World News in Kyrgyz

ИИМ: уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү ишкерден акча талап кылган

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы ишкерден опузалап акча талап кылды деп шектелип бир нече киши кармалганын кабарлады.


Милициянын маалыматына ылайык, 2017-жылы сентябрь айында 25-35 жаштагы жети киши ишкерди машинеге салып, Ала-Арча капчыгайына алып барып, уруп сабашкан. Ошондой эле ишкердин жакындарынан бир нече сааттын ичинде 160 миң долларды алып келүүсүн талап кылышкан. 




Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренеси ("Адам уурдоо"), 125-беренеси ("Жарандын эркиндигин чектөө"), 170-беренеси ("Опузалоо") менен иш козголду. Кармалган шектүүлөрдүн ичинен милицияда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары тизмеде турган жарандын иши өзүнчө бөлүнүп тергелет. Ага буга чейин издөө жарыяланган болчу. (TSh)

Читайте на сайте