World News in Kyrgyz

Аба ырайы: кар жаайт

Шашылыш билдирүү


Кыргызстанда 14-октябрда мезгил-мезгили менен жаан жаап, Чүй, Талас өрөөндөрүндө карга айланышы мүмкүн. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетет.


Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо мал кармоону кыйындатат.


Абанын температурасы 15-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде -1…-3 градуска түшүп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча жемиштер үчүн коркунучтуу.




14-октябрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондордо туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши мүмкүн.


Абанын температурасы:


Чүйдө түнкүсүн 1...6, күндүз 2...7;


Таласта түнкүсүн 0..5, күндүз 2...7;


Ош, Баткен, Жалал-Абадда түнкүсүн 2...7,, күндүз 10...15;


Нарында түнкүсүн -1...+4, күндүз 10...15;


Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 8...13 градус болот. 


14-октябрда Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, карга айланышы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3°, күндүз 2…4 градус болот.

Читайте на сайте