Орусияда Владимир Путин 5-президенттик мөөнөтүнө расмий киришти. Инаугурацияга дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары чакырылганы менен Еврошаркеттин көптөгөн өлкөлөрү, Британия аземге катышкан жок. Прокурорлор соттон Олжобай Шакирди жети жылга кесүүнү сурады. Адвокаттар жазуучунун күнөөсү жоктугун кайталап, аны актап, камактан чыгарууну өтүндү. Кримтөбөл Камчы Көлбаев менен мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдун мамлекетке алынган бир нече мүлкү аукционго коюлду.
7-майда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.
Ысык-Көлдүн жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар бузулууда. Бул жаратылышты коргоо аймагына салынган курулуштарды аныктоо боюнча комиссиянын чечими менен болуп жатканы айтылды.
2-май күнү Сузак районунда 3000 бала катышкан “Урааным Манас” кароо-сынагы өтүп жаткан маалда “Хундай Портер” автоунаасы тоодон ылдый жүрүп кетип, андан 30дай мектеп окуучусу жабыркады. Алардын ичинен он сегизи ооруканага жаткырылып, бешөө оор абалда экенин маалым. "Арай көз чарай" программасында окуучулардын массалык иш-чараларга катышуусу жана балдардын коопсуздугу талкууланат. "Азаттыктын" студиясында билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев, "Манас" театрынын жетекчисинин... Читать дальше...
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын блогер Айнура Сагынбаева тууралуу билдирүүсү коомчулукта ар кыл пикир жаратты.
Чечестандын башчысынын 16 жаштагы уулу Адам Кадыров дагы жаңы кызматка барып, Гудерместеги "Орусиянын атайын отряд университетинин куратору" болду.