World News in Kyrgyz

Министрлер кабинети тышкы карызды башкаруунун жаңы стратегиясын бекитти

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “2022-2024-жылдарга мамлекеттик карызды башкаруунун стратегиясын бекитүү жөнүндө” токтомго кол койду. Бул тууралуу Финансы министрлигинин сайтында жазылды.


Ал документте тышкы жана ички карызды төлөө, алуу жана башкаруу иш-чаралары жазылган.


Кыргызстандын саясий чөйрөсүндө, социалдык тармактарда өлкөнүн тышкы карызы талкууланып жатат. 29-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентте сүйлөп жатып, эгер Кыргызстан аласадан убагында кутула албаса, айрым объектилерди башкаруу укугу "башка бирөөлөрдүн колуна өтөрүн" айткан.


1-июлда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков социалдык тармактагы баракчасына тышкы карыз тууралуу жазганы үчүн милиция бөлүмүнө жеткирилген. Саясатчы сурактан 2-июлга караган түнү саат 2ден кийин чыкты.


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2-июлда "Кабар" агенттигине курган маегинде тышкы карыз төлөнбөй калат деген коркунучка негиз жоктугун баса белгилеген.


Өлкөнүн мамлекеттик карызы 2022-жылдын 28-февралына карата 5 млрд. 182 млн. доллар экени кабарланган. Анын ичинен ички карыз 817 миллион доллар болсо, мамлекеттин тышкы карызы 4,3 миллиард долларга жеткен.


Тышкы карыз өлкөнүн ички дүң өнүмүнө карата 53,70% түзгөн. (TSh)




 

Читайте на сайте