15-майда Словакиянын премьер-министри Роберт Фицого кол салуу болду. 59 жаштагы өкмөт башчы Гандлова шаарындагы жыйындан кийин көчөдө жергиликтүү тургундар менен учурашып жаткан маалда ага бир нече ок атылган. Колунан жана курсагынан жараат алган Фицо тик учак менен жакынкы ооруканага жеткирилип, ага бир нече саатка созулган операция жасалган. Ок аткан 71 жаштагы киши дароо кармалды. Ички иштер министри кол салууга саясий жүйө себеп болгонун билдирди. Кызматта турган же мурдагы жогорку деңгээлдеги... Читать дальше...
Бишкектеги бир мандаттуу Свердлов округунда кайра шайлоо өтө турган болду. Буга чейин сот, анын артынан Борбордук шайлоо комиссиясы бул округдан келген депутат Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарган.
Кыргызстанда акыйкатчы институту толук көз каранды эмес. Бул тууралуу акыйкатчы Жамиля Жаманбаева "Азаттык" менен болгон маегинде билдирди. Акыйкатчы менен "Кемпир-Абад" иши боюнча камалгандардын арыз-даттануулары, өлкөдөгү адам укуктарынын абалы, акыйкатчынын иши боюнча суроолорго жооп берди.
17-майда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев парламентти камакта жаткан мурдагы бажычы Райымбек Матраимовго байланышы бар адамдардан “тазалоо” иштери аяктаганын, бирок алар мамлекеттик кызматтарда дагы деле бар экенин билдирди.
13-майда Казакстандын соту аялын өлтүрүүгө айыпталган мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаевди 24 жылга эркинен ажыратты. Салтанат Нукенованын өлүмү коомчулукту Борбор Азия өлкөлөрүндө аялдар кабылган зордук-зомбулук жана өлүм менен аяктаган учурлар тууралуу сөз кылууга аргасыз кылды.
УКМК 2021-жылы Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидеринин орун басары болуп Гуля Кожокулова шайланган жагдайды иликтеп жатат. 16-майда фракциянын экс-депутаты Орозайым Нарматова ушул жагдайга байланыштуу атайын кызматта үч саат күбө катары сурак берип чыкканы белгилүү болгон.