Сот адвокат Самат Матцаковду 2-февралга чейин камакта калтырды
30-декабрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Туратбек Бекенов адвокат Самат Матцаковдун камактагы мөөнөтүн 2025-жылдын 2-февралына чейин узартты. Самат Матцаков анын бөгөт чарасын кароо боюнча соттук отурумда мыйзам бузулганын айтты. “Биринчи май райондук соту 30-ноябрда мени 30-декабрга чейин камакка алган. Ушундан улам менин камактагы мөөнөтүм өтүп кетти. Бул маселени өзүнчө караш керек болчу. Мен адвокаттарым менен кеңешип алууга уруксат сураганыма карабай аны четке кагып койду”, - деди ал. Читать дальше...