World News in Kyrgyz
Ноябрь
2018

Новости за 21.11.2018

Azattyk.org 

Меркел БУУнун талаштуу миграция келишимин колдоду

Германиянын канцлери Ангел Меркел бир катар өлкөлөр сындаган Улуттар Уюмунун миграциялык келишимин колдоду. Канцлер документ миграциялык кризисти чечүүгө туура жол экенин, көйгөйдү "эл аралык биргелешкен аракет аркылуу гана жөндөөгө мүмкүн" деп белгиледи. Бул тууралуу "Reuters" агенттиги кабарлады. Меркел ушул тапта дүйнөдө 70 миллиондон ашуун качкын бардыгын, алардын жарымы балдар экенин эске салды. Бозгундар - дүйнөнүн ар кайсы тарабындагы 200дөн ашуун чыр-чатактан башын ала качып чыккандар.... Читать дальше...

Azattyk.org 

Сакалчан ырчы сахнадан сүрүлдү

Өзбекстанда ырчы жана обончу Санжар Жавбердиев мамлекеттик мекеме лицензия алуу үчүн сакалдан "арылууну" талап кылганын айтып чыкты. Кошуна өлкөдө ырчылар бир жылга берилчү лицензиясы бар болсо гана чыгармачылык менен алектене алышат.

Azattyk.org 

Мезгилди жеңип өткөн Айтматов

Адамдын улуулугу ушунда: бардык жан-жаныбардын ичинен бир гана адам баласы көз ирмемди түбөлүккө айланта билет. (И. В. Гете)

Azattyk.org 

Президент экстерди чогултту: кийинки кадам кандай?

Президент Сооронбай Жээнбеков мурдагы өкмөт башчылары жана парламент төрагаларын чогултуп, Кыргызстандагы саясий кырдаалды талкуулады. Президенттин бул кадамы чын эле кыргыз коомчулугун, анын ичинде саясий күчтөрдү бириктирип, өнүгүүгө карай багыт алуу максатыбы?

Azattyk.org 

Кабулда чабуулда өлгөндөрдүн саны 55ке жетти

Ооган бийлиги Кабулдагы кол салуунун артында тургандарды аныктоо аракетин көрүп жатат. Кеминде 55 кишинин өмүрү кыйылган жардыруу диниятчылардын жыйыны өтүп жаткан чакта болгон. Шейшемби күнү Уламалар кеңеши Мухамед пайгамбардын туулган күнүн белгилөө үчүн Ооганстандын булуң-бурчунан суннилердин диний аалымдарын Кабулга чакырган. Бүгүнкү күнгө карай айтылган маалыматка ылайык, бери дегенде 55 киши каза таап, дагы бир топ киши жарадар болду. Коопсуздук органдары бул кандуу терактты ким уюштурганын аныктоо менен алек. Читать дальше...

Azattyk.org 

Москва мэри: Мигранттар көзөмөлдө

Кабулда Мухаммед пайгамбардын туулган күнүндө, диниятчылар чогулган жердеги жардыруу иликтенүүдө. Туристтерге кол салуу боюнча Тажикстанда 15 киши жоопко тартылды. Айыпкерлердин анабашы эң катаал жаза алды. Москванын мэри мигранттар арасында кылмыштуулук азайганын билдирди. Швейцарияда уйлардын укугуна байланыштуу референдум өткөнү жатат.

Azattyk.org 

Киев Евромайдан окуяларын эскерүүдө

Украинада Евромайдан окуяларынын башталганына беш жыл болду. 2013-жылы 21-ноябрда украиналыктар ошол кездеги президент Виктор Януковичтин бийлигине каршы көтөрүлгөн. Үч айга созулган нааразылык акциялары учурундагы полиция менен элдин кагылышынан 100дөй киши курман болгон.

Azattyk.org 

Мадумаров: Биздикилерге акыл кеч кирет

"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров бүгүн, 21-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан басма сөз жыйынында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин акыркы айткандары тууралуу комментарий берди. Ал мурдагы президенттин билдирүүлөрүн "кечиккен өкүнүч" деп баалады.

Azattyk.org 

"Ата Мекен" президентке кайрылды

Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңеште басма сөз жыйынын өткөрүштү. Алар партиянын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароону өтүнүп, президентке кайрылуу кабыл алышты.

Azattyk.org 

Түркия журналисттин өлүмүн иликтөөгө канааттанбайт

Түркия журналист Жамал Хашогжинин (Хашогги) өлүмүн иликтөөдө Сауд Арабиясы менен кызматташтыкка канааттанбай жатат. Түрк тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу 20-ноябрда Вашингтондо АКШнын мамкатчысы Майк Помпео менен жолукканда "маселе туңгуюкка такалса, иликтөөнү колго алууну Улуттар Уюмунан расмий өтүнүшүбүз ыктымал" деди. Ал америкалык кызматташы менен Хашогжи тууралуу иликтөөнүн акыркы маалыматтарын бөлүшкөнүн кошумчалады. Журналист Хашогжи 2-октябрда Саудиянын Стамбулдагы башкы консулдугунда өлтүрүлгөн. Читать дальше...

Azattyk.org 

Мунапыс боюнча мыйзам кабыл алынса абактагы миңдей адамга жеңилдик берилет

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттар тобу сунуш кылып жаткан “Мунапыс берүү жөнүндө” мыйзам ишке кирсе абактардагы миңдей адамдын көбүнө боштондук берилип, жаза мөөнөттөрү кыскарышы мүмкүн. Бул тууралуу "Азаттыкка" мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, депутат Исхак Масалиев билдирди. Анын айтымында, ушул күндөрү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин ичинде талкууда турат. ​ ... Читать дальше...

Azattyk.org 

Коомдук пикир "куданы" иштен кетирди

Социалдык тармактардагы кызуу талкуудан кийин Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин агасы Ыктыярбек Абжалиев "Мегаком" ишканасындагы кызматынан кетти.

Azattyk.org 

Орусия Интерполдо утулду

Эл аралык полиция уюму - Интерполдун жаңы президенти болуп, Түштүк Кореянын өкүлү Ким Чон Ян шайланды. Муну менен бул уюмдун башчылыгына Орусия көргөзгөн жана ал түрткөн талапкер өткөн жок.

Azattyk.org 

Садыр Жапаровдун эки тарапкери абактан чыкты

Камактагы саясатчы, парламенттин мурдагы депутаты Садыр Жапаровдун эки тарапкери Эркланбек Тагаев менен Манап Бегишев Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 колониядан бошонуп чыкты. Бул маалыматты Жапаровдун жана анын тарапкерлеринин адвокаты Шарабидин Токтосунов "Азаттыкка" ырастады: - Экөө мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошонуп чыгышты. Мыйзамда "Мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө" бошотуу деген берене бар. Белгиленген жазанын жарымын өтөгөн болсо жана эч кандай тартип бузбаган учурда бошотулат. Алар... Читать дальше...

Azattyk.org 

Султан Ибраимовго "Кыргыз Республикасынын баатыры" наамы берилет

Белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимов "Кыргыз Республикасынын баатыры" деген ардактуу наамга татыктуу. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-ноябрда Бишкекте Султан Ибраимовдун 90 жылдыгына арналган иш-чарада билдирди. Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү кабарлагандай, Жээнбеков тиешелүү жарлыкка кол койгонго даяр экенин айтты. Ал Ибраимовго бул наамды ыйгарууну туура деп эсептей турганын, бирок бул үчүн парламент 2017-жылы кабыл алынган мыйзамга өзгөртүү киргизиши керектигин белгиледи. Читать дальше...

Azattyk.org 

22-ноябрдын аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидрометеорология агенттиги билдиргендей, 22-ноябрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондоруна да кар түшөт.  Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорун туман каптайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрден,  Нарын облусунда жана Ысык-Көлдө 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6... Читать дальше...

Azattyk.org 

Тажикстанда туристтерди өлтүргөн киши өмүр бою кесилди

Шаршембиде Тажикстандын Жогорку соту чет өлкөлүк туристтерди өлтүрүүгө негизги айыпкер болуп табылган Хусеин Абдусамадовду өмүр бою эркинен ажыратты. Ага "Терроризм", "Мыкаачылык менен киши өлтүрүү" өңдүү тогуз оор берене менен айып коюлган. Абдусамадов Дангарада бараткан велосипедчендерге чабуул койгон топтун анабашы экени айтылат. Эки айыпкер 16 жылдан эркинен ажыратылды.  Дагы 12 киши 1-1,5 жылдан абакка кесилди. Бул окуя боюнча 17 кишинин үстүнөн сот иши октябрда башталган. Абдусамадов кол салгандардын ичинен жалгыз тирүү калган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Мадумаров: президенттик шайлоонун мыйзамдуулугуна доо кетти

"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров бүгүн, 21-ноябрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин айткандарына комментарий берди. Анын пикиринде, Атамбаев бийликке өтө катуу доомат койду. - Бул бүгүнкү күндөгү бийликтин бетине маданияттуураак айтканда, аябагандай катуу чиркөө болот, - деди ал. - Кыргызстандын бийлигинин эл аралык деңгээлдеги кадыр-баркына, экинчиден, президенттик шайлоонун мыйзамдуулугуна доо кетти. Эң катуу айтылган сөз - "сүйрөп келдим эле" дегени. Читать дальше...

Azattyk.org 

Украина: Майдандагы революциянын беш жылдыгы белгиленип жатат

Киевдин борборунда адамдар курман болгондорду эскерип, атайын тургузулган эстеликке гүл коюшту. Ошондой эле студенттердин «Эстейбиз» деген жүрүшү уюштурулат. 2013-жылдын 21-ноябрында Украинада саясий бийликти алмаштырган ыңкылап башталган. Нааразылыкка чыккандар бийликтен Евробиримдик менен ассоциациялык макулдашууга кол коюуну талап кылышкан. Кагылыштарда 100дөн ашуун киши курман болгон. Украинанын экс-президенти Виктор Януковичке "куралсыз элди атууга тиешеси бар" деген айып тагылган. Өлкөдө... Читать дальше...

Azattyk.org 

Нарын: Депутаттын "белеги" оңдоого муктаж

Депутат Камчыбек Жолдошбаев Ак-Талаа районундагы Кайыңды-Булак айылындагы кезинде менчиктеп алган союздан калган автобазаны мектепке бердим деп шардана кылды. Эл өкүлү 30 жылга жакын каралбай калган эски имаратты 200 млн. сомго баалады. Дегеле бул айылда мектептин жаңы имаратына болгон таңкыстык канчалык?

Azattyk.org 

КТРКдагы айдоочулардын талабы

Коомдук телерадиокорпорациянын (КТРК) айдоочулары бүгүн, 21-ноябрда жарым күн иш таштады. Коомдук каналдын айдоочусу Арсланбек Курмановдун "Азаттыкка" айтымында, нааразылык КТРКнын Автотранспорт цехинин жетекчиси Рерих Абакировдун иштен алынганына байланыштуу чыккан. Нааразы тарап каналдын жетекчилиги аны негизсиз эле жумуштан алганын айтып жатат. Ал эми каналдын башкы директоу Илим Карыпбеков аталган ишкананы атайын комиссия текшерип жатканына байланыштуу Рерих Абакиров убактылуу эле иштен четтетилгенин билдирди. Читать дальше...

Azattyk.org 

Илим Карыпбеков айдоочулардын талабын орундатты

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) башкы директору Илим Карыпбеков айдоочулардын иш таштоосу тууралуу расмий маалымат таратты.  Ал кол алдындагылардын ишке чыгуудан баш тартканын ырастап, нааразы тарап менен жолугуп, алардын талаптарын укканын билдирди. Ошондой эле гараждын башчысы Рерих Абакиров кызматтык териштирүүгө байланыштуу иштен убактылуу четтетилгенин, нааразылыктан кийин бул чечим жокко чыгарылганын кабарлады.  "КТРК жана ага караштуу РРТЦ түзүмдүк мекемесинин автотранспорттук... Читать дальше...