Жети-Өгүздө тургундар "Ушба" ишканасынан түшүндүрмө талап кылышты
Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районуна караштуу Кичи-Жаргылчак айылынын тургундары "Ушба" ишканасы жасап жаткан иштерге түшүндүрмө талап кылышты. Жашоочулар Сары-Булак өрөөнүндө кварц кенин чалгындоо иштерн жүргүзүлүп жатканынын себептерин сурашты. Жүзгө жакын тургун менен ишкана өкүлдөрүнүн жолугугушуусу кыштактагы маданият үйүндө 13-апрелде өттү.
Айыл эли ал кен чалгындоо иштеринен буга чейин кабарсыз болушканын белгилешти.
"Ушба" ишканасы 2015-жылы мамлекеттик мүлктөн лицензия алган. Анда Кичи-Жаргылчак айылындагы Сары-Булак өрөөнүнөн 135 гектар жерде чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксат берилген.
Айылдыктар бул тууралуу быйыл апрелдин башында кабардар болушканын айтышты. (AsM)