“Азаттыктын” кабарчылары түшүнүк кат жазгандан кийин милиция бөлүмүнөн чыкты
Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген “Азаттыктын” кабарчысы Максат Кутманбеков менен оператору Нурлан Бейшебаев түшүнүк кат жазган соң милиция бөлүмүнөн чыкты. Журналисттер 23-декабрда Бишкектеги №1 тергөө абагынын (расмий аталышы №21 тергөө изолятору) алдына чогулган камактагылардын жакындарын тартып жаткан маалда милиция кызматкерлери келип, алып кетишкен. Маалыматка ылайык, укук коргоо кызматкерлери чогулган адамдардын биринен алынган интервьюнун видеосун берүүнү талап кылышкан. Читать дальше...