World News in Kyrgyz
Июль
2022

Новости за 21.07.2022

Azattyk.org 

Мээнеткеч археолог Кубатбек Табалдыев 60 жашта

Кыргызстандагы талыкпай эмгектенип жаткан көрүнүктүү археологдордун бири Кубатбек Шакиевич Табалдыев 21-июлда 60 жашка чыкты. Анын үзөңгүлөш кесиптеши, жазма тарых булактарын изилдеген адис Тынчтыкбек Чоротегиндин маараке ээси тууралуу сереби. Алгы сөз. Илимий чыйырдын улантуучусу Мээнеткечтиги – кумурска менен бал аарыныкындай, салымы – опол тоодой болгон алатоолук заманбап окумуштуулардын бири – археолог Кубатбек Шакий уулу Табалдыев (адабиятта анын тегаты “Табалдиев” деп да жүрөт, бирок паспортуна ылайык Табалдыев) инибиз жана досубуз.

Azattyk.org 

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Кыргызстанга келди

Чолпон-Ата шаарында 21-июлда өтө турган Борбор Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү кеңешмесине катышуу үчүн Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Кыргызстанга келди. Аны "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды. 40 жаштагы Сердар Бердымухамедов быйыл март айында өлкөнү 16 жыл башкарган атасы Гурбангулы Бердымухамедовдон кийин бийликке келген. Бул анын Кыргызстанга алгачкы сапары. Казакстан жана Өзбекстандын президенттери Касым-Жомарт... Читать дальше...

Azattyk.org 

УКМК дары-дармекти мыйзамсыз ташыгандар кармалганын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) өлкөгө аткезчилик жолу менен дары-дармек ташып келген жаран кармалганын кабарлады. Атайын кызмат тараткан маалыматка караганда, Кыргызстандын К.К. аттуу жараны транспорттук кароодон өткөрүү линиясында “тиричилик буюмдары” үчүн CMR документтерин көрсөткөн. Ал башкарган “Вольво” үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунааны текшерүү учурунда эски буюмдардын артына катылган дары-дармектер табылган. УКМК учурда тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди. Читать дальше...

Azattyk.org 

Сот Жээнбековдун жардамчысын күнөөлүү деп тапты

Бишкектин Биринчи май райондук соту саясатчы Равшан Жээнбековдун жардамчысы Айсулуу Кудайбердиеваны 2019-жылы чек арадан туура эмес өткөнү үчүн күнөөлүү деп тапты. Бирок жоопкерчиликке тартуунун мөөнөтү өткөнүнө байланыштуу жазадан бошотулду. Бул тууралуу анын адвокаты Бакытбек Автандил Фейсбук баракчасына жазды. "Айсулуу чек арачыга паспортун көрсөтүп, Тажикстан менен чек арадан мыйзамдуу түрдө өткөн. Айыптоо тарап анын чек арадан мыйзамсыз өткөнү боюнча эч кандай далил келтире алган жок", - деп жазган жактоочу. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстанга Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон келди

Чолпон-Ата шаарында бүгүн, 21-июлда өтө турган Борбор Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга келди. Аны "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алганын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Казакстандын жана Өзбекстандын президенттери Касым-Жомарт Токаев менен Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга кечээ, 20-июлда келген. Жыйынга катышуу үчүн Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун да келери күтүлүп жатат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Саммитке байланыштуу Тамчы-Чолпон-Ата жолуна убактылуу чектөө киргизилет

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Борбор Азия мамлекет башчыларынын жолугушуусуна байланыштуу 21-июлда Тамчы айылындагы "Ысык-Көл" аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки жолдо 9:00дөн 10:00гө чейин толук чектөөлөр киргизиле турганын кабарлады. Маалыматка карганда, делегациялар келген маалда гана жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилип, жол боюнда кароосуз калтырылган автоунаалар эвакуацияланат. Аталган башкармалык жолдо жүрүү эрежерин жана айдоочулук маданияттуулукту сактоого... Читать дальше...

Azattyk.org 

УКМК чек ара бекеттериндеги тыгындын себебин түшүндүрдү

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматы коронавирус илдетине байланыштуу чектөөлөр алынып, туристтик сезон башталып, айыл чарба продукцияларынын экспорту көбөйгөндүгүнө байланыштуу чек ара бекеттеринде жүргүнчүлөрдүн жана жүк ташуучу унаалардын тыгыны байкалып жатканы белгиледи. Аталган мекеменин басма сөз кызматы өткөрүү пункттардагы кезек күтүү жана тыгын сезонго байланыштуу, ар дайым кайталанып турчу жагдай экенин билдирди. "Кыргыз-казак чегиндеги "Ак жол"... Читать дальше...