Кыргызстанда орточо жашоо минимуму 7963 сом деп эсептелди
Кыргызстанда 2024-жылдын аягына карай орточо жашоо минимуму 7963 сом 72 тыйын деп эсептелинди. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет маалымдады. Маалыматка ылайык, калктын эмгекке жарамдуу катмарынын жашоо минимумунун өлчөмү 8906,5 сом болсо, пенсия курагындагылардыкы 7063 сом 85 тыйынды түздү. Балдардын жашоо минимуму 6768, 77 сом болгон. 2024-жылдын ортосунда Кыргызстанда жалпы жашоо минимуму 8144 сом деп эсептелген. 2023-жылдын үчүнчү кварталында Кыргызстанда жалпы жашоо минимуму 7756 сом деп эсептелген. Читать дальше...