World News in Kyrgyz
Декабрь
2022

Новости за 21.12.2022

Azattyk.org 

Шойгу армияга чакыруу курагын 30 жашка чейин деп өзгөртүүнү сунуш кылды

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу армияда милдеттүү кызмат өтөө курагын 18ден 21 жашка көтөрүүнү сунуш кылды. Мекеменин шаршемби күнкү коллегиясында 30 жашка чейин армияга чакырса  болот деген өзгөртүү киргизүү тууралуу айтылды. Мурдагы чек 27 жашка чейин болчу.  Шойгу куралдуу күчтөрдүн санын бир жарым миллионго жеткирүү пландалганын, келишим менен кызмат өтөгөндөр 695 миңди түзөрүн белгиледи. Азыр орус армиясы 1 150 628 аскерден турат. Ошол эле маалда министр кошумча мобилизация же кызмат... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бакыт Аманбаев: Кыргыз эли эч убакта тоталдык репрессияга жол бербейт

Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчиси Бакыт Аманбаев Бишкек - Вашингтон ортосундагы стратегиялык келишимге жетишүү үчүн аракеттер, Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалган саясатчылар менен активисттердин абалы, сөз эркиндиги жаатындагы соңку окуялар, АКШга ар кандай жолдор менен кетип жаткан кыргызстандыктардын тагдыры туурасында “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

Azattyk.org 

"Талибан" кыз-келинге университеттин эшигин жапты

Ооганстандын талибдер башкарган өкмөтү аялдардын университеттерде окуусуна тыюу салды. Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткан саясатчы, активисттердин адвокаттары тергөөдө Конституция жана мыйзамдар бузулганын билдирип, муну саясий иш деп баалашты. Кыргызстанда баш-аягы тогуз турак жай кооперативинин жетекчилери кармалды.

Azattyk.org 

Хатлондун 60 жаштагы тургуну террордук топко жалданганы үчүн 12 жылга кесилди

Тажикстандын Хатлон облусунун соту 60 жаштагы жергиликтүү тургунду согушкер топко жалдануу беренеси менен 12 жылга кести. Сафар Каримовго ноябрда чыккан өкүм тууралуу кошуна өлкөнүн Башкы прокуратурасы 20-декабрда билдирди. Маалыматка караганда, Орусияда эмгек миграциясында жүргөн Каримов «Ислам мамлекети» радикал тобунун идеяларына сугарылган, Сирия жана Ирактагы согушка башка мигранттар менен орус жарандарын жалдай баштаган. Мекенинде ага кылмыш иш козголуп, эл аралык издөө жарыяланган. Каримов... Читать дальше...

Azattyk.org 

Иранда актер Хоссейн Мохаммади өлүм жазасына өкүм кылынды

Иранда нааразылык акциясы учурунда Басижи аскердик кошуунунун мүчөсүнүн өлүмүнө байланыштуу өлүм жазасына өкүм кылынган беш кишинин катарында актер Хоссейн Мохаммади да бар. Өкүм үч соттук угуудан кийин эле чыкканын “Фарда” радиосу маалымдады. Актердун досу жана кесиптештери ал 5-ноябрда камалганын айтып беришкен. Көп узабай Мохаммади жакындарына чалып, "калпыстык" жакын арада чечилерин, аны бошотушарын айткан. Бул ишке байланыштуу дагы 11 киши , арасында 18ге чыга элек үч бала узак мөөнөттөргө кесилди. Читать дальше...

Azattyk.org 

Экс-президенттин жеңилдиктерин чектеген мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды

Кыргызстандын экс-президент деген расмий макамга ээ мурдагы башчыларына мамлекеттин эсебинен берилүүчү айрым жеңилдиктерди жоё турган мыйзам долбоору бүгүн 21-декабрда Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынды. «Президенттин ишинин кепилдиктери жана экс-президенттин макамы жөнүндө” мыйзамын өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун депутат Жеңишбек Токторбаев сунуштоодо . Ал демилгенин максаты – мамлекеттик каражатты жана мүлктү рационалдуу пайдалануу экенин айтты: «"Экс-президентке мамлекеттик дачалардын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ооганстанда кыз-келиндердин жогорку билим алуусуна тыюу салынды

Ооганстандын талибдер башкарган өкмөтү аялдардын университеттерде окуусуна тыюу салды. 20-декабрда чыккан буйрук дароо жана белгисиз мөөнөткө күчүнө кирди. БУУ, АКШ жана Британия бул чечимди катуу айыптады. Буга чейин кыздар орто мектептерге баруу мүмкүнчүлүгүнөн айрылган. Ошол эле күнү Улуттар Уюмунун Ооганстанга жардам көрсөтүү миссиясынын жетекчиси Роза Отунбаева Коопсуздук кеңешинде жасаган докладда оогандардын бакубат келечеги үчүн "Талибан" (Кыргызстанда тыюу салынган) менен диалогду улантуу зарылдыгын белгиледи. Читать дальше...

Azattyk.org 

Министрлик: Кыргызстан жыгачты ЕАЭБден тыш эч жакка экспорттобой турат

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги билдирүү таратып, быйыл август айынан бери өлкөдөн жыгач материалдары Евразия экономикалык биримдигинен (ЕАЭБ) тышкары эч жакка чыгарылбай келатканын эскертти. 21-декабрда жарыяланган билдирүүдө Орусияда быйыл жыл башында киргизилген чектөөдөн улам Кыргызстан бул өлкөдөн жыгач материалдарын ташып келе албай калганы, 1-августта кыргыз өкмөтү да жыгач материалдарын ЕАЭБден сырткары жакка экспорттоого убактылуу тыюу салган токтом кабыл алганы айтылат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Өзбекстан: Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум жазда өтүшү мүмкүн

Өзбекстанда Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча элдик референдумду эмки жылдын жазында, Ноорузга жакын өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу «Озодлик» радиосуна эки булак кабарлады. Маалыматка караганда, ушу тапта өкмөт дипломатиялык каналдар аркылуу өнөктүккө абройлуу конокторду чакыруунун үстүндө иштеп жатат. Бирок БШКнын өкүлү азырынча так маалымат жоктугун билдирди. Мыйзамга ылайык референдум өткөрүү демилгесин Өзбекстан жарандары, парламент жана президент көтөрө алат. Байкоочулар Мирзиёев... Читать дальше...

Azattyk.org 

Сасык тумоо: Бишкекте үй-бүлөлүк медицина борборлору кечинде да иштейт

Сасык тумоого кабылгандар кескин көбөйгөнүнө байланыштуу Бишкектеги үй-бүлөлүк медицина борборлору бейтаптарды кечинде да кабыл ала баштайт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, Бишкекте сасык тумоого кабылып, бейтапканага кайрылгандардын саны азайбай жатат. Ушуга байланыштуу үй-бүлөлүк медицина борборлору дүйшөмбүдөн жума күнгө чейин 08:00дөн 20:00гө чейин иштейт. Дем алыш күндөрү күндүзгү саат 2ге чейин бейтаптарды кабыл алат. Парламенттин 21-декабрдагы... Читать дальше...

Azattyk.org 

USAID Бишкектеги ыш маселесин чечүүгө жардам берет

АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) Бишкек шаарын ыштан тазалоого жардам берет. Бул тууралуу Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев аталган агенттиктин администраторунун орун басары Анжали Каур менен сүйлөшүүсүндө айтылды. Элчилик тараткан маалыматка караганда, жолугушуу 20-декабрда болду. Анда Аманбаев АКШ өкмөтү берген жардамдардын баарын Баткен облусун калыбына келтирүүгө жана Бишкектин аба ырайын жакшыртууга буруу зарылдыгын белгилеген. Каур өткөн айда АКШ бийлиги Баткен... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кемпир-Абад иши: адвокаттар парламент комитетине кайрылуу жолдошту

Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын адвокаттары Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбековага кайрылуу жолдоп, ишти тергеп жаткан тергөөчүлөрдүн аракеттерине юридикалык баа берүүнү өтүндү. Кайрылууну юрист Асыл Айтбаева Фейсбуктагы баракчасына жарыялады. Жактоочулардын тобу Кемпир-Абад иши боюнча кармоолор жана камоолор одоно мыйзам бузуулар менен коштолгонун белгилешкен. "Эки айдын ичинде тергөө аракеттери жүргөн жок... Читать дальше...

Azattyk.org 

Базарбаев: Мигранттар маселесин талкуулоо үчүн Орусиядан Бишкекке делегация келе жатат

Орусиядагы кыргызстандык эмгек мигранттары боюнча сүйлөшүү жүргүзүү үчүн Бишкекке орус бийлигинин атайын делегациясы келе жатканын бүгүн 21-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев билдирди. Жыйында депутат Сеидбек Атамбаев мигранттардан документ алуу үчүн “жашыл карта” талап кылынып жатканы, ал карта медициналык текшерүүдөн өткөндөргө гана берилип, андай текшерүүдөн өтүүдө өтө чоң көйгөйлөр бар экени тууралуу маселе көтөрдү. Читать дальше...

Azattyk.org 

Казакстан Германияга мунай ташуу маселесин караштырууда

Казакстан 2023-жылдын январь айынан тартып "Достук" кууру аркылуу Германияга мунай ташуу мүмкүнчүлүгүн карайт. Бул тууралуу "Казмунайгаз" компаниясынын башчысы Магзум Мирзагалиев 21-декабрдагы басма сөз жыйында билдирди. "Казакстан президентинин тапшырмасы менен "Казмунайгаз" 2023-жылдын январь айында Германияга мунай жөнөтүүнүн варианттарын карап көрөт", - деди ал. Компаниянын басма сөз кызматы билдиргендей, Магзум Мирзагалиев 20-декабрда Германиянын экономика жана климатты коргоо министринин... Читать дальше...

Azattyk.org 

Таштанды талаасы дагы 30 гектарга жайылды, маселени Коопсуздук кеңешинде кароо сунушталды

Бишкектин четиндеги таштанды талаасын иретке келтирүү үчүн бөлүнгөн акча маселесин изилдеген депутаттык комиссия бул көйгөй өлкөнүн Коопсуздук кеңешинде каралышы керек деген бүтүмгө келди. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында комиссиянын төрагасы Мирлан Самыйкожо билдирип, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕБРР) бөлгөн каражат боюнча козголгон кылмыш иштери аягына чыкпай жатканын айтты. Депутат белгилегендей, таштанды талаасынын маселеси чечилгенче анын аянты 45 гектар жерден дагы 30 гектарга чоңоюп... Читать дальше...

Azattyk.org 

Баткен: Жөлөкпул шартын өзгөртүү каралууда

Баткен облусунун чек арада жайгашкан айылдарынын жардамга муктаж тургундарына “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун берүүнүн жол-жобосу өзгөртүлүп жатканын бүгүн 21-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев билдирди. Депутат Миргүл Темирбаеванын Баткенде чек ара окуясынан жабыркаган айылдар азыр өзгөчө кыйын абалда турганы, калыбына келе электиги тууралуу суроосуна жооп берип жатып Базарбаев жөлөкпул төлөнүүчү критерийлер аталган аймак үчүн өзгөртүлөрүн айтты... Читать дальше...

Azattyk.org 

Терроризмден корголуучу жайларга мечит, чиркөөлөрдү кошуу сунушталды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет терроризмден корголушу керек болгон объектилердин тизмесин аныктады. Тиешелүү токтомдун долбоору Министрлер кабинетинин сайтына жарыяланды. Ага ылайык, тизмеге мөңгүлөр, дарыялар, табигый көлдөр, токой фонддору, токой чарба объектилери, улуттук макамы бар коруктар, убактылуу корукка алынган жайлар, табигый парктар, өзгөчө биосфералык аймактар, жолдор жана көпүрөлөрдөн башка бардык стратегиялык объектилер кирет. Андан тышкары башка объектилердин тизмесинде... Читать дальше...

Azattyk.org 

Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда кар жаайт

22-декабрда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Ысык-Көл облусунда жаан жаабайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаашы мүмкүн. Баткенде жаан жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз -4…+1; Талас өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5; Баткен, Ош... Читать дальше...

Azattyk.org 

Өзгөндө окуучулар арасындагы мушташта 16 жаштагы бала каза болду

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Октябрь айылындагы кесиптик лицейдин окуучулары мушташып, 16 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады. Милициянын маалыматына караганда, 20-декабрда кечки саат 21:30 чамасында аталган аймактагы №62 кесиптик лицейдин окуучуларынын мушташы тууралуу кабар түшкөн. Күбөлөр 3-курстун студенти, 17 жаштагы жигит 16 жаштагы уланды көкүрөк тушка муштап жибергенде ал эс-учун жоготуп, окуя болгон жерде каза болгонун айтышкан. Читать дальше...

Azattyk.org 

Өкмөт бала бакча ачкан ишкерлерге колдоо көрсөтүлөрүн жарыялады

Министрлер кабинети жеке жактарды өлкөдөгү бала бакчалардын санын көбөйтүүгө тартуу боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Анда бала бакчаларды көбөйтүү үчүн жеке менчик секторун да тартып, аларга жеңилдетилген шарттарды түзүп, мамлекеттик колдоо көрсөтүлөрү айтылган. Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген насыяларга мамлекеттик бюджеттен 2024-жылдан баштап жылына 500 миллион сом бөлүнүп турат. "Бул токтомдун кабыл алынышы мамлекет менен жеке ишкерлердин мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу колдонуусун шарттайт... Читать дальше...

Azattyk.org 

Депутат Осмонов ишкерликти текшерүүгө беш жылдык мораторий киргизүүнү сунуштады

Парламенттин 21-декабрдагы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов ишкерликти текшерүүгө беш жылдык мораторий киргизүүнү сунуштады. Бүгүн парламентте "Ишкердиктин субъектерине текшерүү жүргүзүүнүн тартиби" жөнүндө мыйзамдын долбоору талкууланды. Осмонов Экономика министрлиги сунуштаган мыйзамдын долбоору толуктоолорго муктаж экенин билдирди. "Өнүккөн мамлекеттерде жеке ишкерлерге аяр мамиле жасап, колдоо көрсөтүлөт. Бизде дагы ошондой мыйзамдар бар, бирок иштебейт. Биздин бюджет ишкерлердин салыгынан толуп... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстанда санарип паспорт жана айдоочулук күбөлүк колдонула баштайт

Кыргызстанда 30-декабрдан тарта электрондук документтер юридикалык күчкө ээ болот. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин токтому 18-декабрда чыккан. Кыргызстандыктар эми "Түндүк" мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталынын мобилдик тиркемеси аркылуу документтерди санарип форматта мамлекеттик мекемелерге, юридикалык жана жеке жактарга көрсөтө алат. Токтомго ылайык, паспорт, туулгандыгы тууралуу, айдоочулук күбөлүктөр жана жарандарга тиешелүү документтердин "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу алынган... Читать дальше...

Azattyk.org 

Сыдыков тогуз кооперативдин жетекчиси кармалганын билдирди

Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков ушул убакка чейин тогуз кооперативдин жетекчиcи кармалганын билдирди. Бул тууралуу ал 21-декабрда парламентте “Акционердик коомдор жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү” мыйзам долбоору талкууланган учурда айтты. Талкуу учурунда депутат Адахан Мадумаров элди ыйлаткан кооперативдерге чара көрүлбөй жатканына кызыкты. Эл өкүлү "Ихсан" кооперативин мисал келтирди. "Юстиция министрлиги кооперативдер боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Буйруса январь айында алдыңыздарга келет. Читать дальше...

Azattyk.org 

Мирзиёев энергокризистин себебин түшүндүрдү

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев шейшембиде парламентте туруп элине кайрылды. Өзбек лидери элин кыйнаган энергоркризистин себептерине токтолуп, эскилиги жеткен инфраструктураны жаңылоо миллиарддаган долларды талап кыларын айтты. 36 миллион калкы бар өлкөдө быйыл ызгаар катуу болуп, жарык менен газ жетишсиз болууда. Социалдык тармактарда блогерлер карапайым эл кантип каржалып жатканын көрсөткөн видеолорду жарыялап жатат. Президент Шавкат Мирзиёев 20-декабрда парламенттеги кайрылуусунда бул кризиске да токтолуп... Читать дальше...

Azattyk.org 

Мамлекеттик мүлк фонду "Альфа Телекомду" баалоо үчүн сынак жарыялады

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду "Альфа Телеком" (MEGA бренди) ишканасын баалоочу компанияны тандоо үчүн сынак жарыялады. Мындай жарыя 20-декабрда мамлекеттик сатып алуулар порталына чыкты. Андагы маалыматка ылайык, арыздар 2023-жылдын 9-январына чейин кабыл алынат. Баалоо үчүн 7 млн. 800 миң сом белгиленген. Тандалган компания тиешелүү документтерди алган соң 45 күндүн ичинде баалоо иштерин бүтүрүшү керек. Фонддун башчысы Мирлан Бакиров "Азаттыкка" билдиргендей, MEGA мамлекет сатыкка коё турган 30 ишкананын катарында... Читать дальше...