World News in Kyrgyz
Май
2022

Новости за 21.05.2022

Azattyk.org 

"Байдылданын батальонунда" академиктер да бар эле"

Кыргыз эл акыны, айтылуу Байдылда Сарногоев көзү тирүү болгондо быйыл 90 жашка чыкмак. Анын “Мидинге кат”, “Ашуудан берген отчетум”өңдүү чыгармалары, ырлары эл ичинде жатка айтылып, ырдалып, куйкум сөздөрү, журүм-туруму ылакап болуп ооздон оозго өтүп келе жатат. Легендарлуу акындын кызы Карлыгач Сарногоева акындын доору, замандаштары, жеке жашоосу, чыгармачылыгы тууралуу “Азаттыкка” маек курду. -Карлыгач, жакында чыгаан акын Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына арналып Таласта айтыш өттү. Ага акындын жакындары... Читать дальше...

Azattyk.org 

Атактуу диктор акыркы сапарга узатылды

Улуттук телерадиоберүү корпорациясында жарым кылымдай кызмат өтөгөн атактуу диктор, Кыргыз Республикасынын эл артисти Бактыбек Мамытов менен коштошуу зыйнаты УТРКнын студиясында өттү.

Azattyk.org 

Кадамжайдагы жол кырсыгына кабылган автоунаа ӨКМге таандык болгон

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Баткендин Кыргызстан менен Өзбекстан чектешкен жеринде болгон жол кырсыгынан сегиз киши набыт болуп, жети киши жабыркаганын билдирди. Кырсыкка кабылган автоунаа ("Хово" үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа) Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу экенин ырастады. “Акыркы күндөрү катуу жааган жаандан Баткен облусунун Кадамжай районунун Бөжөй айылында сегиз үйдү сел каптап, селдин кесепеттерин жоюуга Ош шаарынан чыгышкан. Бул автоунаада Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин... Читать дальше...

Azattyk.org 

Чечмедеги кырсык: "Айдоочу кыйкырган бойдон келиптир"

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Чечме айылындагы жол кырсыгынан каза болгондордун сөөгү жерге берилди. Өзбекстан менен чек арадагы “Чечме” өткөрмө бекетинде имаратты жана токтоп турган машинелерди сүзүп кеткен оор жүк ташуучу автоунаа Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таандык болгон. ИИМ кылмыш ишин козгоду “Кылмыш жаза кодексинин 312-беренесинин 3-бөлүгү (“Этиятсыздыктан өзгөчө оор залал келтирген автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу”) менен кылмыш иши козголуп... Читать дальше...

Azattyk.org 

Чек ара бекетиндеги жол кырсыгы сегиз кишинин өмүрүн алды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Баткендин Кыргызстан менен Өзбекстан чектешкен жеринде болгон жол кырсыгынан сегиз киши набыт болуп, жети киши жабыркаганын ырастады. Каза тапкандардын бири Өзбекстандын жараны. Кырсыкка кабылган автоунаа ("Хово" үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа) Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу болгон. “Бул автоунаада Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери табигый кырсыктарды жоюу үчүн сел өтүүчү каналдарды тазалоо жана габион торчолорду орнотууга бараткан. Акыркы... Читать дальше...

PR Kyrgyz 

Зиядин Жамалдинов жана Данияр Жаңыкулов элдин жерин мыйзамдаштырыш, болбосо иштен кеткиле!

КР Президенти, Коопсуздук Кеңешинин башчысы С.Н. Жапаровго

КР УКМК төрагасы К.К. Ташиевке

                                                                               АЧЫК КАТ

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич!

КР Президенти С.Н. Жапаров тарабынан жер тилкелерди мыйзамдаштыруу боюнча тийиштуу мыйзамдарга жана КР Президентинин Жарлыгына кол коюлган. КР Президенти С.Н. Жапаров мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарга тез арада жер тилкелерди мыйзамдаштырып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кадамжайдагы кырсыктан сегиз киши каза болгону айтылды

Саламаттык сактоо министрлиги Баткендин Кыргызстан менен Өзбекстан чектешкен жеринде болгон жол кырсыкта жалпысынан 14 киши жабыркаганын кабарлады. Министрликтин Баткен облусу боюнча координатору Арзыбек Бөрүбековдун айтымында, беш киши кырсык болгон жерде, экөө Айдаркендеги ооруканага алып бараткан учурда үзүлгөн. Экөө медициналык жардам көрсөтүлгөн соң, үйлөрүнө жөнөтүлдү. Каза тапкандардын бири Өзбекстандын жараны экени айтылды. Ар кандай жараат алган беш киши Айдаркендеги оорукананын хирургия бөлүмүнө жаткырылды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Милиция Кадамжайдагы кырсыкты териштире баштады

Баткен облустук жана Кадамжай райондук милициясынын ыкчам тобу ири кырсык катталган жерге барып, каза болгон адамдардын тек-жайын тактоодо. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, факт маалыматтардын электрондук журналына катталып, териштирүү иштери жүрүп жатат. Кырсыктан канча киши каза болгону жана жабыр тартканы тууралуу расмий маалымат айтыла элек. Бүгүн, 21-майда саат 16:00 чамасында Айдаркен шаарчасынын Чечме айылында ири жол кырсыгы катталганын Өзгөчө кыдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлаган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Аксыда сел жүрүп, үйлөрдү суу каптады

Бүгүн, 21-майда Аксы районунун Кара-Башат айылында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, айрым үйлөрдү, короолорду суу каптаган. Окуя болгон жерге ӨКМдин райондук бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат. 19-майдын кечинде Лейлек районунда нөшөрлөп жааган жаандан улам бир катар айылдарда сел жүрүп, мал жандыктарды агызып, жолдун бир бөлүгүн бузуп кеткен. 18-майда Ош, Баткен, Жалал-Абад... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жумгалда прокурор менен соттун кармалышынын жаңы жагдайлары айтылды

Соттор кеңеши Башкы прокуратуранын "Жумгал райондук сотунун судьясы пара алууга шектелип кармалды" деген маалыматын төгүндөдү. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 21-майда Соттор кеңешинин басма сөз кызматы таратты. Анда көзөмөл органды такталбаган жана туура эмес маалыматтарды таратуудан алыс болууга чакырган. Көп өтпөй Башкы прокуратура Жумгал райондук соттун судьясы (А.А.) жана райондук прокурордун орун басары (О.Ж.) 50 миң сом пара алып жатып чогуу кармалганыны тартылган видеону таратты. "Ошол эле күнү... Читать дальше...

Azattyk.org 

Сексуалдык ыдык: коомдун жарылган жарасы

"Ачык Time" подкастында кыз-келиндерге ыдык көрсөтүү темасына кайрылып, анын кесепетин жана жашоодогу таасирин талдайбыз. Талкууга беш жашында ыдык көргөн Зыйнат жана жүздөгөн кыздардын арыз-муңун коомго алып чыккан актриса, блогер жана алып баруучу Назира Айтбекова катышты.

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Өзбекстан чектешкен жерде ири жол кырсыгы болду

Бүгүн, 21-майда саат 16:00 чамасында Айдаркен шаарчасынын Чечме айылында ири жол кырсыгы катталды. Өзгөчө кыдаалдар министрлигинин (ӨКМ)алдын ала берген маалыматына караганда, аталган айылдын Өзбекстан менен чек арадагы жердеги  “Чечме” өткөрүү постунда Камаз оор жүк ташуучу унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, өткөрүү постундагы имарат менен токтоп турган машинелерди сүзгөн. Жабыркагандар жана автоунаалардын үлгүлөрү такталууда. Кырсык болгон жерде ӨКМдин Кадамжай райондук бөлүмүнөн 18 куткаруучусу иштеп жатат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Чымкентте төрөт үйүнүн жанындагы жарылуудан бир киши каза болду

Казакстандын Чымкент шаарындагы төрөт үйүнүн жанында болгон жарылуудан бир киши каза тапты деп кабарлады жергиликтүү полиция. Төрөт үйүндөгү адамдар сыртка чыгарылган. Өзгөчө кырдаалдар департаменти жардыруудан оорукананын дары даярдаган жери бузулуп, өрт чыкканын ырастады. Өрттү өчүрүү маалында күйгөн адамдын сөөгүн табышкан. Алдын ала маалыматтарга караганда, маркум ал жерде кароолчу болуп иштейт. "Өрт өчүрүлдү. Имарттын бир бөлүгү, 130 чарчы метри ураган. Беш кабаттуу турак жайдын жанында жайгашкан... Читать дальше...

Azattyk.org 

Аба ырайы: айрым райондордо жаан жаайт

Кыргызгидромет 21-23-май күндөрү Кыргызстанда туруксуз аба-ырайы күтүлөрүн билдирүүдө. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу болуп, мөндүр, катуу шамал менен коштолот. Мындай аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат. 22-майда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолордо жаан карга айланат. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Айрым аймактарда шамалдын күчү секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бактыбек Мамытовдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын кызматкери, белгилүү диктор, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Бактыбек Мамытовдун сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 21-майда УТРКда өтүп, ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо, кесиптештери, жакындары, маданият ишмерелери катышты. Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын кызматкери, белгилүү диктор, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Бактыбек Мамытов узакка... Читать дальше...

Azattyk.org 

Министр Бейшеналиев Чаткалдагы шыбы урап калган мектепке барды

Чаткалда шыбы урап калган мектептин ордуна инвесторлордун жардамы менен жаңы имарат салынат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды. Министр шыбы ураган мектептин мугалимдери, окуучуларынан кабар алганы Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылына барды.   "Чаткал районундагы бардык мектеп жетекчилери менен жыйын өткөрүп, тармагыбыздагы жаңылануулар боюнча жеринен кабар бердим. Терек-Сайга сырттагы инвесторлордун жардамы менен жаңы мектеп салынат", - деди Бейшеналиев. Читать дальше...

Azattyk.org 

Улуттук наркты сактоо жөнүндө программа иштелип чыгат

Президент Садыр Жапаров “Улуттук нарк жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы бүгүн, 21-майда кабарлады. Жарлыкка ылайык, мамлекеттик катчыга быйыл 1-сентябрга чейин Улуттук наркты сактоо жөнүндө улуттук программаны иштеп чыгуу тапшырылды. Анда мамлекеттик тилге жана тарыхый баалуулуктарга өзгөчө көӊүл бурууну эске алуу сунушталган. Диний ишенимдердин жана каада-салттын баалуулуктарын бири-бирине карама-каршы койбоо, өрнөктүү, нарктуу жаранды калыптандырууда чөлкөмдүк... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кечиккен инсулин, кыйналган бейтаптар

Кант диабети менен ооруган адамдарга зарыл болгон курамында инсулин бар “Протафан” аттуу дары Кыргызстанга июндан эрте келбейт. Бейтаптар март айынан бери бул дары жок экенин айтууда. "Мамлекет акысыз бермек, бирок азырынча жок болууда" 33 жаштагы Айдар 15 жашынан бери экинчи типтеги кант диабети менен алышып келет. Ал буга чейин мамлекеттен акысыз инсулин алып дарыланып турган. Март айынан бери дарыны Казакстандан айына 7-8 миң сомго буйуртма берип сатып алууда. Өзү сыяктуу ооруган бейтаптардын көбү инсулинге жетпей... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу быйыл башталары айтылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу быйыл күзүндө баштала турганын 20-майда өкмөттүн жыйынында билдирди. Жапаров муну Кыргызстандын тарыхындагы эң ири долбоорлордун бири деп атап, аны колдоого чакырды. Темир жолду курууга байланыштуу долбоорду ишке ашыруудагы жагдайларга токтолгон жок. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу демилгеси 2000-жылдардын башында эле көтөрүлсө да ишке аша элек. Садыр Жапаровдун Кытайдын төрагасы Си... Читать дальше...

Azattyk.org 

Июнь окуясы: үч саясатчыга айып коюлду

Башкы прокуратура Июнь окуясы боюнча козголгон кылмыш ишине ылайык Убактылуу өкмөттүн үч мүчөсүнө айыбын угузду. Тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу иштин жагдайлары жашыруун экени айтылды. Айыпталуучулар бул иште саясий боёк бар экенин айтып, аны саясий ишмердиги менен байланыштырууда. Ал эми бийлик бул ишти коомчулуктун талабы менен жандантканын айтууда. Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы 20-май күнү 2010-жылдагы июнь калабасы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында ошол учурдагы Убактылуу... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жарандык авиация агенттиги түзүлдү

Министрлер кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги түзүлдү. Бул тууралуу жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгону 21-майда президенттин сайтына жарыяланды.  Жаңы түзүлгөн мекеме жарандык авиация чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгып, аны ишке ашырат жана бул тармактагы уюмдарынын ишин жөнгө салат. Агенттиктин директорунун милдетин аткаруучу болуп Александр Настаев дайындалды.  Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Жарандык авиация департаментиндеги штаттык... Читать дальше...