World News in Kyrgyz

Өкмөт аппаратынын жаңы жетекчиси жана юстиция министри дайындалды

Мурат Мукамбетов Кыргызстандын өкмөт аппаратынын жетекчиси - министри болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка 13-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков кол койгону расмий кабарланды. 


Өкмөт аппаратынын мурунку жетекчиси Нурханбек Момуналиевди ишиндеги чекилик үчүн кызматтан алуу жөнүндө премьер-министр Сапар Исаков президентке быйыл 12-мартта сунуш киргизген. 


Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен Айнур Абдылдаева юстиция министри болуп дайындалды. Муруңку министри Уран Ахметов өз ыктыяры менен апрелдин башында кызматтан кеткен. (SE)

Читайте на сайте