World News in Kyrgyz
Апрель
2026

Новости за 21.04.2026

Azattyk.org 

Васильевка: кандуу канал качан жабылат?

Бишкектин четиндеги Васильевка айылын аралап өткөн “Сууканал” ишканасынын техникалык каналынын үстүн жабууну жергиликтүүлөр талап кылышууда. Акыркы эки жылда беш адам каналга агып кеткен. Алардын төртөө өспүрүм балдар. Узундугу 22 чакырым, тереңдиги 2 метр болгон каналга шаардагы канализациядан бөлүнүп чыккан суу агат. “Сууканал” ишканасы бул көйгөйдү эми чечерин айтууда.

Azattyk.org 

Жапаров Астанада Аймактык экологиялык саммитке катышат

Президент Садыр Жапаров бүгүн 21-апрелде иш сапар менен Казакстандын борбору Астанага барды. Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргенине караганда, кыргыз президентин аэропорттон казак премьер-министри Олжас Бектенов тосуп алды. "Иш сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Аймактык экологиялык саммиттин пленардык сессиясында сөз сүйлөйт, чет элдик делегациялардын башчылары менен эки жактуу жолугушууларды өткөрөт, ошондой эле Жашыл жана туруктуу технологиялар эл аралык көргөзмөсүнүн павильонуна барат"... Читать дальше...

Azattyk.org 

АКШ - Иран сүйлөшүүсү өтөөр-өтпөсү белгисиз

Тегеран АКШ менен сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасына катышарын расмий бышыктабаганы менен айрым медиа өлкөнүн делегациясы Исламабадга барарын жазды. Буга чейин Ислам жумурияты АКШ Ормуз кысыгындагы блокаданы алмайынча америкалык чабармандар менен жолугушуу болбойт деп айтып келген. Бирок тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн уланып-уланбасы дагы деле бүдөмүк.

Azattyk.org 

Amnesty International: Журналисттерге басым-кысым уланууда

Кара-Сууда жол кырсыгынан төрт адам мүрт кетти. Куран окутууга баратып кырсыктан каза тапкандардын үчөө айыл башчылары болгон. Кыргызстанда акыркы саясий окуялардан соң Улуттук коопсуздук комитети менен Ички иштер министрлиги бири-биринин кызматкерлерин кармап жатат. Эки укук коргоо органы тирешип жатабы? АКШ менен Ирандын тынчтык сүйлөшүүлөрү уланар-уланбасы бүдөмүк. Bloomberg Дональд Трамп ок атышпоо режимин бир күнгө созуп, андан ары узартпай коюшу мүмкүн экенин эскерткенин жазды.

Azattyk.org 

Коопсуздук кызматы менен милиция: тазалообу же тирешпи?

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысын жана ыкчам кызматкерин 100 миң доллар пара талап кылууга шек санап кармады.

Azattyk.org 

Сот аткаруу кызматы Ак-Ордодогу мыйзамсыз делген үйлөрдү бузуу боюнча маалымат берди

Башкы прокуратуранын Сот аткаруучулар кызматы Бишкектин четиндеги Ак-Ордо конушунда үйү буздурула турган жарандардын нааразылыгына байланыштуу маалымат берди. Мекеме билдиргендей, 21-апрелде кызматкерлер ал жерге мажбурлап аткаруу (бузуу) тууралуу соттук акт мыйзамдуу күчүнө киргендигине байланыштуу барышкан жана тиешелүү эскертүү тургундарга үч күн мурда берилген. Маалыматта айтылгандай, Бишкектин Ленин райондук соту мыйзамсыз курулуштарды бузуу тууралуу чечим чыгарган, 4-мартта К. уулу Н. жана И. Читать дальше...

Azattyk.org 

Трамп Иран менен атышууну токтотуу келишимин узарткысы келбей турганын билдирди

АКШ президенти Дональд Трамп Иран менен атышууну токтотуу келишимин узарткысы келбейт. Бул тууралуу ал 21-апрелде CNBC телеканалына курган маегинде айтты. Иран менен АКШнын ортосунда Пакистандын ортомчулугу менен түзүлгөн келишим 22-апрелде аяктайт. Трамп 21-апрелде тынчтык режимин улантууга убакыт аз экенин айтып, Кошмо Штаттар сүйлөшүүлөрдө күчтүү позицияда экенин белгиледи. Вашингтон жакын арада тынчтык сүйлөшүүлөрү Пакистанда өтүшү мүмкүн экенин билдирген. Иран тарап болсо мындай жолугушууга катышуу мүмкүнчүлүгүн карап жатканын айткан. Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкек–Ош аба каттамынын кымбаттыгы тууралуу маселе парламентте да көтөрүлдү

Бишкек–Ош багытындагы аба каттамынын белет баасы кымбаттыгына нааразылык көп айтылып жатканы боюнча маселени Жогорку Кеңештин депутаты Уланбек Жаанбаев айтып чыкты. Депутат 21-апрелде Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү комитетинин отурумунда Монополияга каршы тескөө кызматынын өкүлүнө кайрылып, белет баасын көзөмөлдөөнү талап кылды. "Каттамды бир-эки компания ээлеп алып, монополия кылып жатышат. Башка авиакомпанияларды киргизбейт экен. Ош-Бишкек каттамындагы самолеттун белет баасы 8,5-9 миң сомго чыгып жатат. Читать дальше...

Azattyk.org 

ЖК депутаты мамлекетке өткөн объектилер боюнча комиссия түзүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Улан Жаанбаев мамлекетке өткөн объектилер боюнча комиссия түзүүнү бүгүн, 21-апрелде парламенттин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү комитетинин жыйынында сунуштады. Ал кийинки жылдары мамлекетке алынган объектилер боюнча элде суроо көп экенин, ушул багытта комиссия түзүү зарыл экенин белгиледи. Комитет "Атаандаштык жөнүндө" мыйзамдын долбоорун талкуулады. Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова мыйзам долбоору атаандаштык чөйрөсүн өнүктүрүү... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Унаа жардан кулап кеткен". Кара-Сууда үч айылдын башчысы жол кырсыгынан каза болду

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жаңы-Арык – Кызыл-Суу жолунда болгон жол кырсыгынан Ынтымак айыл өкмөтүнүн төрт кызматкери каза болду. Унаа жардан кулап, Куршаб дарыясына түшүп кеткен. Маркумдардын үчөө айыл башчысы, бири айыл өкмөттүн кызматкери болгон.

Azattyk.org 

Иран: Ок атышпоо мөөнөтү аяктоодо, сүйлөшүүлөрдүн тагдыры бүдөмүк

Тегеран АКШ менен сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасына катышарын расмий бышыктабаганы менен айрым медиа өлкөнүн делегациясы Исламабадга барарын жазды. Буга чейин ислам жумурияты АКШ Ормуз кысыгындагы блокаданы алмайынча, америкалык чабармандар менен жолугушуу болбойт деп айтып келген.

Azattyk.org 

Даун синдрому бар балдардын ата-энелери коомчулуктан жардам сурады

Кыргызстандагы Даун синдрому менен төрөлгөн балдардын ата-энелери түзгөн "Сантерра" коомдук фонду коомчулукка кайрылып, жардам сурады. "Даун синдромун дарылоого болбойт, бирок аны менен жарыкка келгендер жардамга муктаж. 10 жылдан бери аталган фонд өз имараты жок болгондуктан ар кай жактан жайды ижарага алып иштеп жатат. Ата-энелер 2026-27-окуу жылында Даун синдрому бар 40 баланы окутуу, коомго аралаштыруу, дене тарбия менен алектенүү, когнитивдик жана сүйлөө жөндөмүн өөрчүтүү аракети үчүн долбоор жазганбыз. Читать дальше...

Azattyk.org 

"Жалал-Абад" эл аралык финансы борборун түзүү мыйзам долбоору парламентте колдоо тапкан жок

"Жалал-Абад" эркин экономикалык аймагынын ичинде "Жалал-Абад" финансы борборун куруу тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште артка кайтарылды. Парламенттин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү комитети 21-апрелде “Жалал-Абад эл аралык финансылык борбору” эркин экономикалык зонасын түзүү жөнүндө” мыйзам долбоорун кайра иштөөгө жиберди. Документ комитеттин экинчи окуудан кароосуна киргизилген. Бирок комитет төрагасы Жаныбек Абиров долбоор биринчи окууда Министрлер кабинетинин каршы пикирин жаратып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Иран парламентинин төрагасы согушта Тегеран "жаңы карталарын" чыгарарын айтты

Иран АКШ жана Израил менен болгон тиреште «жаңы карталарын» көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу Мохаммад Бакер Калибаф айтты. Ал Иран парламентинин төрагасы гана эмес, тынчтык сүйлөшүүлөрүндөгү башкы өкүлдөрдүн бири. Анын айтымында, өлкө акыркы апталарда жаңы кадамдарга даярданды. Калибаф X платформасында 20-апрелде жазган билдирүүсүндө АКШ президенти Дональд Трампды сынга алды. Ал Трампты «блокада киргизип, ок атышууну токтотуу келишимин бузду» деп айыптады. «Биз коркутуулар астында сүйлөшүүгө макул эмеспиз. Читать дальше...

Azattyk.org 

Казакстанда төрт атомдук электр станциясын куруу пландалууда

Казакстанда келечекте төрт атомдук электр станциясын куруу пландалууда. Бул тууралуу Атом энергетикасы боюнча агенттиктин башчысы Алмасадам Саткалиев билдирди. Анын айтымында, мындай кадам өлкөнү энергия менен туруктуу камсыз кылуу үчүн зарыл. Станцияларды курууга ылайыктуу аймактар катары Балхаш көлүнүн жээги, чыгыштагы Курчатов, Батыш Казакстан облусу жана түндүктөгү Костанай каралууда. 2025-жылдын февралында өкмөт биринчи атомдук станция курула турган жерди расмий бекиткен. Ал Алматы облусундагы Жамбыл районунда... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ак-Ордонун тургуну үйүн бузууга келген сот аткаруучулар алдында өз өмүрүнө кол салды

Бишкектин Ак-Ордо-3 конушунун жашоочусу үйүн бузууга келген сот аткаруучулардын көзүнчө өз өмүрүнө кол салды. Бул тууралуу Бишкектин тегерек-четиндеги конуштарда салынган үйлөрдү документтештирүү иштерине аралашкан активист Мирбек Осмонов Фейсбук баракчасына жазды. Анын "Азаттыкка" ырасташынча, бүгүн, 21-апрелде сот аткаруучулар айыл чарба багытындагы жерлерге салынып калган деген төрт үйдүн жашоочуларын чыгарууга аракет кылышты. Учурда окуя болгон жерге Тез жардам келип, өзүнө кол салган адамга жардам көрсөтүүдө. Читать дальше...

Azattyk.org 

ФБР башчысы Пател The Atlantic басылмасын сотко берди

АКШнын Федералдык тергөө бюросунун (ФБР) башчысы Каш Пател The Atlantic басылмасына каршы 250 миллион долларлык доо арыз менен сотко кайрылды. Доого себеп болгон макалада Пател «ичимдикке берилгени», кызматтык милдетин аткара албай турганы, коомдук коопсуздукка коркунуч жаратары жазылган. Ошондой эле ал АКШнын Юстиция министрлигинин этикалык эрежелерин бузганы белгиленген. Макаланын автору Федералдык тергөө бюросунун ичиндеги анонимдүү булактарга таянып Пател бир нече жолу өзгөчө кырдаалдарда табылбай калганын жазган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Мамлекеттик ишканаларга электр транспорт жабдууларын сатып келүү жоболору жөнөкөйлөтүлдү

Министрлер кабинети мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга, ошондой эле мамлекеттик үлүшү 50% ашкан компанияларга электроунаа инфратүзүмүн өнүктүрүү үчүн керектүү жабдыктарды жана тейлөөнү сатып алуунун жол-жоболорун жеңилдетти. Премьер-министр Адылбек Касымалиев кол койгон жарлыкка ылайык, өлкөнүн жашыл экономикага өтүүсүн тездетүү жана электр кубаттоочу станциялардын кеңири тармагын түзүү боюнча чаралар көрүлдү. Мындан тышкары 2022-жылы күчүнө кирген мамлекеттик компаниялар үчүн сатып алуулар... Читать дальше...

Azattyk.org 

Amnesty International Кыргызстанда журналисттерге басым уланып жатканын билдирди

Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму 21-апрелде жарыялаган жылдык баяндамасында дүйнө жүзүндө, анын ичинде Борбор Азияда жарандык коомго кысым күчөп жатканын билдирди. State of the World’s Human Rights деп аталган документте Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүндө укук жана эркиндик чектелип жатканы белгиленет. Уюмдун маалыматына ылайык, Кыргызстанда бийлик Kloop, Temirov Live жана «Айт, айт десе» сыяктуу көз карандысыз медиа долбоорлорду «экстремисттик» деп тааныган, алардын материалдарын... Читать дальше...

Azattyk.org 

22-апрелдин аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

25-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо, Көк-Арт, Чоң-Ашуу ашууларында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. 22-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз Талас... Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусиянын "көзөмөл реестрине" кирген кыргыз жарандарынын саны 93 миңден ашты

Кыргызстандын 93 миң 693 жараны Орусиянын көзөмөл реестрине киргизилген. Бул 2026-жылдын 12-мартындагы маалымат экенин Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин консулдук бөлүмүнүн башчысы Бакыт Асаналиев "Акипресс" агенттигине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, реестрге кирген жарандардын саны улам өзгөрүп, система жаңыланып турат. Башкы консул Орусиянын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарын миграциялык мыйзамдар менен жакшылап таанышууга чакырды. Анын белгилешинче, ушул тапта бул өлкөдө 472 миңден ашуун кыргызстандык иштеп жүрөт. Читать дальше...

Azattyk.org 

Министрлик дарыгердин айлыгы тууралуу маалыматтарга түшүндүрмө берди

Саламаттык сактоо министрлиги дарыгерлердин айлык акысына байланыштуу социалдык тармактарга жарыяланган маалыматтарга байланыштуу түшүндүрмө берди. Министрликтин бюджеттик саясат жана финансылык анализдөө башкармалыгынын башчысы Клара Өскөнбаева соцтармактарда жарыяланган квитанция тууралуу маалымат март айынын айлыгы экенин, ал эми жогорулатылган маяна 1-апрелден тартып эсептелип, айдын соңунда берилерин билдирди. "Интернет мейкиндигинде медицина кызматкерлеринин маянасы боюнча квитанциянын сүрөтү... Читать дальше...

Azattyk.org 

УКМК 100 миң доллар пара талап кылууга шектелген милиция кызматкерлери кармалганын кабарлады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 21-апрелде маалымдагандай, Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысы жана ыкчам кызматкери чет элдик банк эсептери аркылуу пара талап кылуу жана опузалоо фактысы боюнча кармалды. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, бөлүм башчы жана ыкчам кызматкер Орусия жаранынан баңгизаттарды мыйзамсыз сатуу боюнча кылмыш ишинде жазасын жеңилдетүүгө көмөк көрсөтүү үчүн 9 млн рубль (100 миң АКШ доллары өлчөмүндө) талап кылышкан. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кудрет Тайчабаров соттун чечими менен үй камагына чыкты

“Бишкек” эркин экономикалык аймагынын мурдагы директору Кудрет Тайчабаров Бишкектин Ленин райондук сотунун чечими менен бүгүн, 21-апрелде үй камагына чыкты. Бул тууралуу анын жакындары "Азаттыкка" билдирди. Маалыматты адвокат Памир Суранбаев дагы ырастады. Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2025-жылдын ноябрь айында Тайчабаровду уюшкан кылмыштуу топтор жана мүчөлөрү менен байланышта болгон деген негизде кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин (Уюшкан топко катышуу) 2-бөлүмү менен айып тагылган. Читать дальше...