World News in Kyrgyz
Январь
2024

Новости за 11.01.2024

Azattyk.org 

Идеяга башын сайган айдыңдар: Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлүшү

Кара-Кыргыз автоном облусунун негизделгенине быйыл 100 жыл болот. XX кылымдагы кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыбына келтирүү үчүн кыл чайнашкан күрөш. 1924-жылы Кара-Кыргыз автоном облусу кантип түзүлгөн? Республика түзүү идеясынын артында кимдер турган?

Azattyk.org 

Актауда ак куулар эмнеге кырылды?

Казакстандын Маңгыстау облусундагы Каракөл көлүндө 900дөй ак куу кырылып калды. Экологдор сууну изилдегенде өтө көп зыяндуу заттар табылганын белгилешет. Көл жээгиндеги Rixos Aktau мейманканасында текшерүү башталды.

Azattyk.org 

БУУнун соту Израилге каршы ишти карай баштады

Расмий Претория Израилди Газада палестиндерге каршы геноцид жүргүзүп жатат деп айыптаган. Тель-Авив андай дооматты четке кагып, ХАМАС радикал уюмуна каршы аскердик операцияда карапайым тургундарды коргоо үчүн бардык аракеттерди көрүп жатканын билдирүүдө.

Azattyk.org 

Кызылбаштагы таш шаар менен «арбак кыштак»

Юбилейный – совет доорунда көмүр казылган, шахтерлордун шаарчасы. Пермь крайынын Кызыл көмүр бассейнинде мындай жерлер көп эле. 2000-жылдардын башында көмүр казуу кирешесиз болуп, шахталар жабылган. Бирок кароосуз калган, талкаланган шаарчада шахтерлордун үй-бүлөлөрү жашоосун улантууда. Жарым-жартылай бузулган беш кабат үйлөрдү, көчөнүн ортосуна үйүлгөн бетон калдыктарды аралап, жергиликтүү тургундардын жашоо-турмушуна кызыктык.

Azattyk.org 

Гаага: Израилди геноцидге айыптаган арыз каралууда

Кыргызстанда “Ислам каржы кооперативи” деп аталган турак жай кооперативинин негиздөөчүсү камалды. БУУнун Гаага соту Түштүк Африка Республикасынын Израилге каршы арызын кароого киришти. Расмий Претория Израилди Газада палестиндерге каршы геноцид жүргүзүп жатат деп айыптаса, Тель-Авив аны четке кагууда. Кадамжай районунда биринчи топтогу майыптыгы бар, 23 жаштагы келин күйөөсүнүн ур-токмогунан каза тапты. Келин буга чейин да күйөөсүнөн таяк жеп, 10 күн ооруканага жатып чыкканы маалым болду.

Azattyk.org 

"Алексейдин сөөгү салынган мүшөк өлүкканада 1,5 жыл жаткан"

Орусиянын Иркутск облусунун Усолье-Сибирское шаарынын 20 жаштагы тургуну Алексей Кисличенкону жакындары 1,5 жылдан ашуун убакыт издешти. 2022-жылы жазында аны жаш курагы жеткендиктен аскерге алып кетишкен. Челябинск облусундагы танк бөлүгүнө бөлүштүрүлүп, кызматын ошол жакта өтөп жаткан.

Azattyk.org 

Каракөлдө ак куулар жапырт кырылууда

Казакстандын Мангыстау облусундагы Каракөл көлүндө 900дөй ак куу кырылып калды. Экологдор сууну изилдөө учурунда өтө көп зыяндуу заттарды тапты.

Azattyk.org 

"Бөйрөгүн алмаштыруу керек". Жазуучу Каримов жардамга муктаж

Кыргызстандык жазуучу, котормочу жана публицист Мирзохолим Каримов бир нече дарт менен алышып жатат. Азыр анын абалы начарлап кетти. Ал шарты жок темир павильондо жашап жатканын буга чейин маалымдаганбыз.

Azattyk.org 

"Милицияга жазган арызы каралган эмес". 23 жаштагы келин күйөөсүнүн колунан ажал тапты

Кадамжайда 23 жаштагы биринчи топтогу майыптыгы бар келин күйөөсүнүн ур-токмогунан каза тапты. Окуя 2-январда болгон. Маркумду жети жыл чогуу жашаган жолдошу сабагандан кийин эсине келбей каза болгон. Кылмышка шектүү кармалып, тергөө башталды.

Azattyk.org 

Казакстанда кызамык жугузгандар 30 миңден ашты

Ооруга чалдыккандардын көбү эмделбеген жаш балдар. Казак бийлиги жүз миллиондогон долларга вакцина сатып алынганын жарыялап, балдарын эмдөөдөн баш тарткан ата-энелерге нааразылыгын билдирди. Бийлик элге маалымат каражаттары аркылуу эмдөөнүн маанисин жайылтууну зарыл деп эсептейт.