KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун жакындары ишкерди үй камагына чыгарууну суранып президент Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу кылышты.
16-декабрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынына ишкердин апасы Саибжамал Абдукаимова, иниси Сүйүнбек Ташов жана дагы бир тууганы Кумарбек Жоробаев катышты.
“Балам 11 күндөн бери тамак жебей атат. Арызданып кайсы жерге барсак да биздин сөздү эч ким укпайт. Эл шайлаган депутаттар, прокуратура, соттор бар эле. Читать дальше...