Бишкекте Социал-демократтардын дагы бир талапкери кармалганы кабарланды
13-январда Социал-демократтар партиясынан Бишкек шаардык кеңешине талапкер Анарбек Катаганов кармалганын партиянын дагы бир мүчөсү Кадыр Атамбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Катаганов телефон аркылуу аудио билдирүү жөнөтүп, аны милиция кызматкерлери кармап кеткенин айткан. Андан бери Катаганов менен байланыш жок экенин белгиледи. “Анарбек Катаганов биздин катарыбызга жакында эле кошулуп, Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо 41-катардагы талапкер болуп кирген. Анын күтүүсүз жана негизсиз кармалышы ... Читать дальше...