World News in Kyrgyz
Июнь
2020

Новости за 21.06.2020

Azattyk.org 

Лукашенконун шайлоодогу атаандашынын уулу кармалды

Минск шаарында президенттик шайлоодо Александр Лукашенкого атаандаш болуп жаткан Виктор Бабариконун уулу камакка алынды. Эдуард Бабарико тергөө абагына камалып, ата-балага козголгон кылмыш ишинин чоо-жайы айтылган жок. Алтургай алардын адвокаты дагы атайын маалымат таратпоо тууралуу кагазага кол коюп бергенин жүйө келтирип, эч нерсе айтпай койду. 9-августка белгиленген президенттик шайлоодо Лукашенкого башкы атаандаш болуп чыккан Виктор Бабарико 18-июнда кармалган. Беларус бийлиги аны «мыйзамга каршы ишмердикти башкарган» деп айыптаган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусия: Конституцияны өзгөртүү колдоо тапса, Путин кайра шайлоого барышы мүмкүн

Орусиялыктар 1-июлда элдин добуш берүүсүнө коюлчу конституциялык өзгөртүүлөрдү колдосо, президент Владимир Путин кайра шайлоого барууну четке какпайт.   Мамлекеттик «Россия 1” телеканалы менен болгон маегинде орус президентинин айтканы 10 күндөн кийин өтчү жалпы элдик добуш берүүнүн алдында анын келечектеги планын айгинелегендей болду. “Мен өзүм эч нерсени чече элекмин. Эгер Конституция жол берсе шайлоого катышууну четке какпайм. Көрөбүз” – деди орус президенти. Путин эгер ал шайлоого барбаса... Читать дальше...

Azattyk.org 

Акыйкатчы Жалпы республикалык тестирлөө сынагына көз салууда

Омбудсмен аппаратынын кызматкерлери өлкөдө өтүп жаткан Жалпы республикалык тестирлөө сынагына байкоо салат. Мониторингдин максаты – абитуриенттердин укуктарынын сакталышын жана сынактын ачык-айкындуулугун текшерүү. Мындан сырткары кызматкерлер санитар-карантиндык эрежелердин сакталышына көз салат. 21-июнда Кыргызстандагы орто мектептердин бүтүрүүчүлөрү Жалпы республикалык тестирлөө сынагын тапшырууга киришти. Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковдун маалыматына караганда, 21-июнда негизги тест... Читать дальше...

Azattyk.org 

Боронов: 118 кызматына кошумча адистерди тартыш керек

Премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында 118 кызматына кайрылган адамдар тийиштүү маалыматты ыкчам алышы керек экенин айтты. Боронов учурда бул кызматтын ишине нааразы жарандар көп экенин белгилеп, "операторлор жетишсиз болсо, кошумча адистерди тартыш керек" деди. “Көптөгөн жарандар адистердин кеңешин алуу үчүн 118 түз байланыш кызматына чалып, ала албай жаткандарын билдирип нааразы болууда. Адамдар чалганда ыкчам жооп кайтаруу зарыл. Эгерде операторлор жетишсиз болсо... Читать дальше...

Azattyk.org 

Вашингтондо сот Ак үйдүн Болтондун китеби боюнча өтүнүчүн четке какты

Федералдык сот АКШ президентинин администрациясынын Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча мурунку кеңешчиси Жон Болтондун китебин чыгарууга тыюу салуу өтүнүчүн аткаруудан баш тартты. Вашингтондогу округдук соттун судьясы Ройс Ламберт 10 беттен турган токтомду жарыялады. Анда Юстиция министрлигинин Болтондун мемуарын чыгарууга тыюу салуу өтүнүчүндө жетиштүү жүйө келтирилбегени айтылат.   Судья белгилегендей, сот тыюу салган күндө да китеп дүкөндөргө түшүп, Интернетке да жарыяланышы мүмкүн. Читать дальше...

Azattyk.org 

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү: Болот Шер элине тутка, калкына канат боло алды  

2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин мамлекетти башкаруу үчүн түзүлгөн Убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсү Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук ишмер Болот Шердин (Болотбек Шерниязов) каза болгонуна байланыштуу көңүл айтуу кайрылуусун таратышты. Кайрылууда Болот Шердин саясатка, маданиятка, спортко кошкон салымы белгиленип, кыргыз эли орду толгус чоң жоготууга учураганы жазылат.​ “Болот Шердин өмүрү, саясий жана атуулдук ишмердиги өрнөктүү болду. Ал өмүрүн Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө... Читать дальше...

Azattyk.org 

Москвадан Бишкекке 431 кыргызстандык жеткирилди

21-июнь күнү «Аэрофлот» авиакомпаниясынын чартердик учагы менен Москва-Бишкек каттамы боюнча 431 адам алып келинди. Арасында кош бойлуу, балалуу кыз-келиндер, улгайган жана оорукчан адамдар бар. Учуп келгендер бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынат. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, чет өлкөлөрдөн келе албай жаткан кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу иштери уланууда. Узап бараткан апта ичинде эле Москва-Бишкек, Москва-Ош каттамдары менен 1000ге чукул адам Кыргызстанга жеткирилген. Читать дальше...

Azattyk.org 

Рединг шаарындагы паркта бычак менен кол салууда үч киши набыт болду

Британ маалымат каражаттары ишемби күнү Лондондун батыш тарабында жайгашкан Рединг шаарындагы бычак менен кол салуудан үч киши набыт болгонун жазышты. Полиция окуяны терроризм менен байланыштырып жатканын Би-би-си жана "Sky News" маалымдады. Окуя болгон жерге терроризмге каршы күрөшүүчү кызматкерлер келген. Бирок азырынча кол салуунун себеби так аныктала электигин Би-би-си билдирди. Полициянын маалыматына ылайык, кол салууга шектелип бир киши кармалган. Тартип сакчылары кол салуудан өлгөндөр тууралуу маалымдашкан жок... Читать дальше...

Azattyk.org 

Аба ырайы: 37 градуска чейин ысык болот

Синоптиктердин маалыматына караганда, 22-июнда Кыргызстанда жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13...18, күндүз 32...37; Талас облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 30...35; Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 15...20, күндүз 30...35; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 24...29; Нарын облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 23...28 градус ысык болот. 22-июнда Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы: түнкүсүн 14…16°, күндүз 34…36° ысыйт.

Azattyk.org 

Түптөгү тополоң

Каркыра жайлоосунун жана төрт пансионаттын Казакстанга берилишине каршы оппозициянын жүрүшү. 2008-жыл, апрель.

Azattyk.org 

COVID-19: Испания чек арасын ачты, Азебайжан кайра карантин киргизди

Коронавирустан эң катуу жабыркаган мамлекеттердин бири Испания 21-июнда өзгөчө кырдаал абалын жоюп, Европа мамлекеттеринин көбүнө чек арасын ачты. Португалия, Британия жана Еврошаркетке кирбеген өлкөлөрдүн жарандарына азырынча Испанияга кирүүгө уруксат берилбейт. Туризм өлкө экономикасынын 12% түзөт. Испанияда коронавируска 246 миңдей адам чалдыккан.  Ал арада Латын Америкасында коронавирустун тарашы басандай элек. 21-июнга карата Бразилияда бул илдеттен көз жумгандардын саны 50 миңден ашты.... Читать дальше...

Azattyk.org 

Түгөнүш тилди жоготуудан башталат

Азамат Омош – жаңы муундун өкүлү, социалдык тармакта чет жерде иштеп жүргөн улутташтарынын көйгөйлөрүн козгоп келаткан активдүү авторлордун бири.

Azattyk.org 

Сербияда парламенттик шайлоо өтүп жатат

21-июнда Сербияда өтүп жаткан шайлоонун жыйынтыгында президент Александр Вучичтин партиясы өз бийлигин бекемдеши мүмкүн. Сурамжылоолорго караганда, оңчул көз карашты карманган, бийликтеги "Сербия прогрессивдүү партиясы" добуштардын 60 пайызын алышы ыктымал. Аталган партия Балкан аймагындагы бул мамлекетти сегиз жылдан бери башкарып келет.​ Оппозиция шайлоону бойкоттоого чакырган. «Сербия үчүн» альянсына бириккен оппозициячыл саясатчылар пандемия маалында үгүт иштери адилеттүү жүргүзүлбөгөнүн айтып чыгышты. Читать дальше...

Azattyk.org 

“Манас” аэропорту азырынча эл аралык каттамдарга ачылбайт

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын чечими чыкмайынча, “Манас”, Ош аэропорттору эл аралык каттамдарды кабыл албайт. Бул маалыматты аталган аэропорттун коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн кызматкери Алия Курбанова “Азаттыкка” билдирди: “22-марттан тартып өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизилип, чек аралар жабылган. Бул режим азырынча алына элек, чек аралар ачыла элек. Ошондуктан, республикалык штабдын расмий уруксатысыз эл аралык каттамдар кабыл алынбайт”. Алия Курбанованын маалыматына караганда... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кытай Гонконгдо жаңы улуттук коопсуздук мекемесин түзөт

Кытай бийлиги Батыш өлкөлөрүнүн тынчсыздануусун жараткан Гонконгодогу улуттук коопсуздук жөнүндө жаңы мыйзамдын шарттарын жарыялады. 20-июнда “Xinhua” мамлекеттик агенттиги тараткан билдирүүгө караганда, Гонконг бийлиги аймактын жетекчиси Керри Лэм башында турган улуттук коопсуздук комиссиясын түзөт. Бул мекеме Бээжинге «отчет берет» жана Кытайдын борборунан «көзөмөлдөнөт». Улуттук коопсуздук жөнүндө мыйзам Гонконг полициясына “мамлекеттик бийликти кулатууга, террордук аракеттерди жана чет элдик... Читать дальше...

Azattyk.org 

Матуриди: тамыры терең ишеним

“Азаттык” радиосунун “Биз жана дин” түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышында ханафий мазхабынын матуриди ишеними туралуу сөз кылабыз.

Azattyk.org 

Түркияда кыргыз келин күйөөсүн өлтүрдү деп шектелүүдө

Түркиянын Адана шаарында жашаган кыргызстандык В.К. 20-июнда күйөөсү, М.К. аттуу түрк жаранын үйүндө бычактап өлтүрдү деп шектелип жатат. Бул тууралуу "Демирөрен" кабар агенттиги маалымдады. Кошуналар 32 жаштагы кыргызстандык келин күйөөсү менен катуу уруша кетишкенин айтып беришкен. Кошуналары эшигин сындырып киргенде экөө жерде жатканына, келин да бычактан оор жаракат алганына күбө болушкан. Келиндин күйөөсү алган жаракатынан каза болгон. Ал эми кыргызстандык келин оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Болот Шердин саясий жолу сүрөттөрдө

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук ишмер Болот Шер (Болотбек Шерниязов) 61 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук ишмер Болот Шер жарык дүйнө менен кош айтышканы тууралуу бир тууганы, парламенттин депутаты Садык Шер “Фейсбуктагы” баракчасына жазды. Садык Шер “Баатырыбыз да, асылыбыз да Бокемден айрылып калдык... Коштошуу зыйнаты (өзүнүн керээзи боюнча) Чоң Капка айылында 23-июнда саат 11де өтөт” деп кабарлады.

Azattyk.org 

АКШда президент Трамптын шайлоо алдындагы митинги өттү

Оклахома штатындагы Талса шаарында миңден ашуун адамдар президент Дональд Трамптын шайлоо алдындагы митингине чогулушту. Бул АКШда марттын ортосунда киргизилген чектөөлөрдөн кийинки алгачкы ири иш-чара. Бир жарым сааттык сөзүндө президент Дональд Трамп шайлоодогу атаандашы Жо Байденди сынга алды. Андан тышкары маалымат каражаттарын “радикал солчулдарды” айыптады. Америкадагы башаламандыктар тууралуу сүйлөп жатып, Трамп өзүнө “мыйзам менен тартиптин президентимин” деген баа берди. Ал ошондой эле... Читать дальше...

Azattyk.org 

Коомдук ишмер Болот Шер дүйнө салды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук ишмер Болот Шер (Болотбек Шерниязов) 61 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Анын жарык дүйнө менен кош айтышканы тууралуу бир тууганы, Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер “Фейсбуктагы” баракчасына жазды. Анда “Баатырыбыз да, асылыбыз да Бокемден айрылып калдык... Коштошуу зыйнаты (өзүнүн керээзи боюнча) Чоң Капка айылында 23-июнда саат 11де өтөт” деп жазылган. Жогорку Кеңештин бир нече чакырылыштарынын депутаты, мурдагы ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты... Читать дальше...

Azattyk.org 

Премьер-министр Боронов Өзбекстандын өкмөт башчысы Арипов менен сүйлөштү

Эки мамлекеттин өкмөт башчылары телефон аркылуу сүйлөштү.  Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кубатбек Бороновду жогорку мамлекеттик кызматка дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады. Ошондой эле сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтык маселелери талкууланды. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады. Мурунку биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргызстандын премьер-министрлик кызматына 17-июнда дайындалган.  Мурдагы премьер-министр... Читать дальше...

Azattyk.org 

Москвадагы Жеңиш парадына бир нече өлкөнүн лидерлери барбайт

Түркмөнстандын, Азербайжандын президенттери жана Армениянын өкмөт башчысы Москвада Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга барбай тургандыгын билдиришти.  Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов муну жакында боло турган туулган күнү менен түшүндүрдү. Түркмөнстанда 63 жаш Мухаммед пайгамбардын жашы деп саналып, бул күн жакындарынын айланасында белгиленет. Бердымухамедов Москвага барса, келгенден кийин карантин шартын сактоого мажбур болорун белгилеген. “Азаттыктын”... Читать дальше...

Azattyk.org 

Депутаттар vs укук коргоочулар: талаштуу долбоор

«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, өкүлчүлүктөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору коомчулуктун катуу сынына кабылууда.

Azattyk.org 

COVID-19: Акүй дезинфекцияланды

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, парламент жана президенттик аппарат орун алган имаратта залалсыздандыруу иштери 20-июнь күнү жүргүзүлдү. Маалыматка ылайык, парламенттеги аппарат кызматкерлери, басма сөз кызматында иштегендердин баары жана Жогорку Кеңештин депутаттары коронавирус илдетине анализ тапшырышкан. Дээрлик баарынын алдын ала жыйынтыктары таза чыккан. 22-июндан тартып парламенттин аппарат кызматкерлери коопсуздук максатында аралыктан иштөөгө өтүшөт. Депутаттар... Читать дальше...