Индонезиядагы жардырууда кеминде 9 киши набыт болду
Индонезияда чиркөөдөгү жардырууда каза болгондордун саны 9га жетип, 40тай адам жарадар болду. Бул тууралуу бүгүн Чыгыш Ява провинциясындагы полициянын полковниги Франс Барунгга шилтеме кылып “Стрейтс таймс” басылмасы кабарлады. Маалыматка караганда, жанкечти жардыруучу зат байланган мотоцикл менен чиркөөгө кирип барган. Полиция кызматкерлери экинчи чиркөөнүн алдында машинага коюлган бомбаны зыянсыздандырды. Тартип коргоо органдары үчүнчү чиркөөдө пландалган теракты алдын алганы да кабарланды.
Терроризмге каршы бөлүмдүн расмий өкүлү Ваван Пурвинто кол салуунун артында жергилктүү террористтик топтор турарын журналисттерге билдирди. Ал чиркөөгө жасалган теракт Депок шаарында жайгашкан түрмөдөгү экстремисттердин жакында болгон бунту менен да байланыштуу болушу ыктымалдыгын айтты. (КЕ)