World News in Kyrgyz
Декабрь
2018

Новости за 13.12.2018

Azattyk.org 

АКШ түрмөсүндөгү Мария Бутина күнөөсүн мойнуна алды

Кошмо Штаттар "Орусиянын кызыкчылыгын мыйзамсыз сүрөгөн" деп айыптаган орус жараны Мария Бутина чет элдик агенттер жөнүндө америкалык мыйзамды бузганын мойнуна алды. Ал тергөө менен кызматташууга макул болгонун Reuters агенттиги кабарлады.  Бутина өзүнө коюлган айыптардын бирин гана моюнуна алды. Калган айыптарды, анын ичинде "Орусиянын кызыкчылыгын мыйзамсыз сүрөгөн" дегенди четке какты.   Ушул тапта Бутина беш жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бирок прокуратура менен кызматташса жазасы дагы жеңилдеши мүмкүн. Читать дальше...

Azattyk.org 

Йемен: Жаатташкандар Ходейда порту боюнча кепке келишти

Йемендеги жаатташкан тараптар Ходейда порту боюнча кепке келишти. Йемен өкмөтүнүн делегациясы менен шиит жамааты Улуттар уюму ортомчу болуп, Швецияда өтүп жаткан сүйлөшүүлөрдө төрт жылдан берки согушту басууну макулдашты. Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттереш Кызыл деңиздеги Ходейда порту өлкөнүн үчтөн эки бөлүгүн кыймылдатып турарын, ок атышууну токтотуу миллиондогон элге жардам жеткирүүгө жол ачарын белгиледи.   Гуттерештин айтканына караганда, макулдашуу «провинциянын жалпы аймагында... Читать дальше...

Azattyk.org 

Страсбургда полиция атайын операция баштады

Француз полициясы Страсбургда курал колдонуу менен атайын операция баштаганын "Reuters" агенттиги кабарлады. Полиция Нойдорф районундагы бир нече үйдү тинтүүгө киришти. Изделип жаткан Шериф Шевкат операция жүрүп жаткан жерде бар-жогу азырынча белгисиз. Ички иштер министри Кристоф Кастанердин айтымында, шектүү мурда ушул райондо жашаган. Полиция Страсбургдагы кол салуу боюнча шек саналган Шариф Шефкат аттуу адамды издеп жатат. Коопсуздук органдары анын сүрөтүн жарыялашты. Маалыматка караганда... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кытай Канаданын эки жаранын кармады

Канаданын эки жараны-Майкл Ковриг менен Майкл Спавор "Кытайдын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирген ишмердүүлүк жүргүзүүгө" шектелүүдө.

Azattyk.org 

УКМК: Башкы штабдын кызматкери пара менен кармалды

Башкы штабдын кызматкери пара менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, бүгүн 13-декабрда ыкчам издөө иштеринин натыйжасында 18 миң сом пара алып жаткан жеринен Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын коменданттык кызматынын бөлүм башчысынын орун басары колго түшүрүлдү. УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын материалдарынын негизинде аскердик прокуратура кылмыш ишин козгоп, тергөө башталды. (RK)

Azattyk.org 

Арменияда өткөн шайлоо, Казакстанда күтүлгөн шайлоо

Арменияда бийлик сереси толук ыңкылапчыл күчтөргө өттү. Парламенттик шайлоо учурунда добуш сатып алмай, элди добушканага ташып келмей, басым жасамай жок болду деп жатышат. Мунун сыры эмнеде? Казакстанда расмий билдириле элек, бирок мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөт деген пикирлер күчөдү.

Azattyk.org 

"Кара тизмеден" 5,5 миң кыргыз чыгарылды

Орусияда жарыяланган миграциялык мунапыстын алкагында өлкөгө кирүүгө тыюу салынган беш жарым миңдей Кыргызстан жараны "кара тизмеден" чыгарылды. Түркияда жогорку ылдамдыкта жүрүүчү поезд кырсыкка кабылып, тогуз киши мерт болду, дагы 48 адам жаракат алды.

Azattyk.org 

Орус учактарынын Венесуэлага барышы сынга алынды

Орусиянын өзөктүк курал алып жүрүүчү учактарынын Венесуэлага барышын Америка Өлкөлөрүнүн Уюму сынга алды. Анын билдирүүсүндө мындай аракет Венесуэланын өз конституциясына каршы келери да айтылат.

Azattyk.org 

Орус учактарынын Венесуэла сапары сынга алынды

Орусиянын өзөктүк курал алып жүрүүчү учактарынын Венесуэлага барышын Америка Өлкөлөрүнүн Уюму сынга алды. Анын билдирүүсүндө мындай аракет Венесуэланын өз конституциясына каршы келери да айтылат.

Azattyk.org 

Өзбекстанда мурдагы башкы прокурордун иши иликтенип бүттү

Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору Рашид Кадыров баштаган 24 аткаминерге козголгон кылмыш ишин иликтөө декабрдын башында аягына чыкты. Кадыров "Акча талап кылуу", "Кызматтык ыйгарым укуктарды кыянат пайдалануу" жана "Пара алуу" беренелери боюнча айыпталып жатканы маалымдалган. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, "Кадыровдун ишине" байланыштуу 24 киши кармалган. Алардын көбү - прокуратуранын мурдагы кызматкерлери.    Айыпталып жаткандардын биринин адвокаты иш менен таанышууга 25-декабрга чейин мөөнөт берилгенин айтты. Читать дальше...

Azattyk.org 

Француз полициясы кылмышка шектүү Шефкатты издеп жатат

Француз полициясы Страсбургдагы кол салуу боюнча шек саналган Шариф Шефкат аттуу адамды издөөнү улантып жатат. Коопсуздук органдары анын сүрөтүн жарыялашты. Маалыматка караганда, 29 жаштагы Шариф буга чейин ар кандай мыйзамсыз иштери үчүн Францияда 27 жолу жоопко тартылган. Ал тургай бир нече жыл мурда Германияда уурулук кылганы үчүн түрмөдө отурганы ырасталды.  Страсбург шаарында куралчан адам 11-декабрдын кечинде базардын жанында ок аткан. Андан үч кишинин өмүрү кыйылган. Булардан тышкары 12 киши бычак тийип жарадар болгон. Читать дальше...

Azattyk.org 

Түркияда поезд кырсыкка учурады

Түркияда ылдам жүрүүчү поезд кырсыкка кабылып, тогуз киши мерт болду, дагы 48 адам жабыркады. Өлгөндөрдүн арасында поезддин үч машинисти да бар. Кырсыкка учураган поездде 200дөй жүргүнчү болгон.

Azattyk.org 

Экс-президенттин кол тийбестигин алчу мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү

“Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзам долбоору бүгүн, 13-декабрда Жогорку Кеңеште биринчи окууда колдоо тапты. Мыйзамга 100 депутат “макул”, эки депутат “каршы” добуш берди.  Документте экс-президенттин кол тийбестигин алып салуу маселеси каралган. Мыйзамдын авторлорунун бири, депутат Курманкул Зулушев парламентте мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча баяндама жасады. - Эгер мыйзам долбоору кабыл алынып, үч окууда өтүп калса кандай укук беребиз - силер чечесиздер. Читать дальше...

Azattyk.org 

Ош: президентке берилген сый тамактын чуусу

Президент Сооронбай Жээнбековдун Оштогу иш сапарында уюштурулган сый тамактын чуусу эми чыга баштады. Шаардык санэпидстанция кызматкерлери президент баш болгон саясатчыларды жасалма документтүү адамдар тейлегенин айтып чыгышты. Алар жооптуу кызмат адамдары катышкан сый тамакты тейлеген студенттердин санитардык китепчелерин жасалмалаган деп, Ош шаардык СЭСтин башкы дарыгерин айыпташууда. Сейитбек Курбаназаров аттуу кызматкер "Азаттыкка" кайрылып, Оштогу "Динат" аттуу ресторанда президент катышкан... Читать дальше...

Azattyk.org 

Оштогу сый тамактын чуусу

Президент Сооронбай Жээнбековдун Оштогу иш сапарында уюштурулган сый тамактын чуусу эми чыга баштады. Шаардык санэпидстанция кызматкерлери президент баш болгон саясатчыларды жасалма документтүү адамдар тейлегенин айтып чыгышты. Алар жооптуу кызмат адамдары катышкан сый тамакты тейлеген студенттердин санитардык китепчелерин жасалмалаган деп, Ош шаардык СЭСтин башкы дарыгерин айыпташууда. Сейитбек Курбаназаров аттуу кызматкер "Азаттыкка" кайрылып, Оштогу "Динат" аттуу ресторанда президент катышкан... Читать дальше...

Azattyk.org 

Сулайманов: Транспорт жана жолдор министрин текшерүү керек (видео)

Бүгүн, 13-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов Башкы прокуратурага транспорт жана жолдор министринин пара менен кармалган орун басарынын ишин жана министр Жамшитбек Калиловдун ал боюнча маектерин текшерүүнү сунуштады. - Транспорт жана жолдор министри адегенде “мен буга таң калып жатам” деп интервью берген. Ал эми кечээ премьер-министр “министр бизге маалымат берген. Биз билгенбиз” деп айтып жатат. Министр өзү да экинчи интервьюсунда “бул боюнча маалыматты премьер-министрге, күч органдарына айткам” деп жатат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Сулайманов: Транспорт жана жолдор министрин текшериш керек (видео)

Бүгүн, 13-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов Башкы прокуратурага транспорт жана жолдор министринин пара менен кармалган орун басарынын ишин жана министр Жамшитбек Калиловдун ал боюнча маектерин текшерүүнү сунуш кылды. - Транспорт жана жолдор министри адегенде “мен буга таң калып жатам” деп интервью берген. Ал эми кечээ премьер-министр “министр бизге маалымат берген. Биз билгенбиз” деп айтып жатат. Министр өзү да экинчи интервьюсунда “бул боюнча маалыматты премьер-министрге, күч органдарына айткам” деп жатат. Читать дальше...

Azattyk.org 

ИИМ: уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү ишкерден акча доолаган

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы "ишкерден опузалап акча доолады" деген шек менен бир нече киши кармалганын кабарлады. Милициянын маалыматына ылайык, 2017-жылы сентябрь айында 25-35 жаштагы жети киши ишкерди машинеге салып, Ала-Арча капчыгайына алып барып, уруп-сабаган. Ошондой эле ишкердин жакындарынан бир нече саат ичинде 160 миң долларды алып келүүнү талап кылышкан.  Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренеси ("Адам уурдоо"), 125-беренеси ("Жарандын эркиндигин чектөө"), 170-беренеси ("Опузалоо") менен иш козголду. Читать дальше...

Azattyk.org 

ИИМ: уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү ишкерден акча талап кылган

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы ишкерден опузалап акча талап кылды деп шектелип бир нече киши кармалганын кабарлады. Милициянын маалыматына ылайык, 2017-жылы сентябрь айында 25-35 жаштагы жети киши ишкерди машинеге салып, Ала-Арча капчыгайына алып барып, уруп сабашкан. Ошондой эле ишкердин жакындарынан бир нече сааттын ичинде 160 миң долларды алып келүүсүн талап кылышкан.  Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренеси ("Адам уурдоо"), 125-беренеси ("Жарандын эркиндигин чектөө"), 170-беренеси ("Опузалоо") менен иш козголду. Читать дальше...

Azattyk.org 

Түркия: темир жол кырсыгынан тогуз киши көз жумду

Түркияда ылдам жүрүүчү поезд кырсыкка кабылып, тогуз киши мерт болду, дагы 48 адам жаракат алды. Кырсык Анкаранын башкы темир жол вокзалынан сегиз чакырымдай жерде жайгашкан Маршандиз темир жол станциясында болду. Ылдам поезд Анкарадан Конья шаарына бара жаткан. - 48 жүргүнчү ооруканаларга жаткырылды. Бир киши ооруканада көз жумду. Ошондо бул кырсыктан жалпы тогуз киши мерт болду, - деди кырсык болгон жерге келген транспорт министри Жахид Турхан. Анкара-Конья каттамындагы поезд негизи Маршандиз станциясына токтобойт. Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусия: Террорчуларды колдогон жети киши кармалды

Орусиянын бийлиги "Жакынкы Чыгыштагы экстремисттик эки уюмду каржылык жактан колдоп турушкан" деген шек менен жети киши кармалганын билдирди. Тергөө комитети 13-декабрда тараткан маалыматка ылайык, Москва облусунда, Чеченстанда, Дагестанда жана Ингушетияда кармалган жарандар радикалдык исламды жактап, 2010-жылдан ушул күнгө чейин «Ислам мамлекети» жана «Жебхат-Ан-Нусра» террордук уюмдарынын катарында согушуп жүргөн жоочулардын эсебине 38 миллиондой рубль которушкан. Алар муну банк аркылуу ишке ашырышкан. Читать дальше...

Azattyk.org 

Иранда абакта ачкачылык кармаган активист көз жумду

Иранда социалдык медиада маалымат жазганы үчүн абакка кесилген саясий активист көз жумду. Саяди Насири ачкачылык кармай баштагандан 50 күндөн кийин жарыкчылык менен кош айтышканын үй-бүлөсү кабарлады. Насиринин карындашы "Азаттыктын” "Фарда" кызматына билдиргендей, активист Кум шаарындагы ооркунада 12-декбарда үзүлгөнүн бийлик өкүлдөрү кабарлашкан. Анын айтканына караганда, агасы Кумдагы шарты катаал түрмөдөн Тегерандагы Эвин абагына которууну талап кылып, ачкачылык кармай баштаган.  Насири 2015-жылдын... Читать дальше...