо. Ал эми АКШнын президенти Доналд Трамп Ким менен майдын этегинде кездеше алаарын билдирген. Сеулдагы расмий өкүлдөр Мун менен Ким жолукчу, эки... Читать дальше...

Azattyk.org 

Исаков: Көчмөндөр оюндарын жогорку деңгээлде өткөрүшүбүз керек

Кезектеги Көчмөндөр оюндары жогорку деңгээлде өткөрүлүшү керек. Мындай талап шаршемби күнү өкмөттө өткөн жыйында коюлду. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, жыйынды премьер-министр Сапар Исаков алып барды.   «Жалпы уюштуруу жагын гана иштеп чыкпастан, бардык техникалык маселелерди, мурдагы оюндардын тажрыйбасын эске алуу керек. Бизде бул үчүн масштабдуу иш базасы бар», – деп белгиледи ал. Быйыл 2-8-сентябрда Ысык-Көлдө Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. (RK)

Azattyk.org 

Бишкекте Дипломатиялык жармаңке өтүп жатат

Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын Тышы иштер министрлиги чет өлкөлүк элчиликтер менен чогуу уюштурган дипломатиялык жармаңке өтүп жатат. Кыргызстандын башкы дипломатиялык мекемеси демилге көтөргөн бул майрамдык иш-чарага 20дан ашуун элчилик менен өкүлчүлүктүн өкүлдөрү катышып, өз улуттук тамак-ашын, кол өнөрчүлүгүн, дизайнердик буюмдарын тартуулап жатышат. Улуттук чыгармачыл жамааттардын концерти да өттү. Иш-чарага өкмөт башчы Сапар Исаков, шаар мэри Албек Ибраимов барып катышты. Бул кайрымдуулук... Читать дальше...

Azattyk.org 

АКШнын Кыргызстандагы өкүлү Ноорузга карата сүмөлөк бышырды

АКШнын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Алан Мельтцер жубайы Анна экөө быйылкы Нооруз майрамына карата өз алдынча сүмөлөк бышырышты. Алардын сүмөлөк бышыруу процесси жана майрамдык куттуктоосу тартылган кыска видео бүгүн элчиликтин "Фейсбуктагы" баракчасына жарыяланды. “Америка Кошмо Штаттарынын элинин атынан жубайым Анна экөөбүз сиздерди Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!” деп айтылат АКШ өкүлүнүн видеокайрылуусунда. Бүгүн Кыргызстан Нооруз майрамын белгилөөдө. (RK)

Azattyk.org 

Ала-Тоо аянтында Нооруз майрамы өтүп жатат

Ушу тапта Бишкектин Ала-Тоо аянтында Ноорузга карата уюштурулган майрамдык иш-чара өтүп жататө. Ага шаар мэри Албек Ибраимов жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев катышып, куттуктоо сөзүн айтышты. Бүгүн Нооруз республиканын бардык аймактарында түрдүү той-тамашанын коштоосунда өтүп жатат.

Azattyk.org 

Ала-Тоо аянтында Нооруз майрамы өтүүдө

Ушу тапта Бишкектин Ала-Тоо аянтында Ноорузга карата уюштурулган майрамдык иш-чара өтүүдө. Ага шаар мэри Албек Ибраимов жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев катышып, куттуктоо сөзүн айтышты. Бүгүн Нооруз республиканын бардык аймактарында түрдүү той-тамашанын коштоосунда өтүп жатат.

Azattyk.org 

АКШнын Кыргызстандагы өкүлү Ноорузга карата сүмөлөк даярдады

АКШнын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Алан Мельтцер жубайы Анна экөө быйылкы Нооруз майрамына карата өз алдынча сүмөлөк даярдашты. Алардын сүмөлөк бышыруу процесси жана майрамдык куттуктоосу тартылган кыска видео бүгүн элчиликтин Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды. “Америка Кошмо Штаттарынын элинин атынан жубайым Анна экөөбүз сиздерди Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!” деп айтылат АКШ өкүлүнүн видеокайрылуусунда. Бүгүн Кыргызстан Нооруз майрамын белгилөөдө. (RK)

Azattyk.org 

Бишкек-Ош жолу: Кыймылга кайрадан чектөө киргизилди

Бишкек-Ош трассасында кайрадан жол кыймылына айрым чектөөлөр киргизилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, туруксуз аба ырайына жана кар көчүү коркунучуна байланыштуу 20-22-мартта Чүйдүн Жайыл районундагы “Сосновка”, Жалал-Абаддын Токтогул районундагы “Арал” жана Талас облусунун Талас районундагы “Өтмөк” постторунда саат кечки 9дан таңкы 6га чейин жол жабык болот. Адистер түнкүсүн бул трассага жолго чыкпоо керектигин эскертип жатышат.

Azattyk.org 

Жээнбеков: Гүлдөп өнүккөн жана кубаттуу мамлекет курабыз

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды бүгүнкү Нооруз майрамы менен куттуктады. “Нооруз эгемен Кыргызстан элинин ынтымагын чыңдап, биримдигин бекемдеп, жаратман эмгегинин кайтарымын арттырсын!” деген президент быйыл да  өлкөнү өнүктүрүү боюнча алдыга чоң максаттар, келечекке багытталган кадамдар жасалып жатканын белгиледи. Ошону менен катар Жээнбеков “Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып,  Кыргызстандын көп улуттуу эли көздөгөн максатыбызга жетебиз, кийинки урпактарыбыз сыймыктангыдай ... Читать дальше...