World News in Kyrgyz
Март
2024

Новости за 14.03.2024

Azattyk.org 

АКШ: 170 миллиондон ашуун киши ТикТоксуз калабы?

Бээжин АКШнын ТикТокко байланышкан мыйзам долбоорун сындады. Конгресстин Өкүлдөр палатасы 13-мартта өлкө аймагында кытайлык популярдуу тиркеменин ишин чектөөнү караган документти жактырган. АКШда кыска видеолорго адистешкен ТикТокту 170 миллиондон көп киши колдонот.

Azattyk.org 

Президент Жапаровдун абактагы Бекназаровго, депутат Атазовго берген жообу

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттиги менен болгон соңку маегинде коомчулуктун талкуусуна айланган саясий маселелер боюнча пикирин билдирди. Ал Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандардын кайрылуусуна жооп берип, Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун парламенттеги сөзүнө да токтолду.

Azattyk.org 

Сталиндин каарына калган гректер

1937-1949-жылдары СССРде жашаган гректер репрессияга - массалык камоого жана атууга туш болгон. Алар Краснодар аймагынан, Крымдан, Абхазиядан жана Ажариядан депортациянын үч жолку толкунуна кабылган. Сталин режиминин убагында мамлекеттик террордон кеминде 75 миң советтик грек жабыркаган.

Azattyk.org 

Газaга гумжардам жеткирүүнүн аракети

Ачарчылыкка кабылган Газага деңиз коридору менен 200 тонна жардам алып бараткан кеме сапарын улантууда. БУУнун палестин качкындарына жардам берүү агенттигинин өкүлү Израилди эл аралык коомчулуктун гуманитардык аракеттерине жолтоо болбоого чакырды. Израил парламенти бюджетке согушту каржылоого кошумча каражат киргизүүнү жактырды.

Azattyk.org 

"Гумжардам жеткирүү маселени чечпейт". Газадагы кырдаал

Газага деңиз аркылуу 200 тонна жардам алып бараткан кеме сапарын улантууда. БУУнун агенттигинин өкүлү Израилди эл аралык коомчулуктун гуманитардык аракеттерине тоскоолдук кылбоого чакырды. Ал арада Израил парламенти согушту каржылоо үчүн бюджетке кошумча каражат киргизүүнү жактырды.

Azattyk.org 

Кыргызстан энергетикалык кризистен кантип чыгат?

Ушул тапта Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү эң төмөнкү деңгээлге чукулдап калганы белгилүү. Токтогулдагы суу 6,5 млрд метр кубдан төмөн түшсө ГЭСте авариялык абал жаралат. Энергетика министрлиги 8-марттан баштап өлкөдө пландуу өчүрүүлөр токтогонун жарыяласа дагы чектөөлөр толук алына элек.