Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Кара-Бак айылынын тургуну Эрали Төлөмүшов 26-ноябрда “Азаттыкка” кайрылып, ушул жылдын 12-октябрында үч ую талаада оттоп жүрүп, Тажикстан тарапка өтүп кетсе, аны кошуна өлкөнүн чек арачылары айдап кеткенин билдирди.
“Чек арада тосмо жок, ошол жакта оттоп жүрүп, арыктын аркы тарабына өткөн экен. Тажикстандын чек арачылары айдап кетти. Ушу күнгө чейин кайтарып бербей жатышат. Айыл өкмөткө, райондук бийликке кайрылдык. Натыйжа болбоду. Өз алдыбызча сүйлөшсөк, "акча төлөсөңөр чыгарып беребиз" деп жатышат. Читать дальше...