Гүлнара Каримованын иши боюнча швейцариялык банкка айып тагылды
Швейцариянын прокуратурасы таасирдүү кардарларды тейлөөгө адистешкен Lombard Odier банкын арам акчаны адалдоого айыптады. Бул тууралуу Financial Times басылмасы жазды. Бийликтин маалыматына караганда, банк Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнара Каримованын кылмыштуу иштерин жашырууда бир нече жыл “чечүүчү роль” ойноп келген. Прокуратуранын версиясына ылайык, Каримова ири суммадагы акчаны “Офис” деп аталган швейцариялык уюм аркылуу адалдап турган. Каримова өзү бул айыптоолорду четке кагып келет. Читать дальше...