World News in Kyrgyz

COVID-19: Бишкек мэриясы шаарда абал туруктуу экенин билдирди

Бишкекте коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу. Бул тууралуу бүгүн 7-июлда “Азаттык” радиосуна борбор калаанын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева билдирди.


Анын айтымында, COVID-19 диагнозу коюлгандар соңку эки аптадан бери кайра каттала баштады, алардын көбү амбулатордук негизде дарыланууда:


“Эң көп дегени бир күндө 38 адам катталды. Негизинен аларда оору жеңил эле өтүп кетүүдө. Дарыгерлер даяр. Дары-дармек жетиштүү”.


COVID-19 эпидемиясы Кыргызстанда 2020-жылдын мартында башталып, 2022-жылдын май айында оору дээрлик катталбай калган. Бул инфекция 200 миңден ашуун кыргызстандыкка жукту, алардын 3 миңге чукулу көз жумду. Ооруну жугузуп алгандар жана каза болгондор Бишкекте эң көп катталган. (RK)




 

Читайте на сайте