Самат Матцаков кармалышын адвокаттык иши менен байланыштырды
29-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери камакта жаткан ишкер Имамидин Ташовдун жана үч жылга эркиндигинен ажыратылган Аскат Жетигендин адвокаты Самат Матцаковду кармап кетти. Мунун алдында анын Бишкектеги үйүндө тинтүү болду. Самат Матцаков журналисттердин суроолоруна жооп берип, ага Кылмыш-жаза кодексинни “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгонун, бирок тергөөчүлөр үйүнөн Имамидин Ташовдун ишине байланыштуу төрт дискти алып кеткенин айтып, мунун баарын кесиптик ишмердиги менен байланыштырды. Читать дальше...