World News in Kyrgyz

Улуу Ата Мекендик согуштун дагы бир ардагери көз жумду

Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун дагы бир ардагери акыркы сапарга узатылды. Жалал-Абадда согуштун жана ИИМдин ардагери Гаваз Мингараев 95 жаш курагында көз жумду.


Маркумду акыркы сапарга узатуу иш-чарасына шаардын мэри Мураталы Тагаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. 


Мингараев 1924-жылы Татарстанда туулган. Согуштан кийин Кыргызстанга келип, Жалал-Абад шаарында жашап калган. Ал Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгын жетектеген. Үч кыз, эки уулу Орусияда жашайт. 


Шаарда согуштун беш жана ооруктун төрт ардагери калды.


1941-1945-жылдары фашисттик Германияга каршы согушка Кыргызстандан 365 миң адам катышкан, алардын 100 миңи согуш майданында каза болгон.


Былтыркы маалыматка караганда, Кыргызстанда 400дүн тегерегинде гана ардагер калды. (RsK)

Читайте на сайте