World News in Kyrgyz
Март
2019

Новости за 13.03.2019

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик жетекчилери жолду ачуу боюнча сүйлөшүүдө

Мамлекеттик чек ара кызматы 13-марттагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал тууралуу жаңыртылган маалымат таратты.  "Эки өлкөнүн чек арачылары, облус башчылары, жергиликтүү укук коргоо органдары Баткен районундагы Ак-Сайда жана Төрт-Көчөдө жабылган жолдорду ачуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө" деп айтылат Чек ара кызматынын маалыматында. Учурда тажик тарап жапкан Баткен районунун Төрт-Көчө аймагындагы жол (Ош-Исфана жолу) жана кыргыз жарандары тосуп алган Ак-Сай айылындагы жол (Тажикстандын Варух анклавына барган жол) ачыла элек. Читать дальше...

Azattyk.org 

Чек ара жаңжалында бир тажик жараны өлгөнү кабарланууда

“Азаттыктын” тажик кызматынын жазганына караганда, 13-марттагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан бир адам көз жумуп, 20дай киши жаракат алган. Мерт болгон адам Тажикстандын Исфара районунун Кожоало айылынын тургуну экени кабарланууда. Бул тууралуу атын атагысы келбеген тажикстандык жаран билдирген. Чырдан жабыр тарткан Кожоало айылынын дагы үч тургуну Исфара шаарындагы ооруканага жөнөтүлгөн.    Ал эми Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын чек арада болгон жаңжал тууралуу жаңыртылган... Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусия: базардагы рейддерде ондогон мигранттар кармалды

Орусиянын башкалаасындагы "Москва" жана "Садовод" базарларында 11-марттын түнү болгон рейд 12-мартта "Фуд сити" дүң базарында уланды. Текшерүү жана кармоолорго полиция менен кошо Орусия гвардиясынын жоокерлери тартылган. Күбөлөр кармалгандардын көбү борбор азиялык мигранттар экенин, күч кызматкерлери документтердин бар-жогуна карабай аларды полиция бөлүмдөрүнө жеткиришкенин айтышты. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москва базарында кармалган 50гө жакын кыргызстандык жаран документтери текшерилгенден кийин кое берилгенин билдирди. Читать дальше...

Azattyk.org 

АКШ: Адам укуктары боюнча жылдык баяндама жарыяланды

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео дүйнөдөгү адам укуктарынын абалына сереп салган жылдык баяндаманы жарыялады. Быйылкы докладда негизги көңүл бурулган темалардын бири - Кытайдын Шинжаң уйгур автоном аймагындагы уйгурлардын абалы. 13-мартта Вашингтондо докладдын бет ачарында Помпео «адам укуктарынын бузулушуна келгенде Кытай өзүмбилемдиктен тайбай турганын» айтты.    АКШ жана Батыш өлкөлөрү, укук коргоо уюмдары Кытайда уйгурлар жана башка мусулман элдери атайын лагерлерге камалып, улуттук... Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусияда «жалган» маалымат үчүн жазалаган мыйзам жактырылды

Орусиянын Федерация кеңеши Мамлекеттик думадан өткөн «жалган» маалымат тараткандарды, бийлик органдарына, мамлекеттик символдорго акарат келтиргендерди жазалоо тууралуу мыйзам долбоорлорун жактырды. Документ президент Владимир Путинге кол коюуга жиберилди.   Жаңы мыйзамга ылайык, Интернетке «бурмаланган» маалымат чыкса прокуратура «Роскомнадзор» мекемесине кайрылат. Тескөөчү мекеме тиешелүү тараптан маалыматты алып салууну талап кылат, болбосо провайдер аркылуу ал сайтка бөгөт койдурат. Мыйзам бузган жаран 100 миң рубль... Читать дальше...

Azattyk.org 

Чек ара кызматы: Чыр чыккан жерде кыргыз жаранынын үйү өрттөндү

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан улам тажик жарандары Кыргызстандын жаранынын үйүн өрттөп жибергени кабарланды. Бул маалыматты Кыргызстандын Чек ара кызматы таратты. "Чек арачылардын кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу аракеттерине карабастан, эки өлкөнүн чектеш аймактарынын жашоочулары бири-бирине агрессивдүү мамиле кылып, натыйжада тажик жарандары Кыргызстандын жаранынын үйүн өрттөп жиберишти", - деп жазылган Чек ара кызматы тараткан билдирүүдө. "Азаттыктын" Баткен облусундагы... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркаган киши ооруканага жеткирилди

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркаган киши ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз өкүлү Салкын Абдыкариева "Азаттыкка" билдирди. "Биздин маалымат боюнча бир жаран оор жараат алып, учурда Баткен районунун Самаркандек айылындагы ооруканага жеткирилген. Ал бутунан жараат алган. Ошондой эле Ортобоз айылындагы жарандын үйү өрттөнүп кеткен. Учурда Төрт-Көчө аймагындагы чыңалуу сакталууда", - деди Абдыкариева.   Ворух анклавындагы “Тожикон” айыл башчысы Гафуржон... Читать дальше...

Azattyk.org 

Коомдук коопсуздук кимдин колунда?

Бишкекте өткөн “Аялдардын тилектештик шаарчасы” маршынын айланасындагы талаш-тартыш ар кандай коркутуу-үркүтүүлөр, шаар жетекчисин кызматтан кетирүү талаптары менен коштолууда. Маселе Жогорку Кеңешке чейин жетип, депутаттар бүгүн күч түзүмдөрүнүн маалыматын угушту. Маршка чыккандардын кыймыл-аракетине кандай укуктук баа берүүгө болот? Жүрүштү сындагандарга кимдир бирөөнү ачык коркутуп, өлкөдөн чыгып кетишин талап кыла турган укукту ким берди? Адам укуктары корголгон, демократиялык коом түзөбүз деген бийлик ар бир жаранынын укуктарын... Читать дальше...

Azattyk.org 

АКШ университеттериндеги коррупция

Брэкзит үч айга созулушу мүмкүн. Ирандын соту укук коргоочу жана адвокат Насрин Сотудехти узак жылдарга эркинен ажыратып, 148 балак уруу өкүмүн чыгарганы кабарланды. 30 жыл мурун дүйнөдө Интернет пайда болгон.

Azattyk.org 

Чек арадагы чыр: Ош-Исфана жолу жабылды

Тажикстандын Ворух анклавынан өтчү Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушуна нааразы болгон тажик жарандары Ош-Исфана жолун Жака-Өрүк аймагынан, ага жооп кылган кыргыз жарандары Ак-Сай айылындагы жолду жапкан.

Azattyk.org 

Садыркуловдун өлүмүнүн баяны

Президенттик администрациянын мурдагы башчысы, Кыргызстандын чоң саясатындагы «көмүскө башкаруучу» атыккан Медет Садыркуловдун ырайымсыз түрдө өлтүрүлгөнүнө бүгүн он жыл толду.

Azattyk.org 

Чуулгандуу марштын эпкини парламентке жетти

Дээрлик бир жумадан бери бүтпөй жаткан Бишкектеги феминисттердин маршы тууралуу талкуу парламентке жетти. Бир катар депутаттар 8-марттагы жүрүштү кескин айыптап, акцияны «гей-парад» деп баалашты.

Azattyk.org 

Чек ара кызматы: чыр чыккан жерде жол жабылды

Кыргызстанда жайгашкан Тажикстандын Ворух анклавынан өтчү Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушуна нааразы болгон тажик жарандары Ош-Исфана жолун Жака-Өрүк аймагынан жапканы белгилүү болду. Ал эми кыргыз жарандары Ак-Сай айылындагы жолду жапканы кабарланууда.  Бул маалыматты «Азаттыктын» Баткендеги кабарчысы Жеңиш Айдаров расмий эмес булактарга таянып билдирди. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы да бул маалыматты тастыктады. Мамлекеттик чек ара кызматы тараткан маалыматка ылайык буга чейин,... Читать дальше...

Azattyk.org 

Тажикстанда 2020-жылы милициянын аталышы полиция деп өзгөртүлөт

Мындай маалыматты тажик ички иштер министри Рамазон Рохимзода 12-мартта Дүйшөмбүдө өткөн милицияны реформалоо боюнча жумушчу топтун жыйынында билдирди. Анын айтымында, милиция бөлүмдөрүндөгү кыйноону токтотуш үчүн андагы иш бөлмөлөрүнө видеокамералар орнотулат. Тажикстанда милициянын реформасы 2012-жылы башталган. Расмий маалыматтарга караганда, бул убакыттан бери реформага мамлекеттик казынадан 1 миллиард сомони жумшалып, милицияга компьютерлер, автоунаалар берилген. Бир катар райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн... Читать дальше...

Azattyk.org 

Тажикстан милицияны полиция демек болду

Тажикстанда ички иштер органдарын реформалоонун алкагында милициянын аталышы полиция деп өзгөртүлө турган болду. Бийлик милиция бөлүмдөрүн видеокамералар менен жабдуу максаты бар экенин айтып, муну кыйноонун алдын алуу аракети катары түшүндүрдү.

Azattyk.org 

Баткен районунун Тажикстан менен чек арасында эки жактан эл топтолду

Бүгүн, 13-март күнү Тажикстандын Ворух анклавынын тургундары Кыргызстандын Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушун токтотуу талабы менен чогулушту. Чек арага жакын топтолгон тажикстандыктарды кошуна өлкөнүн күч кызматтары, чек арачылары көзөмөлдөп турушат. Кыргызстан тараптан да аксайлыктар топтолгон. Өткөн жумада Кыргызстан тарап Тажикстандын Ворух анклавын айланып өткөн Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушун жандантышы үчүн бир трактор иштей баштаган. Учурда ал трактор чек арадан 2 чакырымдай Кыргызстан тарапта иштеп жаткан. Читать дальше...

Azattyk.org 

Төрөбаев: Депутатка каршы арызданган Жогорку соттун төрайымына баа берели

Жогорку Кеңештин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Жогорку соттун төрайымы парламент депутатына каршы атайын кызматка арызданышынын мыйзамдуулугун текшерүүнү сунуш кылды. Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент комитетинин жыйынында сүйлөп жатып ал Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков боюнча УКМКга жазган арызы тууралуу маселени көтөрдү: - Конституциянын 72-беренесинде... Читать дальше...

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Күндүз кампада иштеп, түндө залда тер төгүп... Москвадагы кыргыз мушкери видеодо

Москвадагы кампалардын биринде кыргызстандык белгилүү мушкер, аралаш мушташтын WMMAF (2015-жыл) версиясы боюнча дүйнө чемпиону Бахтияр Тойчубаев эмгектенет. Машыгуу залы иштеген жеринен 70 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Azattyk.org 

Британ парламенти Брекзиттен макулдашуусуз чыкканга добуш берет

Британ парламенти 29-мартта Лондондун Евробиримдик менен макулдашууга жетишпей шаркеттен чыгышына байланыштуу маселеге бүгүн добуш берет. Шейшембиде депутаттардын көпчүлүгү премьер-министр Тереза Мэйдин өкмөтү даярдаган макулдашуунун долбоорун экинчи ирет жактырбай койду. Долбоордун жаңы вариантын 242 депутат колдосо, 391и каршы чыкты.  Сынчылар жаңы келишим деле Британияны көз каранды өлкөгө айлантарын, Лондон шаркеттен чыккандан кийин Евробиримдиктин бир катар эрежелерине баш ийип каларын белгилеп жатышат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Улуу Ата Мекендик согуштун дагы бир ардагери көз жумду

Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун дагы бир ардагери акыркы сапарга узатылды. Жалал-Абадда согуштун жана ИИМдин ардагери Гаваз Мингараев 95 жаш курагында көз жумду. Маркумду акыркы сапарга узатуу иш-чарасына шаардын мэри Мураталы Тагаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.  Мингараев 1924-жылы Татарстанда туулган. Согуштан кийин Кыргызстанга келип, Жалал-Абад шаарында жашап калган. Ал Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгын жетектеген. Үч кыз, эки уулу Орусияда жашайт.  Шаарда... Читать дальше...

Azattyk.org 

Катарда АКШ менен «Талибандын» сүйлөшүүсү аяктады

12-мартта Катарда АКШнын делегациясы менен «Талибан» кыймылынын өкүлдөрүнүн тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги айлампасы аяктады. Вашингтондун Ооганстан боюнча чабарманы Залмай Халилзаддын айтымында, сүйлөшүүлөрдө айрым жылыштар бар, бирок чет элдик аскерлерди Ооганстандан чыгаруу тууралуу келишимге жетишилген жок. Халилзад сүйлөшүүлөрдүн эмки айлампасы айдын аягында болушу ыктымал экенин кошумчалады. Бул жолу тараптар январда жетишилген жалпы макулдашуунун чоо-жайын талкуулашкан. Чет өлкөлүк контингентти Ооганстандан чыгаруу... Читать дальше...