Тбилисиде полиция евроинтеграцияны жактагандарды күч менен таркатты
Грузияда полиция евроинтеграцияны жактагандардын алтынчы түн катары менен уланган акциясын күч менен таркатты. 3-декабрдын кечинде баш калаа Тбилисидеги парламент алдына миңдеген демонстранттар топтолду. Алар парламентти көздөй фейерверктерди жаадырышты. Анын алдында эле Грузия бийлиги пиротехника саткан дүкөндөрдүн ишин толкундоолор аяктагыча чектеген. Полиция акциянын катышуучуларына суу жана көздөн жаш чыгаруучу газ чачты. Айрым социалдык тармактарга чыккан видеолордон атылган октордун үнүн угууга болот. Читать дальше...