Карачиде демонстранттар АКШнын консулдугуна кирип барууга аракеттенди. Тополоңдо кеминде сегиз киши өлдү
Пакистандын Карачи шаарындагы АКШнын консулдугунун имаратына демонстранттар чабуул коюп, бир нече киши набыт болду. Алар имараттын терезелерин талкалап, айрымдары колдоруна Ирандын жогорку руханий лидери, аятолла Али Хаменеинин сүрөтүн көтөрүп жүргөнү кабарланды. Эркин Европа/"Азаттык" радиосунун кабарчысы жеринен билдиргендей, демонстрацияны "Имамия" деп аталган студенттер уюму уюштурган. Полиция менен демонстранттар ортосунда ок атышуу болгону маалымдалды. Каза тапкандар арасында демонстранттардын өкүлдөрү бар. Читать дальше...