World News in Kyrgyz

Акыйкатчы Жалпы республикалык тестирлөө сынагына көз салууда

Омбудсмен аппаратынын кызматкерлери өлкөдө өтүп жаткан Жалпы республикалык тестирлөө сынагына байкоо салат. Мониторингдин максаты – абитуриенттердин укуктарынын сакталышын жана сынактын ачык-айкындуулугун текшерүү.


Мындан сырткары кызматкерлер санитар-карантиндык эрежелердин сакталышына көз салат.


21-июнда Кыргызстандагы орто мектептердин бүтүрүүчүлөрү Жалпы республикалык тестирлөө сынагын тапшырууга киришти. Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковдун маалыматына караганда, 21-июнда негизги тест, 22-июнда предметтик сабактар боюнча тест тапшырылат.


Маалыматка ылайык, сынак 24- 25-июнда эки баскыч менен өткөрүлөт. Түрдүү себептер менен учурунда каттоого алынбай, тестирлөөгө катыша албай калган окуучулар 11-12-июлда тапшырса болот. Сынактын жыйынтыгы 13-19-июль аралыгында белгилүү болот.


2020-окуу жылында жалпы республикалык тестирлөө сынагына 41 727 бүтүрүүчү катталган. (TSh)

Читайте на сайте