Чек ара кызматы: Чыр чыккан жерде кыргыз жаранынын үйү өрттөндү
Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан улам тажик жарандары Кыргызстандын жаранынын үйүн өрттөп жибергени кабарланды. Бул маалыматты Кыргызстандын Чек ара кызматы таратты.
"Чек арачылардын кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу аракеттерине карабастан, эки өлкөнүн чектеш аймактарынын жашоочулары бири-бирине агрессивдүү мамиле кылып, натыйжада тажик жарандары Кыргызстандын жаранынын үйүн өрттөп жиберишти", - деп жазылган Чек ара кызматы тараткан билдирүүдө.
"Азаттыктын" Баткен облусундагы кабарчысы бейрасмий булактарга таянып жараат алган жарандар да бар экендигин айтууда. Редакцияга келген видеодон чатак чыккан жерге Тез жардам кызматынын автоунаасы келгенин көрүүгө болот.
Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу Баткен чек ара отрядынын жеке курамы күчөтүлгөн режимге өттү.
Буга чейин Кыргызстанда жайгашкан Тажикстандын Ворух анклавынан өтчү Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушуна нааразы болгон тажик жарандары Ош-Исфана жолун Жака-Өрүк аймагынан жаап салышкан. Ал эми кыргыз жарандары Ак-Сай айылындагы жолду жапканы кабарланган. (KR)