Грузияда оппозициячыл саясатчы сегиз айга камалды
Грузияда оппозициядагы "Күчтүү Грузия" партиясынын лидери Бадри Жапаридзе сегиз айга эркинен ажыратылды. Маалыматка караганда, ага Кылмыш кодексинин 349-беренеси боюнча башкача айтканда, парламентте "Грузин кыялы" партиясы түзгөн убактылуу иликтөө комиссиясынын жыйынына баруудан баш тартканы үчүн айып тагылган. 23-июнда Тбилиси шаардык сотунун судьясы Звиад Шарадзе чыгарган өкүмгө ылайык, Жапаридзе мамлекеттик кызматтарда иштөө укугунан эки жылга ажыратылды. Мындай жаза буга чейин анын партиялашы... Читать дальше...