Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жекшембиде өлкө президенти Ицхак Герцогго ырайым сурап кайрылды. Маалыматты президенттин катчылыгынан ырастап, кийинчерээк Нетаньяху өзү элге кайрылуу менен чыкты.
Премьер-министрге каршы 2019-жылы коррупция, шылуундук жана кызмат абалынан кыянат пайдаланган деген айып тагылып, иши сотто. Тергөө ал мыйзамды бузуп белек-бечкек алган деп да айып таккан. Байкоочулар Нетаньяхунун өкүм чыкканга чейин ырайым сурап кайрылганы таңкалычтуу экенин айтып жатышат. Читать дальше...