World News in Kyrgyz
Январь
2024

Новости за 30.01.2024

Azattyk.org 

Дүйнөдө кызамык жугузгандар көбөйдү

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, 2023-жылы Европада кызамык менен ооругандардын саны мурдагы жылга салыштырмалуу 45 эсеге көбөйдү.

Azattyk.org 

Корумду: Тамчы таза сууга зар болгон айыл

Ысык-Көлдүн Түп районуна караштуу Корумду айылында таза суу жок. Тоо бооруна жакын айылдагы төрт жүз түтүндөн ашык эл булактан, арыктан суу ичип, тиричилик кылууга аргасыз. 2017-жылы суу чыгарууга бюджеттен акча каралып, иш башталгандай болгону менен ал аягына чыкпай турат. "Ысык-Көл курулуш сервис" компаниясынын өкүлү иштин орчундуу бөлүгү бүткөнүн, эми калган каржылоону күтүп жатканын айтты.

Azattyk.org 

Балыкчы: Жабыркаган кыз ооруканада, милициянын башчысы кармалды

Балыкчыда 12 жаштагы кызды сүзүп кеткен деп шектелген шаардык милициясынын башчысы Бектур Осмонбаев эки айга камалып, иниси Бекзат Казаков эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошотулду. Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы Владимир Путинди президенттикке талапкер кылып каттады. Ал ушуну менен президенттикке бешинчи ирет аттанууда. Бишкекте коомдук транспортто жол кире кымбаттады. Автобус жана троллейбуста жол кире 11 сомдон 17-20 сомго, менчик автобус жана маршруткаларда 15 сомдон 20 сомго көтөрүлдү.

Azattyk.org 

"338 жер тилкеси эки ирет сатылган". Сокулукта тогуз киши жемкорлукка айыпталууда

Чүйдүн Сокулук районунда жер тилкелерин бөлүштүрүүдө, кайра каттоодо коррупциялык иштерге барган деген шек менен жергиликтүү кеңештин төрт депутаты, айыл аймагынын кызматкерлери - жалпы тогуз киши кармалды. Алардын адвокаттары, жакындары комментарий бере элек.

Azattyk.org 

Жемкорлукту адилет сот, ачык коом, иликтөөчү журналисттер жеңет

Transparency International эл аралык уюму 2023-жылдагы Коррупцияны кабылдоо индексин чыгарды. Кыргызстан рейтингде 26 упай алып, өзгөчө көңүл буруш керек деген өлкөлөрдүн катарына киргизилди.  Өткөн жылы Кыргызстан жалпы 100 баллдан 27 упай топтогон эле.

Azattyk.org 

Футбол башчылары кызматтан кетти. Азия Кубогунун сабагы

Кыргызстандын Футбол бирлигинин президенти кызматынан кетерин билдирди. Аны менен кошо аткаруу комитетинин курамы да алмашары белгилүү болду. Бул чечим Катарда өтүп жаткан Азия кубогундагы Кыргызстандын оюндарынын ийгиликсиз жыйынтыгын талкуулаган чогулушта кабыл алынган. Кыргыз командасы Азия кубогунда тайпадан чыкпай калды.

Azattyk.org 

Уран казып, кооптуу бактерия жасалган жашыруун шаар

Казакстандагы Степногорск шаары СССР маалында коркунучтуу бактериологиялык курал чыгарылып турганда эң жашыруун жер деп саналган. 1990-жылдары Казакстан-АКШ ортосундагы макулдашууга ылайык, өтө кооптуу өндүрүш токтогон.

Azattyk.org 

"Түрмөгө чирители деген ой жок". Бийлик журналисттерди "тарбиялагысы" келеби?

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун журналисттердин камалышы боюнча пикири талкуу жаратты. Өкмөт өкүлү 29-январда "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" талкуусунда ушул айдын башында камалган 11 журналистти бийлик "тарбиялоо" үчүн камаганын айткан.