Кыргызстан менен Өзбекстан чектешкен жерде ири жол кырсыгы болду
Бүгүн, 21-майда саат 16:00 чамасында Айдаркен шаарчасынын Чечме айылында ири жол кырсыгы катталды. Өзгөчө кыдаалдар министрлигинин (ӨКМ)алдын ала берген маалыматына караганда, аталган айылдын Өзбекстан менен чек арадагы жердеги “Чечме” өткөрүү постунда Камаз оор жүк ташуучу унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, өткөрүү постундагы имарат менен токтоп турган машинелерди сүзгөн. Жабыркагандар жана автоунаалардын үлгүлөрү такталууда.
Кырсык болгон жерде ӨКМдин Кадамжай райондук бөлүмүнөн 18 куткаруучусу иштеп жатат. Министрликтин басма сөз кызматы кийинчерээк кошумча маалымат берилерин билдирди.
2022-жылдын алгачкы үч айында Кыргызстанда 1366 жол кырсыгы катталганын, андан 110 адамдын өмүрү кыйылып, 2079 адам жараат алганын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы билдирген. (КЕ)