World News in Kyrgyz
Ноябрь
2018

Новости за 13.11.2018

Azattyk.org 

Македониянын мурдагы премьери Венгриядан баш калка сурады

Македониянын мурдагы премьер-министри Никола Груевский Венгриядан баш калка сурап жатканын билдирди. Ал мындай билдирүүсүн "Фейсбуктагы" баракчасына 13-ноябрда жарыялады. "Акыркы бир канча күндө менин өмүрүмө карата сансыз коркутуулар болду. Мен азыр Будапешттемин. Венгриянын бийлигине саясий баш калка сурап кайрылдым",-деп жазды Груевский. "Reuters" жаңылыктар агенттиги макендон полициясына шилтеме кылып, Груевский мыйзамдуу жол менен чек арадан өтпөгөнүн маалымдады. Венгриянын өкмөтү азырынча... Читать дальше...

Azattyk.org 

Тажикстан: орус базасына кол салууну көздөгөн 12 киши кармалды

Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети ноябрдын башында Орусиянын Душанбедеги базасына чабуул коюуну пландаган деп шектелген 12 киши кармалганын ырастады. Комитеттин басма сөз кызматкери Дилшод Абдуалимов "Азаттыктын" тажик кызматынын бул тууралуу бир күн мурдагы маалыматы туура экенин билдирди. Ал маалыматта "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун мүчөсү делген 12 киши 4-ноябрда орус базасынын жанында кармалганы айтылган. Аталган кишилерди Жакынкы Чыгыштагы жоочулардын катарында... Читать дальше...

Azattyk.org 

CNN Ак үйдү сотко берди

Америкадагы CNN кабелдик телеканалы өз кабарчысы Жим Акостанын аккредитациясын жокко чыгарганы үчүн Ак үйдү сотко берди. Телеканал 13-ноябрдагы билдирүүсүндө Ак үйдүн чечими пресса эркиндиги боюнча Конституция кепилдеген укукту буза турганын жүйө келтирди: "Биз бул соттон Жимдин аккредитациясын калыбына келтирүү боюнча дароо аткарылышы керек болгон чечим чыгарууну өтүндүк. Бул арыз CNN жана Акостага гана тиешелүү болсо да, мындай жагдайга каалаган адам туш болушу мүмкүн. Эгер ушул бойдон калтырылса... Читать дальше...

Azattyk.org 

Израил армиясы ХАМАСтын позицияларына сокку урду

Израилдин армиясы 13-ноябрга караган түнү Газа секторундагы ХАМАС кыймылынын позицияларына сокку урду. Бул тууралуу Израил армиясы "Твиттердеги" барагы аркылуу кабарлады. "Reuters" маалымат агенттиги жазгандай, дүйшөмбүнүн кечинен бери ХАМАС кыймылы Израил тарапты көздөй 400дөн ашык ракета аткан. Ага жооп катары Израилдин учактары жоочулардын 150дөй позициясына сокку урган. Андан эки тараптан тең бир нече адамдын өмүрү кыйылганы айтылып жатат.  Израилдин аба соккуларынан Газа секторунда 70тен ашык объект талкаланганы... Читать дальше...

Azattyk.org 

Түрмөдөгү тополоңдо 50 киши өлгөн

Калифорния штатында токойдогу өрттөн 40тан ашык кишинин өмүрү кыйылды, дагы 200дөн көп адам дайынсыз болууда. Орусияда оппозициячыл саясатчы, коррупция менен күрөшкөн активист Алексей Навальныйга өлкөдөн чыгууга тыюу салынды.

Azattyk.org 

Аймактардын аянычтуу абалы

Аймактарды өнүктүрүү жылы аягына чыкканы калды. Бийликтин элге берген убадалары жана билдирүүлөрү менен өлкөнүн реалдуу өнүгүү тенденциясы канчалык шайкеш келип жатат?

Azattyk.org 

Уланбектен уңгулуу сабак

“Азаттык” радиосунун иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин “Чындык деп жанган өмүр” деген аталыш менен жарык көрдү. Китепке анын кыска өмүрүндө калтырып кеткен эмгектери – жемкордукту, мыйзамсыздыкты ашкерелеген видео иликтөөлөрү, даректүү тасмалары жазуу түрүндө киргизилди.

Azattyk.org 

Душанбеде палоо талашка түштү

Дүйнөлүк биринчи согуштун аяктагандыгынын 100 жылдыгы белгиленди. Британиялыктар ага адаттагыдай эле миллиондогон кызыл мандалактарды даярдашты. Беларуста каза болгон жоокердин энеси күнөөкөрлөрдү жазалатуу үчүн президентке чейин жетти. Ташкентте жаңы салынган көп кабаттуу үй түрттүрүлдү. Тажик президенти чет өлкөлүк велотуристтердин өлүмүнө шалаакылык жол ачкан деп билдирди. Түркия Борбор Азиядагы өлкө жарандарына виза тартибин жеңилдетти. Ооганстанда айнек үйлөө искусствосу жоголуу алдында.

Azattyk.org 

Өзбек диссиденти Сафар Бекжан жарандыктан ажыратылды

Бир нече жылдан бери Швейцарияда жашаган өзбек диссиденти Сафар Бекжан Өзбекстандын жарандыгынан ажыратылганы маалым болду. Өзбек бийлиги мунун себептерин түшүндүргөн эмес. 57 жаштагы бозгундагы оппозициячыл саясатчы бул тууралуу жакында гана билгенин "Азаттыктын" өзбек кызматына билдирип, бул чечимди өзүнүн саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырууда.  ​– Мен Өзбекстандын Берлиндеги консулдугунан кат алдым, анда 2017-жылы 17-мартта президенттин жарлыгы менен жарандыктан ажыратылганым жазылыптыр. Читать дальше...

Azattyk.org 

Эгизбаевдин “Чындык деп жанган өмүр” китебинин бет ачары болду (видео)

“Азаттык” радиосунун иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин “Чындык деп жанган өмүр” деген аталыш менен жарык көргөн бул китебине анын кыска өмүрүндө калтырып кеткен эмгектери – жемкордукту, мыйзамсыздыкты ашкерелеген видео иликтөөлөрү, даректүү тасмалары жазуу түрүндө киргизилди. Ошондой эле журналисттин кызыктуу блогдору, макалалары, өзү тарткан сүрөттөрү камтылды. Мындан сырткары ал жөнүндө дилбаяндарды, эскерүүлөрдү, сүрөттөрдү да ушул китептен табууга болот. Уланбек Эгизбаевдин “Чындык... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жогорку сот Токтакуновдун Башкы прокуратурага каршы арызын негиздүү деп тапты

Кыргызстанда Жогорку сот бүгүн, 13-ноябрда “Прецедент” өнөктөштүк тобунун жетекчиси, юрист Нурбек Токтакуновдун Башкы прокуратурага каршы арызын негиздүү деп тапты. Бул тууралуу Нурбек Токтакунов "Азаттыкка" билдирди. Токтакунов мындан бир жарым жыл мурда, 2017-жылдын жайында "Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) кириши боюнча пландарды аткаруууда шалаакылык кылган" деген негизде өкмөт мүчөлөрүнө каршы Башкы прокуратурага кайрылып, кылмыш ишин козгоону талап кылган. Кийин Башкы прокуратуранын жообуна канаттанбай... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жогорку сот Токтакуновдун өкмөткө каршы арызын негиздүү деп тапты

Кыргызстанда Жогорку сот бүгүн, 13-ноябрда “Прецедент” өнөктөштүк тобунун жетекчиси, юрист Нурбек Токтакуновдун өкмөткө каршы арызын негиздүү деп тапты. Бул тууралуу Нурбек Токтакунов "Азаттыкка" билдирди. Токтакунов мындан бир жарым жыл мурда, 2017-жылдын жайында "Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) кириши боюнча пландарды аткаруууда шалаакылык кылган" деген негизде өкмөт мүчөлөрүнө каршы Башкы прокуратурага кайрылган. Анын арызы сотто карала баштаган.  Ал өкмөттүн кайдыгерлигинен... Читать дальше...

Azattyk.org 

Сот мамлекеттик сыры бар иштерге адвокаттардын катышуусуна уруксат берди

Жогорку соттун Конституциялык палатасы мамлекеттик сыр менен таанышууга укугу жоктугу үчүн адвокаттардын жарандарга юридикалык жардам беришине чектөө коюу Баш мыйзамга каршы келет деп тапты. Бул тууралуу Медиа Полиси институтунан алынды.  Соттун чечиминде ошондой эле ага жол берилсе "жарандардын соттук коргоого болгон конституциялык укугу бузулаары" көрсөтүлгөн. Билдирүүдө айтылгандай, жарандарга жана кызмат адамдарына өз милдеттерин аткаруу үчүн мамлекеттик сыр менен иштөөгө туура келсе, анын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Пакистан "Твиттерден" "жалган" сүрөттөрдү өчүрүүнү өтүндү

Пакистан өкмөтү жакында Жогорку сот актаган христиан аялдын чет өлкөдө тартылган сүрөттөрүн “жалган” деп мүнөздөп, "Твиттер" жана башка социалдык түйүндөрдөн аларды алып салууга өтүндү. Исламабад 12-ноябрдагы билдирүүдө Асия Биби ашынган диний топтордун өлтүрүү тууралуу опузасына туш болгондуктан, Пакистандагы коопсуз жерде кала бергенин белгиледи. Айрым укук коргоо уюмдары өкмөт Бибинин "жалган" деген сүрөттөрүн социалдык тармактардан алдыруу аракети менен социалдык адилеттүүлүктү коргогон активисттерди... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кар көчкү түшкөн Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолу кайра ачылды

Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 75-76-чакырым аралыгында (Тамчы тилкеси) кар көчкү толук тазаланып, жол кайра ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. 13-ноябрда эртең менен тынымсыз жааган кардын кесепетинен улам аталган тилкеде көлөмү болжол менен 6000 куб метр кар көчкү түшүп, жолду бөгөп калган.  Кар көчкү оор жүк ташуучу автоунаанын четине тийген, бирок аны басып калган эмес. Жабыркагандар жана каза болгондор жок. Жабылган тилкеден 15тей автоунаа өтө албай туруп калган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кудайдын эч кимге жини келбейт

Кыргыз жакшылык менен жашаган эл. Жамандык көп болгон сайын жакшылыктын баркы көтөрүлөт. Дүйнөдө жакшылык менен жамандык жөнүндө макалы эң көп эл балким кыргыз болсо керек. Айрымдарын эстей кетели.

Azattyk.org 

Болот Шамшиевдин автоунаасын уурдап, өрттөп кетишти

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, белгилүү кинорежиссер жана актер Болот Шамшиевдин машинесин белгисиз бирөөлөр уурдап кетип, андан кийин өрттөп жиберишти. Бул тууралуу маалыматты Шамшиев "Азаттыкка" ырастап, Бишкектин Свердлов райондук милиция бөлүмүнө арыз жазганын билдирди. Анын айтымында, машине 8-ноябрдын кечинде Бишкектеги актер жашаган үйдүн короосунда токтотулган жеринен уурдалган. Шамшиев бул тууралуу милицияга кабарлап, тартип сакчылары машинени Чүйдүн Молдовановка айылында өрттөнгөн абалда табышкан. Читать дальше...

Azattyk.org 

Эл артисти Болот Шамшиевдин автоунаасын уурдап, өрттөп кетишти

Эл артисти, белгилүү кинорежиссер жана актер Болот Шамшиевдин машинесин белгисиз бирөөлөр уурдап кетип, андан кийин өрттөп жиберишти. Бул тууралуу маалыматты Шамшиев "Азаттыкка" ырастап, Бишкектин Свердлов райондук милиция бөлүмүнө арыз жазганын билдирди. Анын айтымында, машине 8-ноябрдын кечинде Бишкектеги актер жашаган үйдүн короосунда токтотулган жеринен уурдалган. Шамшиев бул тууралуу милицияга кабарлап, тартип сакчылары машинени Чүйдүн Молдовановка айылында өрттөнгөн абалда табышкан.  Болот Шамшиевдин маалыматына караганда... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкекте дарыгерлер митингге чыгышты

Саламаттык сактоо министрлигинин имаратынын алдында Бишкек шаарында иштеген ондогон дарыгерлер митингге чыгышты. Алар үй-бүлөлүк медицина борборлорун оптимизациялоо маселесине байланыштуу нааразылык билдирип жатышат. Чогулгандар терапевт, педиатр, гинеколог же башка медициналык кесипке ээ болгон адистерди үй-бүлөлүк дарыгерликке окутууга каршы пикирин айтышууда. Алар биринчиден кыска мөөнөттө буга үйрөнүү кыйын болорун, экинчиден тиешелүү эмес дарыгерлер карыларды жана балдарды карашы мүмкүн эмес экенин эскертишүүдө. Читать дальше...

Ca-irnews.com (kg) 

Эртең Бишкекте Иран товарларынын көргөзмөсү болот

Бишкек, 13-ноябрь, 2018-жыл. /ca-irnews.com/. 14-ноябрда Бишкектеги “Гранд Комфорт” соода борборунда Иран Ислам Республикасынын ишкерлери жана товар өндүрүүчүлөрү тарабынан уюштурулган көргөзмө-жармеңке болот.

Azattyk.org 

Аун Сан Су Чжи жогорку сыйлыгынан ажырады

"Amnesty International" укук коргоо уюму Мьянманын чыныгы лидери Аун Сан Су Чжини өзүнүн эң жогорку сыйлыгынан ажыратты. Уюмдун сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, буга Су Чжинин Мьянмада куугунтукка кабылган рохинжа мусулмандарын коргоп чыга албаганы жүйө катары көрсөтүлгөн.  "Абийир элчиси" аттуу бул сыйлык Су Чжиге 2009-жылы саясатчы үй камагында отурганда ыйгарылган. "Сиз мындан ары үмүттүн, кайратмандыктын символу жана адам укуктарынын түбөлүк калканчы болуп бере албай калганыңызга бүгүн... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ошто автоунаа уурдап жүргөн окуучу кармалды

Ош шаарында “Тико” үлгүсүндөгү эки автоунаа уурдаган өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Оштун 33 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылып, автобазардын алдындагы жол боюна сатыш үчүн коюп кеткен автоунаасы жоголгонун билдирген. Дагы бир 23 жаштагы тургун машинесин калаанын Көкүмбий көчөсүндөгү үйүнүн жанында токтотуп койгон жеринен уурдатып жибергенин айтып даттанган.  Жүргүзүлгѳн издөө, иликтөө иштеринин натыйжасында автоунааларды... Читать дальше...