World News in Kyrgyz

Хатлондун 60 жаштагы тургуну террордук топко жалданганы үчүн 12 жылга кесилди

Тажикстандын Хатлон облусунун соту 60 жаштагы жергиликтүү тургунду согушкер топко жалдануу беренеси менен 12 жылга кести. Сафар Каримовго ноябрда чыккан өкүм тууралуу кошуна өлкөнүн Башкы прокуратурасы 20-декабрда билдирди.


Маалыматка караганда, Орусияда эмгек миграциясында жүргөн Каримов «Ислам мамлекети» радикал тобунун идеяларына сугарылган, Сирия жана Ирактагы согушка башка мигранттар менен орус жарандарын жалдай баштаган.


Мекенинде ага кылмыш иш козголуп, эл аралык издөө жарыяланган.


Каримов 2017-жылы Орусиянын Самара облусунда кармалып, бир нече ай тергөө абагында отурган жеринен да орусиялык төрт жаранды Сирияга жалдоого үлгүргөн  деп айтылат тажик Башкы прокуратурасынын маалыматында. Ошол жылдын аягында аны Тажикстанга жеткиришкен.


Тажик бийлигинин маалыматына ылайык, 2013-2015-жылдары миңдей жаран «Ислам мамлекети» террордук тобуна кошулуу үчүн өлкөдөн кеткен. Бир нечеси Сирия менен Ирактагы согушта каза тапкан.


Кайтып келгендердин айрымдары мунапыска илинген же абакка кесилген. Сөз болгон эки өлкөдөн 220 аял жана балдар кайтарылган.

Читайте на сайте