Садыр Жапаровдун эки тарапкери абактан чыкты
Камактагы саясатчы, парламенттин мурдагы депутаты Садыр Жапаровдун эки тарапкери Эркланбек Тагаев менен Манап Бегишев Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 колониядан бошонуп чыкты. Бул маалыматты Жапаровдун жана анын тарапкерлеринин адвокаты Шарабидин Токтосунов "Азаттыкка" ырастады:
- Экөө мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошонуп чыгышты. Мыйзамда "Мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө" бошотуу деген берене бар. Белгиленген жазанын жарымын өтөгөн болсо жана эч кандай тартип бузбаган учурда бошотулат. Алар өздөрүнө берилген жаза мөөнөтүнүн жарымын өтөп бүткөнүнө байланыштуу убактысынан эрте абактан чыгышты. Булар төрт жылга кесилген. Тергөө абагында отурган бир күнү эки күн деп эсептелинген. Алар жалпы эки жыл бир ай отурушту.
Шарабидин Токтосунов кошумчалагандай, учурда абакта Садыр Жапаровдун дагы эки тарапкери бар. Алардын биринин жаза мөөнөтү аяктап калды. Экинчиси сегиз жылга эркинен ажыратылгандыктан, анын чыгышына дагы убакыт бар. Экөө тең №27 колонияда кармалууда.
Быйыл июнда Жогорку сот беш жыл мурда Караколдогу "митингди уюштурган, ошол кездеги губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алган" деген айыптын негизинде камалган саясатчы Садыр Жапаровду он бир жыл алты айга кескен Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырган.
Садыр Жапаров муну бийликтин куугунтугу катары баалап, "соттор саясий буюртманы аткарып жатышат" деп билдирген.
Жапаров 2017-жылы 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан кармалып, УКМКга алынып келинген. Ошол эле күнү УКМК алдында топтолгон анын тарапкерлери милиция менен тирешип, кармалган жүздөй адамдын он экиси камакка алынган. Арасында Садыр Жапаровдун баласы жана бир тууган агасы бар. Аларга Кылмыш кодексинин 341 (бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү), 234 (бейбаштык) жана 174 (башка мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу) беренелери боюнча айып тагылган. Бүгүнкү күнгө чейин ошол кезде кармалган он эки кишинин 10у абактан чыкты. (NT)