Милиция абактын алдына чогулгандарды тартып жаткан “Азаттыктын” кабарчыларын алып кетти
Бишкектеги №1 тергөө абагынын (расмий аталышы №21 тергөө изолятору) алдына чогулган камактагылардын жакындарын тартып жаткан “Азаттыктын” кабарчысы Максат Кутманбеков менен оператору Нурлан Бейшебаевди милиция кызматкерлери Бишкектин Октябрь ички иштер бөлүмүнө алып кетти. Бул тууралуу кабарчылар билдирди. Маалыматка ылайык, журналисттер чогулган адамдардын биринен интервью алган. Милиция кызматкерлери тартылган видеону берүүнү талап кылып, андан соң милиция бөлүмүнө алып кеткен. Бишкек шаардык... Читать дальше...