World News in Kyrgyz
Июль
2022

Новости за 07.07.2022

Azattyk.org 

БУУ Кыргызстанды аялдарга карата зомбулукту токтотууга чакырды

Бириккен Улуттар Уюму кыргыз бийлигинин гендердик теңдик, аялдардын жана кыздардын укугун коргоодогу аракеттерин эске алуу менен Кыргызстандагы акыркы айлардагы аялдарга карата үрөй учурган зомбулуктун күнөөкөрлөрү жазасыз  калганын тынчсыздануу билдирет. БУУ Кыргызстан аялдарга карата дискриминациянын бардык түрлөрүн жоюу боюнча эл аралык конвенциялардын катышуучусу экенин белгилейт. Эл аралык стандарттарга ылайык, зомбулуктан жапа чеккендерге, тийиштүү тергөөнүн жана сот процессинин ордуна, элдештирүү... Читать дальше...

Azattyk.org 

Каракалпакстан: кандуу калабага ким жооптуу?

Өзбекстандын Каракалпакстан автоном республикасындагы соңку элдик толкундоодо 18 адамдын өмүрү кыйылды. Жүздөгөнү жараат алды, жоон топ адам камалды. Каракалпакстандагы кандуу тополоңго ким жооптуу? Эми республиканы эмне күтөт? “Биз жана дүйнө” программасынан көрүңүз.

Azattyk.org 

Муфтият Дооловдун сөзү кадыр-баркка шек келтирбейт деп тапты

Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы (муфтият) Бишкек шаарынын Свердлов районунун башкы имам хатиби Садыбакас Дооловдун социалдык тармактарда талкуу жараткан видеосуна байланыштуу териштирүү жүргүзүп, аны үч критерий менен караган. Жыйынтыгында муфтият Доолов шариятты бузган эмес, саясатка аралашпаган жана жеке кадыр-баркка шек келтирген жок деп табылган. “Учурда Садыбакас ажы Доолов менен баарлашуу иштери жүргүзүлүп, элге айта турган сөздүн мааниси толук жетпей калгандыгы айтылды”, - деп жазылган билдирүүдө. Читать дальше...

Azattyk.org 

Америкалык баскетболист Грайнер орус сотунда күнөөсүн моюнуна алды

Орусиялык сот америкалык баскетболист, Олимпиаданын эки жолку чемпиону Бритни Грайнерди маңзаттарды сактоо жана аткезчилик үчүн айыптады. Күнөөсү далилденсе, 31 жаштагы спортчу 10 жылга чейин кесилиши мүмкүн. Грайнерди быйыл 17-февралда Москванын Шереметьево аэорпортунда кармашкан. Тергөөчүлөрдүн айтымында, багажында электрондук тамекинин кара куурайдын майы менен толтурулган картриждери табылган. 7-июлда Химки райондук сотунда өткөн жараянда ал күнөөсүн моюнуна алып, бирок мыйзам бузуу ниети... Читать дальше...

Azattyk.org 

Коронавирус менен күрөшүү боюнча штаб жыйынга чогулду

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов коронавируска каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын жыйынын өткөрүп, анда эпидемиологиялык абал жана эмдөөнүн жүрүшү тууралуу маалыматтар айтылды. Жыйында Саламаттыкты сактоо министрлиги учурда өлкөдө чектөө киргизүүнүн зарылчылыгы жок экенин, медициналык мекемелер ар кандай учурга даярдыгын маалымдады. Байсалов COVID-19га каршы эмдөөнү активдештирүүнү тапшырды. Кыргызстанга 2020-жылдын март айында киргизилген өзгөчө кырдаал режимин сактоо чечими кабыл алынды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Тогуз-Торо райондук сотунун судьясын жоопко тартууга макулдук алынды

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык Тогуз-Торо райондук сотунун судьясы Бообек Турсункулов убактылуу кызмат ордунан четтетилди. Бул тууралуу маалымат президенттин сайтына жазылды. Анда Судьялар кеңеши Башкы прокурордун судьяны кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу өтүнүчүнө макул болгондугуна байланыштуу жарлык чыгарылганы маалымдалат. Буга чейин апрель айында атайын кызмат Турсункулов пара алууга шектелип кармалганы кабарлаган. Маалыматка караганда, судья айдоо жерлерин бөлүштүрүү... Читать дальше...

Azattyk.org 

Миңдеген гектар жерди саранча каптады

Быйыл Кыргызстанда тогуз миңден ашуун гектар жерди чегиртке каптаган. Азыр 47 миң гектар жерге атайын каражат жана техниканын жардамы менен дары чачылып жатат. Сүрөт баянда Чүй облусунун жайыттарындагы иштин жүрүшү баяндалат.

Azattyk.org 

“Манас” аэропортунун жетекчиси алмашты

Бүгүн, 7-июлда “Манас” аэропортунун директорлор кеңешинин отурумунда мекеменин башкы директору Бакыт Шаршеевди кызматтан алуу жана анын ордуна Манас Самидиновду дайындоо чечими кабыл алынды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады. Жаңы жетекчи Манас Самидинов жөнүндө интернетте дээрлик маалымат жок. Ачык булактарда ал "Компания Манас Менеджмент" ишканасынын директору экени жазылган. 2020-жылдагы Октябрдагы окуялардан кийин Бактыбек Сыдыков депутаттык мандатын тапшырып, “Манас” аэропортуна директор болуп дайындалган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Британ премьер-министри Борис Жонсон отставкага кетти

Британ премьер-министри Борис Жонсон кызматынан жана башкаруудагы Консервативдүү партиянын төрагалыгынан кетти. Бул тууралуу жарыялап жатып, саясатчы дүйнөдөгү эң мыкты иштен кетип жатканына өкүнөрүн айтты. Бир аптага жетпеген убакытта кабинеттин элүүдөн ашуун мүчөсү жана жогорку аткаминерлер Жонсон менен иштөөдөн баш тартып, кызматынан кеткен. Премьер 5-июлда дайындаган финансы министри Надхим Захави бейшембиде Жонсонду отставкага кетүүгө чакырды. Ушул эле күнү шейшембиде дайындалган билим берүү министри Мишель Доунлан кызматтан баш тартты. Читать дальше...

Azattyk.org 

Султанбаев: президент балдарга карата зомбулукту кескин сындайт

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасында 13 жашар кыздын зордукталышы боюнча пикирин жазып, мамлекет башчы Садыр Жапаров балдарга карата зомбулукту кескин сындай турганын билдирди. "Президент Жапаров мындай терс көрүнүштөрдү, айрыкча балдарга карата мындай мамилени кескин сындайт. Мамлекет жашы жете электерге, балдарга карата зомбулукка жол бербөө багытында өз тарабынан бардык аракеттерди мындан ары да көрөт", - деп жазды Султанбаев. Ал сот акыйкат жаза береринен... Читать дальше...

Azattyk.org 

Арызы четке кагылган, суракка чакыртылган журналисттер

Бишкек шаардык соту иликтөөчү журналист Болот Темировдун аны кармоо операциясына катышкан милиция кызматкерлерине иш козгоо тууралуу арызын канааттандырган жок. Ал арада Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ленин райондук бөлүмүнө саясатчы Равшан Жээнбековдун билдирүүсүнөн улам "Азаттык Медиа" мекемесинин жетекчисинен сырткары "Клооп" басылмасынын башкы редактору да суракка чакырылды. Бул окуялар сөз эркиндигине байланыштуу маселени кайра күн тартибине чыгарды. Бишкек шаардык соту 7-июлда Биринчи... Читать дальше...

Azattyk.org 

Милиция тышкы карызга байланышкан иш боюнча билдирүү таратты

Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмү саясатчы Равшан Жээнбековдун социалдык тармактарда өлкөнүн тышкы карызы боюнча жазган билдирүүсүн “резонанс жаратып, коомдук-саясий абалды туруксуздаштырууга алып келиши мүмкүн” деген негизде маалыматтык журналга каттаганын билдирди. Ал материалдын негизинде Жээнбеков менен Финансы министрлигинин кызматкерлери күбө катары суралганын кабарлады. Милициянын басма сөз кызматы тараткан маалыматта саясатчынын жарыялаган билдирүүсү чындыкка дал келбей турганы аныкталганы айтылат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Ошко социалдык медиага редактор керек

Кызматтык орундун номери: BKYB026-2203 Кызмат орду: Ош шаары, Кыргызстан. Социалдык медианын редактору “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун башкы санарип редакторунун алдында социалдык медианы координациялоону, редакторлукту, түрдүү платформалар аркылуу аудитория менен байланышты камсыздайт. Жаңы медиада негизги ишти аткарып, санариптик демилгелерди көтөрүп, мазмунду таратуу жагын аныктайт. Социалдык медиа редактору "Борборазиялык мигрант" медиа долбоорунун бөлүгү болуп, Фергана өрөөнүнүн жашоо-турмушун жана маселелерин чагылдырат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстандык футболчу кыздар CAFA Women’s Championship мелдешине катышат

Кыргызстандын футбол боюнча кыз-келиндер курама командасы Эл аралык CAFA Women’s Championship мелдешине катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол уюму билдирди. Мелдеш 8-20-июль күндөрү Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында өтөт. Ага Кыргызстандын, Тажикстандын, Ирандын, Өзбекстандын жана Түркмөнстандын курама командалары катышат. Команданын башкы машыктыруучусу Нематжан Закиров 7-июлда журналисттердин суроолоруна жооп берип, шакирттеринин даярдыгы тууралуу буларга токтолду. "Бул турнирге кубануу... Читать дальше...

Azattyk.org 

Министрлер кабинети тышкы карызды башкаруунун жаңы стратегиясын бекитти

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “2022-2024-жылдарга мамлекеттик карызды башкаруунун стратегиясын бекитүү жөнүндө” токтомго кол койду. Бул тууралуу Финансы министрлигинин сайтында жазылды. Ал документте тышкы жана ички карызды төлөө, алуу жана башкаруу иш-чаралары жазылган. Кыргызстандын саясий чөйрөсүндө, социалдык тармактарда өлкөнүн тышкы карызы талкууланып жатат. 29-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентте сүйлөп жатып, эгер Кыргызстан аласадан убагында кутула албаса... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Азаттык Медиа" мекемесинин жетекчиси милицияга кайрадан суракка чакырылды

"Азаттык Медиа" мекемесинин жетекчиси Айзада Касмалиева бүгүн, 7-июлда да Бишкектин Ленин райондук милициясында күбө макамында суракта болду. Ал Кыргызстандын тышкы карызы тууралуу жарыяланган макала-маалыматтар боюнча суроолорго жооп берди. Сурак жүргүзгөн укук коргоо органдары аталган маалыматтарды жарыялоонун максатына кызыгышты. Жыйынтыгында суракка байланыштуу маалыматтарды жарыялабоо боюнча тил катка кол коюп берүү талабы коюлду, бирок “Азаттык Медиа” андан баш тартты. Суракка чогуу катышкан... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстанда COVID-19га байланыштуу азырынча чектөө киргизилбейт

Саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева коронавируска байланыштуу азырынча эч кандай чектөө киргизилбейт деп билдирди. Бирок ооруга чалдыккандар көбөйүп жатканын айтты. “Азырынча чектөө чараларын киргизүүгө эрте, анткени биз “жашыл зонадабыз”. Бирок ооругандардын саны өсүп жаткандыктан иштеп баштадык. Эртең коронавирус боюнча республикалык штабдын жыйыны пландалууда, балким ал жерден 2 жумага карата алдын ала божомол айтылат”, - деди  Арыкбаева. Саламаттык сактоо министрлиги... Читать дальше...

Azattyk.org 

Билим берүү министрлиги УКМКнын жемкорлук боюнча маалыматына жооп берди

Билим берүү жана илим министрлиги Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 20-майда жогорку окуу жайлардын биринде абитуриенттерди кабыл алуудагы мыйзам бузуу болгонун аныктаганы тууралуу билдирүү таратты. Анда мыйзам бузуу аныкталары менен министрликте комиссия түзүлүп, териштирүүнүн жыйынтыгы УКМКга өткөрүлүп берилгени айтылат. Мекеме бул мыйзам бузуу 2021-2022-жылдагы окуу жылында жогорку окуу жайларына кабыл алууга байланыштуу экенин, быйылкы абитуриенттерди кабыл алуу баштала электинин белгиледи. Читать дальше...

Azattyk.org 

Талибдер Өзбекстанды аткылагандарды табуу аракетин көрүүдө

"Талибан" жетектеген өкмөт Ооганстандын аймагынан Өзбекстанды аткылагандарды кармап, жазага тартууга аракет көрүп жатат. Бул тууралуу талибдердин расмий өкүлү Забиулла Мужахид Твиттерге жазды. Анын айтымында, бул эки дос мамлекет ортосунда өз ара ишенбөөчүлүктү пайда кылууну көздөгөн карасанатай күчтөр кылган иш. 5-июлда Ооганстандын аймагынан Өзбекстандын Термез шаарына беш ракета атылганы кабарланган. Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги "дүрмөттөр жарылган эмес, курмандыктар жана кыйроолор жок" деп билдирген. Читать дальше...

Azattyk.org 

Медиа: Борис Жонсон кызматтан кетүүгө макул болду

Британ маалымат каражаттары кабарлагандай, премьер-министр Борис Жонсон Консервативдүү партиянын төрагалыгынан кетүүгө даяр. Өкмөт башчы 7-июлда түштөн кийин кайрылуу жасайт. Ал акыркыга чейин кызматынан чегинүүгө макул болбой келген. Бир аптага жетпеген убакытта кабинеттин элүүдөн ашуун мүчөсү жана жогорку аткаминерлер Жонсон менен иштөөдөн баш тартып, кызматынан кеткен. Премьер 5-июлда дайындаган финансы министри Надхим Захави бейшембиде Жонсонду отставкага кетүүгө чакырды. Ушул эле күнү шейшембиде... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Клооп" басылмасынын редактору милицияга суракка чакырылды

"Клооп" басылмасынын редактору Ислам Розиев 7-июлда саат 15:00гө Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө күбө катары суракка чакырылды. Бул тууралуу басылманын сайтында кабарланды. Маалыматка ылайык, оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбековдун Кыргызстандын тышкы карызы жөнүндө билдирүүсүнө байланыштуу басылманын редактору күбө макамында сурак берет. Шаардык милиция бул тууралуу маалымат бере элек.  5-июлда “Азаттык Медиа” мекемесинин жетекчиси Айзада Касмалиева Бишкектин Ленин райондук милициясына күбө макамында сурак берип чыккан. Читать дальше...

Azattyk.org 

Садыр Жапаров саламаттыгы боюнча пландык кароодон өттү

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Президенттин иш башкармалыгына караштуу атайын ооруканадан пландык профилактикалык кароодон өттү. Бул тууралуу бүгүн 7-июлда “Азаттык” радиосуна президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди. “Мамлекет башчысынын саламаттыгы жакшы”, - деди Султанбаев. Бүгүн айрым маалымат каражаттары Садыр Жапаров атайын ооруканада болгонун жазып чыгышкан.

Azattyk.org 

Чек арада жараат алган эки аскер жакында ооруканадан чыгат

Бир ай мурда Баткенде чек арада жараат алган эки кыргызстандык аскердин абалы жакшы, жакында алар ооруканадан чыгат. Бул тууралуу 7-июлда “Азаттык” радиосуна Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаев билдирди: “Зулумбек жакшы болуп калды. Бир ай мурда аябай оор абалда эле. Сүйүнбек уулу да жакшы. Анын омурткасы жабыркаган. Басып жүрөт. Жакында чыгып кетишет». 3-июнда Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын Баткен районундагы Булак-Башы аймагында чек аранын шарттуу сызыгынан Кыргызстандын жерине мыйзамсыз өткөнүн... Читать дальше...

Azattyk.org 

COVID-19: Бишкек мэриясы шаарда абал туруктуу экенин билдирди

Бишкекте коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу. Бул тууралуу бүгүн 7-июлда “Азаттык” радиосуна борбор калаанын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева билдирди. Анын айтымында, COVID-19 диагнозу коюлгандар соңку эки аптадан бери кайра каттала баштады, алардын көбү амбулатордук негизде дарыланууда: “Эң көп дегени бир күндө 38 адам катталды. Негизинен аларда оору жеңил эле өтүп кетүүдө. Дарыгерлер даяр. Дары-дармек жетиштүү”. COVID-19 эпидемиясы Кыргызстанда 2020-жылдын мартында башталып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Үмүт конушунда талашка түшкөн үлүш жер

Аламүдүн районуна караштуу Пригородный айыл аймагында 2005-жылдан кийин түптөлгөн Үмүт конушунда 100дөн ашык түтүн үй-жайына болгон укугун каттата албай келет. Жер басып алуудан пайда болгон көйгөйгө күнү бүгүнкүчө чекит коюла элек.