World News in Kyrgyz
Апрель
2018

Новости за 13.04.2018

Azattyk.org 

Айлакер план экен!

"Күлкү кербендин" кезектеги чыгарылышында Кыргызстанда 2018-жылдын башында интернеттеги коомдук тармактар аркылуу таркатылган саясий анекдоттордун бирин сунуштайбыз.

Azattyk.org 

Кыргыз адабияты: Асангул апасынан неге “уялат”?

Жазуучу Жылкычы Жапиевдин чыгармачылыгы акындыктан башталган. Кийин ал кара сөзгө өтүп, бир топ повесть, аңгемелер жаратты. Анын жетишкендиктери мына ушул чакан эпикалык жанрга байланыштуу. Жумшак лиризмге сугарылган мыкты аңгемелери аны кыргыз жазуучуларынын алдыңкы катарына алып чыкты.

Azattyk.org 

"Роскомнадзор" Орусиянын аймагында "Телеграмга" тыюу салды

Орусиянын байланыш, маалымат технологиялары тармагын көзөмөлдөгөн "Роскомнадзор" мекемеси "Телеграм" социалдык түйүнүн өлкө аймагында тыюу салынган сайттардын тизмесине кошту. Мындай маалымат Москва сотунун "Телеграм" тууралуу чечиминен көп өтпөй мекеменин сайтына жарыяланды.  Бүгүн (13-апрелде) Москванын Таганский райондук соту Орусиянын аймагында "Телеграм" социалдык түйүнүн жабуу тууралуу "Роскомнадзордун" өтүнүчүн канааттандырган. Аталган мекеме "Телеграм" Орусиянын атайын кызматына социалдык... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жаңы замандын жардамчылары

Кыргызстанда жумушсуздардын саны азайбаса да, жаштар өз киндигин өзү кесип, бирөөдөн жардам күтпөй эле башкаларды жумуш менен камсыздоого аракет кылууда. "Азаттык+" берүүсү бул жолу ошондой жаштар тууралуу сөз кылат.

Azattyk.org 

Хейли: Сирия өкмөтү 7 жылда 50 жолу химиялык курал колдонгон

АКШнын Бириккен Улуттар Уюмундагы элчиси Никки Хейли Сириядагы жети жылдан ашкан жарандык согушта президент Башар Асаддын өкмөтү кеминде 50 жолу химиялык курал колдонгонун айтты. Ал БУУнун Коопсуздук кеңешинин Сириядагы соңку кырдаалды талкуулаган жыйынында сүйлөп жатып, АКШ президентинин администрациясы алдыдагы кадамдары боюнча акыркы чечимди кабыл ала электигин айтты.  "АКШ жана биздин өнөктөштөрүбүз Сирияда чара көрүүнү чечишсе, ал биз баарыбыз макул болгон принциптерди коргоого багытталмакчы",-деди Хейли. Читать дальше...

Azattyk.org 

БУУнун Коопсуздук кеңеши Сирия маселесин карай баштады

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Орусиянын өтүнүчү менен Сириядагы соңку жагдайды талкуулоого киришти. Бүгүнкү жыйында Орусиянын БУУдагы элчиси Василий Небензя "АКШ, Британия жана Франция Сириянын президенти Башар Асадды бийликтен кетирүүгө жана Москванын мүмкүнчүлүктөрүн чектөөгө белсенип турат" деп айтты. Ал Сирияда орус күчтөрү жүргөнүн эске алганда Жакынкы Чыгыштагы бул өлкөгө багытталган чабуул глобалдык коопсуздук үчүн оор кесепеттерге алып келерин белгиледи.  Коопсуздук кеңешинин... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстандык журналист Шохрух Саипов Түркияга киргизилген жок

Бүгүн (13-апрелде) Чехиянын борбору Прагадан Стамбул аба майданына үй-бүлөсү менен учуп келген кыргызстандык журналист Шохрух Саиповго Түркиянын аймагына кирүүгө уруксат берилген жок. Бул тууралуу учурда “Ататүрк” аба майданында кармалып турган Саипов өзү “Азаттыкка” билдирип, чек ара кызматкерлери аны жубайы жана уулу менен кошо кечки каттам менен Бишкекке жөнөтүүнү чечкенин айтты.  “Паспорт көзөмөлүнөн өтүп жатканда чек ара кызматкерлери жана түрк полициясы менин Түркия аймагына кирүүмө ушул... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстандык журналист Шахрух Саипов Түркияга киргизилген жок

Бүгүн (13-апрелде) Чехиянын борбору Прагадан Стамбул аба майданына үй-бүлөсү менен учуп келген кыргызстандык журналист Шахрух Саиповго Түркиянын аймагына кирүүгө уруксат берилген жок. Бул тууралуу учурда “Ататүрк” аба майданында кармалып турган Саипов өзү “Азаттыкка” билдирип, чек ара кызматкерлери аны жубайы жана уулу менен кошо кечки каттам менен Бишкекке жөнөтүүнү чечкенин айтты.  “Паспорт көзөмөлүнөн өтүп жатканда чек ара кызматкерлери жана түрк полициясы менин Түркия аймагына кирүүмө ушул... Читать дальше...

Azattyk.org 

Коомдук уюм муфтийдин мүлкүнө кызыкты

"Кыргызстан элинин абийирин жана ар-намысын коргоо комитети" аттуу өкмөттүк эмес уюмдун өкүлдөрү 12-апрелде басма сөз жыйынын өткөрдү. Анда уюмдун мүчөлөрү муфтий Максатбек Токтомушевди "ажылыкты уюштурууда коррупцияга жол берген" деп айыптап чыгышты.

Azattyk.org 

"Идеал Хаус" иши: аткаминерлер камалды

Арзан баага жана мыйзамсыз сатылып кеткен деген негизде козголгон "Идеал Хаус" иши боюнча мурдагы жооптуу кызмат адамдары камакка алынды.

Azattyk.org 

ЧЛ: "Реал Мадрид" менен "Бавария" жарым финалда беттешет

Испаниялык "Реал Мадрид" менен германиялык "Бавария" футбол клубу Чемпиондор лигасынын жарым финалында беттеше турган болду. Жума күнү Швейцариянын Ньон шаарында өткөрүлгөн чүчү кулактын жыйынтыгына ылайык, экинчи жарым финалда англиялык "Ливерпуль" менен италиялык "Рома" финалга чыгуу үчүн күч сынашат.  Чемпиондор лигасынын 63 жылдык тарыхында "Реал Мадрид" менен "Бавария" 7-жолу жарым финалда беттешкени турушат. Бул эки команда бир да жолу бири-бирине каршы финалда ойношо элек.  "Ливерпуль" менен "Рома" 1984-жылы финалда беттешип... Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусия: Сирияга сокку урулса чатак ырбайт

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Орусиянын сунушу менен бүгүн чукул жыйынга чогулганы жатат. Пакистандын Жогорку соту мурдагы премьер-министр Наваз Шарифти өмүрүнүн аягына чейин саясий ишмердүүлүктөн четтетти. Эр-Риядда биринчи жолу мода жумалыгы өттү.

Azattyk.org 

Евробиримдиктин элчиси Москвага кайтып барды

Европа Биримдигинин Орусиядагы элчиси Маркус Эдерер үч жумадан кийин кайра Москвага кайтып барды. Британияда мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипал менен кызы Юлия ууландырылгандан кийинки Батыш өлкөлөрү менен Орусиянын ортосундагы чыңалуудан улам Евробиримдиктин элчиси Москвадан Брюсселге кеңешме үчүн чакыртылган.  Ал Москвага 12-апрелде кайтып барганын Евробиримдиктин басма сөз катчысы Мая Косиянчич "Азаттыкка" билдирди.  Орусиялык мурдагы чалгын офицери Сергей Скрипал менен анын кызы Юлиянын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Майк Помпеонун Орусия жана Иран багыты

Кошмо Штаттарда жаңы Мамлекеттик катчыны бекитүү жараяны башталды. Бул кызматка көрсөтүлгөн Майк Помпео Сенат комитетиндеги алгачкы угууда Иран менен өзөктүк келишимди “оңдоо” жана күчтөндүрүү үстүндө иштерин билдирип, Орусияга карата катаал турумду карманарын ишара кылды.

Azattyk.org 

Өкмөт аппаратынын жаңы жетекчиси жана юстиция министри дайындалды

Мурат Мукамбетов Кыргызстандын өкмөт аппаратынын жетекчиси - министри болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка 13-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков кол койгону расмий кабарланды.  Өкмөт аппаратынын мурунку жетекчиси Нурханбек Момуналиевди ишиндеги чекилик үчүн кызматтан алуу жөнүндө премьер-министр Сапар Исаков президентке быйыл 12-мартта сунуш киргизген.  Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен Айнур Абдылдаева юстиция министри болуп дайындалды. Муруңку министри Уран Ахметов өз ыктыяры менен апрелдин башында кызматтан кеткен. Читать дальше...

Azattyk.org 

"Кыргызстан" фракциясы өкмөттүн отчетун колдоду

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалицияга кирген “Кыргызстан” фракциясы Сапар Исаков жетектеген өкмөттүн 2017-жыл үчүн отчетун жактырды. Мындай чечим фракциянын жума күнкү жыйынында кабыл алынды. “Кыргызстан” фракциясы өкмөттүн отчетун жактырган парламенттеги экинчи фракция болуп калды. Эки күн мурда бийликтеги КСДП фракциясы да министрлер кабинетинин бир жыл ичинде кылган иштерин колдогон. Бүгүн оппозициядагы «Республика - Ата Журт» жана «Өнүгүү-Прогресс» фракциялары премьер-министр Сапар Исаковдун... Читать дальше...

Azattyk.org 

Индира Жолдубаева башкы прокурорлуктан бошотулду

Индира Жолдубаева Кыргызстандын башкы прокурорунун кызматынан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 13-апрелде кол койду.  Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлагандай, Жолдубаева Конституциянын 64-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде кызматтан алынды.  Аталган пунктта "Жогорку Кеңештин макулдугу менен башкы прокурорду дайындайт; мыйзамда каралган учурларда Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмесинин макулдугу же болбосо... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Эже-сиңдилер": эркектер арам ойлобосо...

Жумушта кыз-келиндер эркек кесиптеши орой тийишип, жыныстык жакындыкка чакырганда кандай чара көрүшү керек? Эмне үчүн бул маселе кыргыз коомунда ачык талкууланбайт? “Эже-сиңдилер” бул жолу ушул теманы алып чыкты.

Azattyk.org 

Президент Аскарбек Шадиевди кызматтан бошотту

Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Аскарбек Шадиевди биринчи вице-премьер-министр кызматынан бошоткон жарлыкка 13-апрелде кол койду. Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдиргендей, аны кызматтан алуу Конституциянын жана "Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндөгү" конституциялык мыйзамдын эрежелерине ылайык чечим кабыл алынды. Шадиев биринчи вице-премьер-министр кызматынан кетүү жөнүндө арызды 6-апрелде жазган. Ал "Жогорку Кеңеште жоголгон акча боюнча иликтөө акыйкат жана бейтарап... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жети-Өгүздө тургундар "Ушба" ишканасынан түшүндүрмө талап кылышты

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районуна караштуу Кичи-Жаргылчак айылынын тургундары "Ушба" ишканасы жасап жаткан иштерге түшүндүрмө талап кылышты. Жашоочулар Сары-Булак өрөөнүндө кварц кенин чалгындоо иштерн жүргүзүлүп жатканынын себептерин сурашты. Жүзгө жакын тургун менен ишкана өкүлдөрүнүн жолугугушуусу кыштактагы маданият үйүндө 13-апрелде өттү.  Айыл эли ал кен чалгындоо иштеринен буга чейин кабарсыз болушканын белгилешти.  "Ушба" ишканасы 2015-жылы мамлекеттик мүлктөн лицензия алган. Анда Кичи-Жаргылчак... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жалал-Абадда жыл башынан бери кендерге байланыштуу он акция өттү

Жалал-Абад облусунда быйыл жыл башынан бери кендерге байланыштуу он жолу нааразылык акциялары өттү. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Акылбек Мамасейитов 13-апрелдеги басма сөз жыйынында билдирди. Нааразылык митингдери Тогуз-Торо, Чаткал жана Ала-Бука райондорунда болгон.  Ушул өңүттөгү каршылык жыйындарынын бири 11-апрелде Тогуз-Тородо болду. Жүздөгөн адам жыйналып, "Джи Эл Макмал девелопинг" компаниясынын жаңы салына баштаган имараты, курулушка пайдаланылган техника өрттөлдү. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кадыров Путиндин президенттик мөөнөтүн узартууну сунуш кылды

Орусиянын курамындагы Чечен Республикасынын башчысы Рамзан Кадыров орус лидери Владимир Путиндин президенттик мөөнөтүн узартууну сунуш кылды. Ал "Интерфакс" агенттиги менен болгон маегинде Кытайда Си Цзиньпиндин лидерлик кызматта узак убакытка калышына жол ачылганын, Германияда канцлер Ангела Меркел төртүнчү жолу канцлер болуп шайланганын мисал келтирди.  Кадыров Орусиянын парламенти Путин өзү каршы болсо да, анын президенттик мөөнөтүн узартуу тууралуу маселени референдумга коюшу керек экенин айтты. Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкекте абактагы активист Ормуковду колдогон пикет өттү

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров пикетке чыгып, көзү азиз акын Темирлан Ормуковдун камалышын айыптады. Акция 13-апрелде Жогорку Кеңештин алдында өттү.  Токтонасыров көзү азиз акын-активисттин камалышын саясий ката деп баалап, майып адамды кыйноо катары сыпаттады.  - Ормуковдун үстүнөн арызданган депутат Дастан Бекешев менен жолугуп, сүйлөшүүнү каалагам. Бирок ал жолукпады, - деди Токтонасыров.  Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев активисттин пикири туура эмес экенин айтты: - Өндүрүш Токтонасыров менен мурда сүйлөшкөнбүз. Читать дальше...

Azattyk.org 

Ала-Букада аскерлер үчүн "Апамдын ысык наны" акциясы өтүп жатат

Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда жайгашкан аскер бөлүктөрүндө райондогу аялдар кеңештери уюштурган “Апамдын ысык наны” акциясы башталды. Бул тууралуу райондун акиминин орун басары Калчабү Сатимбаева “Азаттыкка” билдирди. 13-апрелде аймактагы Сары-Талаа айылынын аялдар тобу №2030 чек ара тозотунда кызмат өтөп жаткан жоокерлерге ысык тамак, май токочторун  алып барышты. Мындан тышкары, жоокерлер арасында апасына кат жазуу сынагы уюштурулуп, мыкты жазылган катты аялдар тобу өз дарегине жеткирмей болушту. Читать дальше...

Azattyk.org 

Өкмөт башчы базарлардагы өрттө жабыркагандарга жардам берүүнү тапшырды

Премьер-министр Сапар Исаков Бишкек менен Жалал-Абаддагы базарларда болгон өрттөн жапа чеккен ишкерлерди колдоо боюнча тийиштүү органдарга тапшырма берди.  Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Ички иштер министрлигине өрттүн себебин кылдат иликтеп, ага себепчи болгондорду жазалоо милдети жүктөлдү.  Андан тышкары, Сапар Исаков ишкерлерге мамлекет тараптан көмөк көрсөтүүнү вице-премьер-министр Дайыр Кенекеевге тапшырып, анын аткарылышын көзөмөлгө алууга буйрук берди.  Өкмөттүн жыйынында ички... Читать дальше...