Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиевдин маалыматына караганда, Жетим-Тоодо кен чалгындоо иштери баштала элек. Министр бул тууралуу Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин 21-январдагы жыйынында билдирди.
Анын сөзүнө караганда, аталган кенде 3-5 млрд тонна темир запасы болушу ыктымал.
"Чалгынды "Кыргызгеология" ишканасы жүргүзөт. Буга болжол менен 1-2 жыл кетет. Жетим-Тоодо магнетит менен гематиттен тышкары алтын концентраты да бар деген божомолубуз бар"... Читать дальше...