World News in Kyrgyz
Январь
2024

Новости за 15.01.2024

Azattyk.org 

Мирзиёевди сындагандарды кандай тагдыр күтөт?

Өзбекстанда президентти сындаганы үчүн кеминде үч адам түрмөдө жазасын өтөп жатат. Дагы бир кишинин психиатриялык ооруканадагы "күчтөп дарылануу" мөөнөтү узарды. Ал өзү куландан соо экенин айтууда.

Azattyk.org 

Прага: Акыл таймашында алдыга чыккан шахматчылар

Кыргызстандык шахматчылар Чехиянын борбору Прага шаарында өткөн "Prague Open" эл аралык шахмат фестивалында ийгиликке жетишти. 8-январдан 12-январга чейин созулган бул турнирге 42 өлкөдөн 400гө жакын атаандаш катышты. Кыргызстандык үч шахматчы тең алдыңкы орундарга ээ болду.

Azattyk.org 

"Мени да атып салсын". "Кандуу каңтарда" каза болгондордун жакындары

15-январда Казакстандын борбору Астанада эки жыл мурдагы Январь окуясында каза болгондорду актоо талабы менен чыккан демонстранттарды полиция кармап кетти. Митингге жакындарынан ажыраган тургундар чыккан. Алар президенттик сарайдын алдында туруп, маркумдарды актоону талап кылышты.

Azattyk.org 

“Блогерлерди чектейт. Аккредитация алыш керек”. Депутаттар талаштуу мыйзам долбоорун артка кайтарды

Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору 15-январда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин күн тартибинен алынды. Депутаттар документте талаштуу беренелер көп деген негизде кайра иштеп чыгууну сунуштады.

Azattyk.org 

Эки жашар наристенин өлүмүнө ким жооптуу?

Бишкектеги №3 балдар ооруканасында чарчап калган эки жашар наристенин өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Дене табы көтөрүлүп, оор дем алып келген наристе 13-январда чарчап калган. Анын ата-энеси дарыгерлерди шалаакылыкка күнөөлөп, милицияга кайрылган.

Azattyk.org 

"Ооруканада эки саатта чарчап калды". Наристенин өлүмүн милиция териштирет

Бишкектеги Балдардын тез жардам ооруканасында чарчап калган эки жашар наристенин өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Дене табы көтөрүлүп, оор дем алып келген наристе ооруканада 13-январда чарчап калган. Анын ата-энеси дарыгерлерди күнөөлөп, укук коргоо органдарына кайрылган.

Azattyk.org 

24.kg агенттигинде тинтүү жүрүп, редакторлору сурак берип чыкты

Кыргызстандагы көз карандысыз маалымдоо каражаты - 24.kg агенттиги тинтүүгө алынып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери анын кеңсесине мөөр басып койду. Ошондой эле басылманын жетекчилери сурак берип чыкты.

Azattyk.org 

Төрт жылда 23 киши жанын кыйды. Абактардагы суициддин себептери

5-январда камактагы Арстан Алайдын (Арстанбек Абдылдаев) каза болушу жабык жайлардагы коопсуздук жана кармоо шарттарынын абалы тууралуу маселени күн тартибине чыгарды. Кыйноолорго каршы улуттук борбордун маалыматы боюнча, 2019-2023-жылдарда жабык мекемелерде жалпы жонунан 23 адам өз жанын кыйган.

Azattyk.org 

Кара-Кече: көмүргө байланган турмуш

Кыргызстандагы эң ири көмүр кендеринин бири Кара-Кечеде ушу тапта иш кайнап жаткан учур. Аталган кен өлкөдө керектелген көмүрдүн жарымынан көбүн камсыздайт. Кара-Кечеде кенчилер, айдоочулар, жумушчулар болуп жалпы жонунан эки миңдей киши тиричилик кылат. "Азаттыктын" "Данисте" берүүсү бул жолу Кара-Кечедеги жашоону көрсөтөт.