World News in Kyrgyz
Апрель
2026

Новости за 13.04.2026

Azattyk.org 

"Кытайларды кемсинтүү эмес, Бээжиндин саясатына каршы акция болгон". Казакстанда 19 киши соттолду

Казакстандын Талды-Коргон шаарында расмий катталбаган «Атажурт» кыймылынын 19 мүчөсү жана тарапташы "улуттар аралык кастыкты козутуу" үчүн айыптуу деп табылды. Жети активист 5 жылдан абакка кесилди. Алар былтыр күздө Шинжаңдагы мусулмандарды куугунтуктоону токтотууну талап кылган акция уюштурган.

Azattyk.org 

Мурдагы чекист Даниэл Рысалиев кармалганы кабарланды

УКМКнын мурдагы төрага орун басары Даниэл Рысалиев кармалганы кабарланды. Ал ИИМдин Тергөө башкармалыгына суракка чакырылып, камакка алынган. УКМКнын дагы эки кызматкери кармалганы белгилүү болду. Рысалиев февралда мурдагы төрага Камчыбек Ташиевдин отставкасынан кийин жумуштан кеткен эле. Кыргызстанда акыркы айларда УКМКнын Бишкек башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков менен байланышы бар делген бир нече киши камакка алынды. Арасында атайын кызматтын дагы өкүлдөрү бар.

Azattyk.org 

АКШ Ормузду бөгөттөй турганын эскертти, Тереган аны "деңиз каракчылыгы" деп атады

УКМКнын мурдагы төрага орун басары Даниэль Рысалиев кармалганы кабарланды. Ал Ташиев кызматынан алынар замат орун басарлыктан кеткен эле. Трамп Иран менен кездешүүдөн майнап чыкпаган соң, Ормуз кысыгы бөгөттөлөрүн ырастады. Ислам жумурияты АКШ Ормузду бөгөттөсө катуу жооп кайтарыларын эскертти. Президент Садыр Жапаров беш күндүк иш сапары менен Ош облусунда жүрөт. Элдин сураганы эмне?

Azattyk.org 

"Сагынычты күүлөргө жашыра албайм". Шербет Келдибекованын сырдуу поэзиясы

Бишкекте "Үч муундун үч акыны" поэзия кечеси өттү. Анда улуу, орто жана жаш муундан чыккан үч акындын ырлары окулду. Алардын ичинен акын, маркум Шербет Келдибекованын чыгармачылыгы өзгөчө сөз кылууга арзыйт.

Azattyk.org 

Казакстанда Кытайга каршы нааразылык акциясына чыккан 19 адамга соттун өкүмү чыкты

13-апрелде Казакстандын Талдыкоргон шаарында сот «улуттар аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча айыпталган 19 адамдын баарын күнөөлүү деп тапты. Сот чечимине ылайык, айыпталуучулардын көбү беш жылга эркинен ажыратылды, айрымдарына эркиндигин чектөө жазасы чегерилди. Мындан тышкары, алардын баарына үч жылга коомдук-саясий ишмердүүлүк менен алектенүүгө тыюу салынды. Айыпталуучулардын арасында «Атажурт» уюмунун жетекчиси Бекзат Максутхан 5 жылга кесилди. Анын карындашы, кыймылдын юристи Назигуль Максутхан 4 жыл 8 айга эркиндиги чектелди. Читать дальше...

Azattyk.org 

"Манасты" аралап өтчү жол: мэриянын планы, студенттердин нааразылыгы

Кыргыз-Түрк  «Манас» университетинин кампусун кесип өтчү жаңы жолду ачууну көздөгөн Бишкек мэриясынын демилгеси кызуу талкууга түштү. Мэриянын мындай демилгесине университеттин студенттери, бүтүрүүчүлөрү, айрым шаар тургундары каршы чыгууда.

Azattyk.org 

Тегеран Ормуз курчоого алынса, Перс булуңундагы порттор коркунучка кабыларын билдирди

13-апрелде Ирандын куралдуу күчтөрүнүн негизги операциялык штабы АКШ Иран портторун блокадага алса, «Перс булуңунда жана Оман булуңунда бир да порт коопсуз болбойт» деп билдирди. Иран тарап АКШнын эл аралык аймактагы кеме кыймылына«чектөө киргизүүсүн» мыйзамсыз аракет жана «деңиз каракчылыгынын мисалы» деп атады. Дем алыш күндөрү Пакистанда өткөн сүйлөшүүлөр ийгиликсиз аяктагандан кийин АКШ президенти Дональд Трамп 13-апрелде чыгыш убактысы боюнча саат 10:00дөн (Иран убактысы 17:30) тартып Иран портторуна... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Эл үнү жана шайлоого камылга". Жапаровдун Оштогу беш күндүк сапары

Президент Садыр Жапаров беш күндүк иш сапары менен Ош облусунда жүрөт. Ал жергиликтүү эл менен жолугууга көп убакыт бөлүп, көйгөйлөрүн угууда. Президентке укуктук, социалдык жана башка жергиликтүү маселелер айтылып жатат.

Azattyk.org 

Трамп Рим папасы Леонду сынга алды

АКШ президенти Дональд Трамп 12-апрелде журналисттерге берген маегинде Рим папасы Леонду сынга алды. Ал понтифик тууралуу «мен анын чоң күйөрманы эмесмин» деп билдирди. Бул билдирүү папа Леон бир күн мурда тынчтыкка чакырык жасагандан кийин айтылды. «Мен Папа Леонду жактыра бербейм. Ал өтө либералдуу адам жана кылмыштуулукту токтотууга ишенбейт», — деди Трамп. Ошондой эле ал папаны «өзөктүк курал чыгарууну каалаган өлкө менен ойноп жатат» деп айыптады. Андан бир нече саат мурда Трамп социалдык тармакта узун билдирүү жазып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Акмат Бакиев каза болду

Апрель ыңкылабында кулатылган мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Акмат Бакиев каза болгонун "Азаттыкка" анын жакындары ырасташты. Маалыматка ылайык, 66 жаштагы Бакиев 13-апрелде Өзбекстандын аймагында каза болгон. Ал соңку жылдары ооруп жүргөнү айтылууда. Акмат Бакиевдин сөөгү туулуп-өскөн Жалал-Абад облусунда жерге берилет. Акмат Бакиев агасы Курманбек Бакиев бийликте турган жылдары Жалал-Абад облусундагы таасирдүү фигуралардын бирине айланган. 2010-жылы жайында кармалып, Апрель, Июнь... Читать дальше...

Azattyk.org 

Австралиянын тарыхында биринчи жолу армияны аял жетектейт

Австралия бийлиги 13-апрелде коргоо күчтөрүнүн жетекчилигинде өзгөрүүлөр болуп жатканын билдирип, тарыхта биринчи жолу армиянын башына аял дайындала турганын жарыялады. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды. Өкмөттүн маалыматына ылайык, генерал-лейтенант Сьюзен Койл июль айында армиянын башчысы болуп дайындалат. Ал генерал-лейтенант Саймон Стюарттын ордуна келет. Бул дайындоо Австралия армиясында аял офицерлердин санын көбөйтүү аракеттери жүрүп жаткан учурга туш келди. Азыр армия сексуалдык зомбулук... Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусияда азери диаспорасынын башчысы 24 жылга кесилди

Орусиянын Екатеринбург шаарындагы Киров райондук соту 13-апрелде Уралдагы азербайжан диаспорасынын башчысы Шахин Шыхлинскини бийлик өкүлүн уруп-сабаган деген айып менен 9 жылга катуу режимдеги колонияга кести. Бул тууралуу «Коммерсант-Урал» басылмасы жазды. Март айынын башында ал 2001 жана 2011-жылдардагы киши өлтүрүү жана өлтүрүүгө аракет кылуу иштери боюнча 22 жылга кесилген. Эки өкүмдү кошкондо, ал жалпы 24 жыл түрмөдө отурат. Шыхлински жана анын уулу Мутвалы Шыхлински 2025-жылдын июль айында... Читать дальше...

Azattyk.org 

АКШ Иран мунайын сатып алгандар "жоопко тартыларын" эскертти

АКШ Ирандын санкцияга кирген мунайын сатып алган же саткан бардык тараптарды «катуу жоопко тартат». Бул тууралуу Кошмо башкы прокурорунун милдетин аткаруучу Тодд Бланш билдирди. Анын билдирүүсү АКШ президенти Дональд Трамп стратегиялык Ормуз кысыгын блокадага алуу чечимин жарыялагандан кийин жасалды. Бланш социалдык тармактагы билдирүүсүндө кошумча маалымат берген жок Трамптын алгачкы билдирүүлөрүнөн кийин АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) блокада кысыкты толук жабуу эмес экенин тактады. Маалыматка караганда... Читать дальше...

Azattyk.org 

Нетаньяху Ливандын түштүгүнө барып, согуш уланарын билдирди

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху 12-апрелде Ливандын түштүгүндө жайгашкан аймактарга барып, Иранга таянган «Хезболла» кыймылына каршы аскердик операциялар эл аралык ок атышууну токтотуу чакырыктарына карабастан уланарын билдирди. «Согуш уланууда, анын ичинде Ливандагы коопсуздук аймагында да», — деди Нетаньяху өзүнүн кеңсеси тараткан видеодо. Ал Ливандын түштүгүнө Израилдин коргоо министри Исраэл Кац жана Башкы штабдын башчысы Эял Замир менен бирге барган. Алар так кайсы жерде болгону белгиленген эмес. Читать дальше...

Azattyk.org 

Экс-депутат Исатбек кызы эмгек министринин орун басары болду

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аида Исатбек кызы эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Буга чейин ал кызматта Айнура Орозбаева иштеп келаткан. 35 жаштагы Аида Исатбек кызы Чүй облустук университетин “юриспруденция” адистигин аяктаган. Жогорку Кеңештин VII чакырылышында депутат болгон. (BTo)

Azattyk.org 

Ошто өзүнө ок атканы айтылган жоокер каза болду

Чек ара кызматы Ош облусундагы “Эркечтам” өткөрүү пунктунда өмүрүнө кол салганы айтылып жаткан 22 жаштагы (И. уулу А.) жоокер каза болгонун билдирди. Мекеменин маалыматында ал Алай районунун Гүлчө шаарында ооруканада жан берген. Келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан жоокер 7-апрелде өзүнө аткан ок ээктин алдынан кирип, көз тушунан чыгып кеткен. Жаагы, баш сөөктөрү жабыркаган. Ал аталган өткөрүү пунктунда келишимдик негизде үч жылдан бери кызмат өтөп жаткан. Мамлекеттик Чек ара кызматы жоокер өзүн өзү атып алган деп 8-апрелде кабарлаган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Трамп Ормуз кысыгы курчоого алынганын кабарлады

АКШнын президенти Дональд Трамп Ормуз кысыгын курчоо башталганын жарыялады. Трамптын жекшембидеги билдирүүсүнө караганда, Американын аскер-деңиз күчтөрү "Ормузга кирүүгө жана чыгарууга аракет кылган бардык кемелерди блокадага алат". Кошмо Штаттарынын Борбордук командачылыгы 12-апрелдин кечинде курчоо Ирандын бардык портторуна тиешелүү экенин жана 13-апрелде Вашингтон сааты менен эртең менен башталарын билдирди. Трамп флотко Иранга кысыктан өтүү үчүн акы төлөгөн кемелердин баарын аныктап, кармоону тапшырды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Айдарбеков депутаттык мандат берүүнү талап кылып БШКга арыз жазды

Жогорку Кеңештин депутаттыгына Бишкектеги №21 шайлоо округунан талапкер Чыңгыз Айдарбеков ага мандат берүүнү талап кылып Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз тапшырганын билдирди. Ал Куванычбек Конгантиев мандатынан ажыратылгандан бери бир айдан ашык убакыт өткөнүн, бирок Боршайком мандат боюнча ага бир да жолу расмий жооп бербегенин кошумчалады. 23-мартта Ютубдагы ээси ким экени белгисиз канал “Чыңгыз Айдарбековдун чуулгандуу кылмыштары. Эл чындыкты билиши керек!” деген тема менен 5 мүнөттөн ашык видео жарыялаган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кургакчылык: суу тартыш, түшүм азайды

Кыргызстанда кургакчылык, сугат суунун тартыштыгы дыйкандардын негизги көйгөйүнө айланды. Изилдөөлөргө ылайык, климаттык оош-кыйыштын кесепети ириде айыл чарбасына тиет. Адистер мындан улам келечекте азык-түлүк жана суу коопсуздугуна байланыштуу курч маселер жаралышы ыктымалдыгын эскертишет.

Azattyk.org 

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Рысалиев кармалганы кабарланды

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын мурдагы орун басары Даниэл Рысалиевди кармады. Бул тууралуу “Азаттыкка” өздүк булактар билдирди. Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери аны Ысык-Көлдөн кармаган. ИИМ азырынча маалымат бере элек. Ага кайсыл иш боюнча, кандай айып коюлганы да азырынча белгисиз. Ал 2025-жылдын декабрь айында УКМКнын төрагасынын орун басары - Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борбордун директору болуп дайындалган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Президент мыйзамсыз менчиктештирилип, мамлекетке алынган мүлктөр кайра кайтарылбай турганын айтты

Президент Садыр Жапаров коррупцияга каршы күрөштүн алкагында мамлекетке алынган мүлк, каражат боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК), Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги (ИИМ) жана президенттин администрациясы тактоо иштерин жүргүзүп жатканын билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров журналист Ыдырыс Исаковго берген маегинде айтты. Президент толук маалымат жумуш аягына чыкканда берилерин кошумчалады. “Эгерде чындап эле адилетсиз алынып калган болсо аны карап көрөбүз деп атабыз. Читать дальше...

Azattyk.org 

Касымалиев АКШда Трамптын администрациясынын өкүлдөрү менен жолугушат

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен АКШга барды. Өкмөттүн басма сөз кызматы ал Дүйнөлүк банктын операциялар боюнча башкаруучу директору Анна Бьерде, Европа жана Борбор Азия боюнча вице-президенти Антонелла Бассани менен жолугушарын билдирди. Министрлер кабинети анда “Камбар-Ата-1” гидроэлектр станциясынын (ГЭС) курулуш долбоору боюнча сүйлөшүү болорун кабарлады. Ошондой эле Адылбек Касымалиев АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясынын өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрө турганы айтылды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Эркин күрөш: Азия чемпионатында кыргыз балбандары төрт коло байгеге ээ болушту

12-апрелде Бишкекте жыйынтыкталган күрөш боюнча Азия чемпионатында эркин күрөш боюнча таймаштарда кыргызстандык балбандар төрт коло байгеге ээ болушту. Дүйнөлүк күрөш уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, кыргызстандык балбандардан коло медалдарга Абдумалик Карачов (57 кг чейин ), Эрназар Акматалиев (70 кг чейин), Жакшылык Байташов (79 кг чейин) жана Яков Чаплин (92 кг чейин) ээ болду. Командалык эсепте Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасы 102 упай топтоп, 5-орунду ээледи. Читать дальше...